Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

29-августта Лондондо Паралимпиадалык оюндар башталды. Кыргызстандан майып балбан Эсен Калиев гана катышууда.

Эгемен өлкө болгону кыргызстандык спортчулар паралимпиадага бешинчи ирет катышууда.

Эл аралык спорт чебери Эсен Калиев Лондон паралимпиадасына алгач ирет катышып жатат. Ал 30-августта 52 кило салмакта чалкасынан жатып, оордук көтөрүүгө же пауэрлифтинг боюнча күч сынашат.

Кыргызстандык майып спортчулардын айрымдары эл аралык мелдештерге, паралимпиадаларга катышып жүрүшкөнү менен алар камкордукка алынган эмес.

Өлкөнүн дүлөйлөр жана сокурлар бирикмесинин жетекчиси Калык Мамбетакуновдун пикиринде, майып спортчулар мамлекет тарабынан колдоого алынбай келүүдө.

- Паралимпидалык оюндар спорттун 20 түрү боюнча өткөрүлүп жүрсө, кыргызстандыктар 4 оюндарда тең спорттун пауэрлифтинг боюнча гана катышкан. Ал эми дүйнө жүзүндө майыптар спортту өнүгүп, алардын көңүлү өсүп, дүйнөлүк рекорддорду жаңыртып келүүдө. Атүгүл Борбор Азия өлкөлөрүндө да паралимпиадалык комитеттер түзүлүп, максаттуу иш жүргүзүүдө. Өзбекстан майып спортчуларына ар жылы 400 миң доллар бөлсө, Азербайжан 800-900 миң доллар берет. Бизде адис-машыктыруучулар да, шарт да жок.

Кыргызстанда майып спортчуларга өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай келатканын Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров да белгилеп, өлкө боюнча Бишкекте бир гана спорт мектеби бар болгонун айтты:

- Бишкек шаарында 6 спорт мектеби болсо, ошонун бирөө майып спортчуларга арналган. Бул мезгил талабы, себеби дүйнө жүзүндө майып спортчуларга көңүл бурулуп, алардын чеберчилиги өсүп баратат. Ушул агымдан биз артта калып баратабыз. Каражат маселеси кыйын болсо да майыптарга соопчулук кылууга ниет кылган демөөрчүлөр да табылбай келет.

Жакшы шарт түзүлсө, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытуучу майып кыз- жигиттер арбын. Алардын бири Роман Ѳмүрбеков Франциянын жана Шериктеш өлкөлөрдүн эки жолку чемпиону болгон.

Ооруну жеңип, чемпион болгон

Кырсыкка кабылып, эки буту тең басууга жарабай калган жетиөгүздүк Жыргалбек Балбаков спорт менен машыгуу жашоого болгон үмүтүн кайра жандырганын айтып, майыптарды спорт менен машыгууга үндөдү.

- Ооруга жеңдирип, чүнчүп жашагандан көрө, спорт менен машыгып, алдыга бир максат коюп, үмүт менен жашоо керек. Биздей майыптарга өкмөттүк деңгээлде камкордук көрүлсө, анда биз Кыргызстанды дүйнөгө таанытат элек. Өзүбүз менен өзүбүз болуп, мелдештерге барарда гана машыга калып, бизге көңүл бурулбай келет.

"Атайын олимпиада” уюмунун жетекчиси Канат Мамбеталиевдин айтымында, майып спортчулар үчүн атайын спорт жайлары, имараттар жокко эсе. Алар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн билген спорт адистери да табылбайт.

- Бул мезгил талабы. Кыргызстанды эл аралык аренага тааныта турган балдар бар. Аларга шарт түзүп, камкордукка алуу гана зарыл. Майыптарга ылайык спорт залдары, адистер да жок.

Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркулов:

- Майыптарды социалдык жактан коргоо боюнча марафондор өткөрүлүп жүрөт. Анда чогулган каражаттын бир үлүшүн майып спортчуларды колдоого жумшаса, алар спорт менен ден соолугун чыңдап, келечекке болгон ишеним отун жандырат эле.

Бишкекте майып спортчулар менен өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Аднан Жабраилов гана натыйжалуу иштеп келетат.

Майып спортунун күңгөй-тескейи

Кыргыз жергесинде майып спортчулар 1990-жылдан тартып ийгилик жаратып, союздук аренадагы мелдештерге катыша баштаган. Ташкент шаарында 1990-жылы өткөн СССРдин чемпионатында кыргызстандык Бакыт Бакчиев 57 кг салмакта оордук көтөрүү боюнча СССРдин чемпиону аталган.

1991-жылы оор атлетикадан майып спортчулар: Роман Өмүрбеков, Эдуард Гисов жана Александр Качалов да Шериктеш өлкөлөрдүн баш байгесинин ээси болушкан.

Өлкөдөгү майып спортчулардан Владимир Брязгунов 1994-жылы Санкт-Петербургдан Алматыга чейинки супермарафонго катышып, велоарабасы менен 9 миң км. аралыкты басып, мурдагы 15 союздук республиканы аралаган. Анын эрдигин баалап, Орусиянын ошол мезгилдеги президенти Борис Ельцин “Каармандык ордени” менен сыйлаган.

Кыргызстанда 1992-жылы майып спортчулар клубу түзүлүп, 1994-жылы өзүнчө федерация болуп, Эл аралык паралимпиадалык комитетке мүчөлүккө кабыл алынган. Ошондон бери Атланта паралимпиадасына Роман Өмүрбеков менен Ниязбек Чалиев катышса, 2000-жылдагы Сидней паралимпиадасына да Роман Өмүрбеков менен Эдуард Гисов барып, Кыргызстандын намысын коргоду. Афина паралимпиадасына Роман Өмүрбеков, Шовкат Мугалимов жана Эдурад Гисов катышкан. Бээжин паралимпиадасына да Роман Өмүрбеков катышып, ийгилик жарата алган эмес.

Майыптар спорту адамдардын психологиялык теңсиздигин жоюуга багытталган. Паралимпиада оюндары үчүн атайын спорт түрлөрү тандалып, даңазалуу чемпиондор да чыгып, ооруну жеңип келүүдө.

Аталышы англичандардын parapledgia деген сөзүнөн келип чыккан. Кыргызча «кол-буттун шалдыгы» дегенди билдирет. Бул мелдешке алгач омуртка оорусунан жабыркагандар катыша баштаса, кийин башка оорулардын айынан да майыптыкка чалдыккандар катышууга өткөн. Паралимпиаданы «Олимпиада менен катар» деп түшүнүүгө да болот.

Паралимпиада – дарыгердин ачылышы

Майыптардын спорт чөйрөсүнө баш багуусуна англиялык нейрохирург Людвиг Гуттмандын ролу чоң. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштун тушунда Сток-Мандевил госпиталында жүлүнү жабыркап майыптыкка чалдыккан согуш ардагерлерин топтойт.

Майыптарга дарылык терапия жүргүзүү кезинде жаа тарттырып, бастырып, айтор, спорт чөйрөсүнө жетелейт. Ошентип ал жарым жан ардагерлерге спорт тармагына жол ачык экенин сездирген соң мелдеш өткөрүүгө бел байлайт.

Алгачкы спорттук мелдеш 1948-жылга туш келип, госпиталдын атынан Сток-Мандевил деп аталып, кары-картаңдар, согуш ардагерлери жана майыптар катышат. Ошондон тарта мелдеш жыл сайын өтө баштайт.

1960-жылы Сток-Мандевил мелдешинин 9-жолкусу Римдеги Олимпиада оюндарына удаа өтөт. Иш жүзүндө бул алгачкы Паралимпиадалык оюн болуп калат да, ага 23 өлкөдөн 400 майып спортчу катышат.

4 жылдан соң майып спортчулардын Эл аралык спорттук уюму түзүлүп, 16 өлкө мүчө болот. 1964-жылы Токио Паралимпиадалык оюндарында расмий түрдө туу көтөрүлүп, гимн ойнолот. Мелдештин расмий эмблемасы да ушул жылы жарык көрөт. 1976-жылдан бери кышкы жана жайкы оюндары өтүп келет. Кезектеги Паралимпиадалык оюндар Лондон олимпиадасына улай Лондондо өтөт.

Ооруга жеңдирбей тарыхта калгандар

Паралимпиадалык оюндарда бир канча эрдиктер жаралып келет. Италиялык Роберто Марсон Токиодо (1964-жылы) жеңил атлетика боюнча 2 алтын медаль жеңип алган. Ал ошол эле учурда сууда сүзүү жана фехтование менен да машыкчу. 4 жылдан соң Израилде ал спорттун аталган 3 түрү боюнча 9 медаль утуп алган.

Торонто-1976. Бул мелдештин каарманы, канадалык 18 жаштагы Арни Больд болгон. 3 жашында 1 бутунан айрылган Больд бийиктикке секирүү боюнча дүйнөлүк рекорд койгон (186 сантиметр). 1980-жылы бул рекордун 196 сантиметрге жеткирген.

Сидней-2000. Австралиялык сууда сүзүүчү Сиобхан Пейтон — акыл-эсинин өсүшү жагынан өзү теңдүүлөрдөн артта калган спортчу. Дүйнөлүк рекорддорду жаратып, 6 ирет алтын медаль тагынган.

Афины-2004. Америкалык Триша Зорн (көзү сокур) 40 жашында өзүнүн 55-медалын утуп алган. Ал 6 ирет Паралимпиадалык оюндарга катышып, 9 ирет дүйнөлүк рекорд жаңырткан.

Бээжин-2008. Оскар Писториус (Түштүк Африка республикасы) протездүү жөө күлүк Бээжиндеги Паралимпиадалык оюндарда чемпион аталган. Бул анын 3-жолку чемпион болгону эле. Оскар 11 айында тубаса дарт менен 2 бутунан тең айрылган майып спортчу.

Жайкы паралимпиада спорт түрлөрү

Паралимпиадалык оюндардын программасына 20дан ашуун спорт түрү кирген.
Оор атлетика (пауэрлифтинг)
Жеңил атлетика
Жаа атуу
Сууда сүзүү
Көрүүсү начарлар үчүн дзюдо
Веложарыш
Теннис (коляскада)
Фехтование (коляскада)
Футбол, 7 кишиден
Баскетбол (коляскада)
Мылтык атуу
Отуруп ойнолуучу волейбол
Регби (коляскада)
Бий (коляскада)
Голбол
Стол тенниси
Парус спорту жана башка

Лондон паралимпиадалык оюндары спорттун 20 түрү боюнча өткөрүлүп жатат. Паралимпиадага 165 өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү чектелген 4 миң 200 спортчусу катышууда, оюндар 9-сентябрда жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG