Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Кыргызстандык Евгений Феймандын коло медалы


Бишкектеги Кожомкул Каба уулу атындагы спорт сарайы.
Бишкектеги Кожомкул Каба уулу атындагы спорт сарайы.

20-июнда Германияда дзю-до боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Е.Фейман үчүнчү орунду ээледи. Адашкан Айталиева будо-каратэ боюнча Бишкектин чемпиону болуп калды. Азия футбол конфедерациясынын президентинин милдетин аткаруучу болуп кытайлык Чжан Цзилон дайындалды.


Дзю-додон дүйнөлүк коло байге

20-июнда Германиянын Франкфурт шаарында дзю-до күрөшүнөн ардагерлер, спорт чеберлери арасында дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Мында кыргызстандык Евгений Фейман үчүнчү орунду ээледи.

Ал 100 кг. салмактан жогору балбандар менен таймашып, француз, румын атаандаштарын жеңди.

Финалга чыгуу үчүн күч сынашууда германиялык Харди Виттигуга алдырып койду.

Кыргызстандык спортчу Фейман коло медал үчүн күрөштө чехиялык Виталий Байкаловду жеңип, үчүнчү орунду камсыз кылды.

Мөрөй талашууга 49 өлкөдөн миңден ашуун спорт чеберлери катышты.

Жаза аткан мерген

Ушул эле Германия өлкөсүнүн Мюнхен шаарында 20-июнда ок атуу боюнча дүйнө Кубогунун мелдештери аяктады.

Мында кыргызстандык мерген Руслан Исмаилов ийгилик жарата албады.

Ал жел мылтыктан 10 метрден ок атууда 584 упай топтоо менен 128 мергенден 97-орунда калды. 50 метрден атууда деле бутага таамай тийгизе албады.


Жеңилүү дагы өзүнчө тактика

Ар дайым Кыргызстандын грек-рим күрөшүнөн балбандары ийгилик жаратып, буга күйөрмандар дагы көнүп калышкан.

Бул жолу Астанада Казакстандын президентинин Кубогуна командалык таймашуу болуп, кыргызстандык жигиттер жеңилүү ызасын тартып калышты.

Кыргызстандык балбандардын ийгиликке жетпей калуусунун себептери тууралуу өлкөнүн грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмазбек Касенов “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү.

- Бул атайын тактиканын бир түрү десек болот. Балдарды атайын сактап, аярлап, жаракат алып калуусунан кооптонуп, күзүндө Стамбулда өтө турган дүйнө чемпионатына басым жасап жатабыз. Себеби анда биринчи орундан сегизинчи орунга чейин Лондон олимпиадасына жолдомо берилет. Эң негизги таймашуу күздө болот.

Мөрөй талашууга 16-Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөнов, Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев, 16-Азия оюндарынын күмүш медал ээси Каныбек Жолчубеков, Азия оюндарынын эки жолку коло медал ээси Жанарбек Кенжеев, Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Азат Бейшебеков, Азат Эркинбаев жана Мурат Рамонов катышты.

Алматынын алтын, күмүшү

20-июнда Алматыдан жеңил атлетчилер жеңиш менен кайтып келишти. Өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында, Алматыдагы эл аралык мелдеште 9 медал утуп келишти.

Кыз-келиндердин эстафеталык жарышында кыргызстандык жөө күлүктөр марага биринчи келишти.

100 жана 200 метрге жарышта Дмитрий Ильин марага экинчи келди.

Найза ыргытууда Дмитрий Назаров менен кыздардан Екатерина Старикова күмүш байгелүү болушту.

Мындан сырткары 5 спортчу үчүнчү орундарды ээледи.

Адашкан Айталиева - чемпион

20-июнда Бишкекте чыгыш спорт өнөрү - будо-каратэ боюнча Бишкектин биринчилиги болду.

Кыздардан Адашкан Айталиева Бишкектин чемпиону аталды.

Уландардан Айдар Бактыбек уулу, өспүрүмдөрдөн Тимур Дүйшекеев баш байге утту.

Жаштардан Ызат Теңирберген уулу айырмаланды.

Азия футболу: бийлик алмашуу

Азия футбол конфедерациясынын президентинин милдетин аткаруучу болуп кытайлык Чжан Цзилон дайындалды.

Өлкөнүн футбол федерациясынын башкы катчысы Нуртазин Жетибаевдин айтымында, ФИФАнын президенттигине талапкер болгон катарлык Мохамед Бин Хаммам коррупциялык аракеттери боюнча доолор текшерилип жаткандыктан, АФК жетекчилигинен убактылуу четтетилди.

Президенттин милдетин аткаруучу кытайлык Чжан Цзилондун Азияда футболду өнүктүрүүгө чама-чаркы жетеби деп футбол адистери кабатыр болууда.

59 жаштагы Чжан Цзилон Бээжин олимпиадасында спорттук директор болуп, уюштуруучулук жөндөмү менен таанылган.

Мындан сырткары 2006-2010-жылдары футболдон дүйнө Кубогунун уюштуруу комитетинин мүчөсү болгон. Ошондой эле Азия футбол конфедерациясынын каржы комитетин дагы башкарып турган.

Футболдон өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов катарлык Мохамед Бин Хаммам Азияда футболду өнүктүрүүгө салым кошуп, реформа кылганын белгилеп, анын аракети бааланбай, кайра күнөөлөнүп жатканына кейиди.

- Ошентсе да Кытайда футбол өнүгүп жатканын белгилеп, Чжан Цзилон өз көмөчүнө күл тартпай, коңшуларын тегиз ойлосо экен, - деп кошумчалады Б. Кадыркулов.

Ысык-көлдүктөрдүн алгачкы жеңиши

Кыргызстандын футболуна кезек берели.

Жогорку Лигада тогузунчу беттешүүлөр өткөрүлдү.

Былтыркы чемпион Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы Бишкектин “Алга” клубун 3:0 эсебинде жеңди. Алар упайлардын айырмасы боюнча экинчи катарда баратат.

Биринчи орунда келаткан Бишкектин “Дордой” командасынын учурда 20 упайы бар.

Үчүнчү катардагы Канттын “Абдыш-Ата” клубу 16 упайга ээ.

Караколдо “Ысык-Көл” командасы 9 оюндан кийин алгачкы жеңишке жетти.

Алар Оштун “Алай” командасын кабыл алышып, 2:0 эсебинде утту.

Мында ысыккөлдүк футболчулар Алексей Азизов менен Азамат Мендибаев айырмаланды.
XS
SM
MD
LG