Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Стамбулда дүйнө чемпионаты курч маанайда өтүп жатат


Архивден: Мурат Саралинов жана Канатбек Бегалиев
Архивден: Мурат Саралинов жана Канатбек Бегалиев

12-сентябрда Стамбулдагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык үч балбан жеңилүү ызасын тартып калышты. 13-сентябрда да үч кыргыз жигити мөрөй талашка чыкты.

Учурда дүйнөлүк спорт күйөрмандарынын көңүлү Стамбулда өтүп жаткан грек-рим жана эркин күрөштөрү боюнча дүйнө чемпионатына бурулуп турган кези. Бул дүйнө чемпионатында биринчи орундан алтынчы орунга чейин 2012-жылы өтө турган Лондон олимпиадасына жолдомо берилет. Жолдомо үчүн 104 өлкөдөн тандалган 900 балбан ат салышууда.

12-сентябрдагы алгачкы күнкү таймашууда кыргызстандык спорт күйөрмандары үмүт кылган Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Канатбек Бегалиев 66 кг. салмакта күч сынашты. Бирок Бегалиев килем үстүнө 4 ирет чыгып, үчөөндө жеңип чыкканы менен жарым финалга чыгуу үчүн таймашууда америкалык Жастин Лестерге 7:6 эсебинде уттуруп коюп, Лондон олимпиадасына жолдомо албай калды.

Грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмазбек Касеновдун айтымында, Канатбек Бегалиев эң күчтүү атаандаштарга туш болуп, ирандык, швециялык, франциялык балбандарды утуп, күч-кубатын кетирип койду. Бирок Канатбектин дагы үч мелдеште Лондон олимпиадасына жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар.

- Канатбек алгачкы атаандашы ирандык Сандип Ядаваны 3:0 эсебинде утуп, андан кийин швециялык Шарур Варданянды 9:0 эсебинде жеңип алды. Сегизден бир финалда Бээжин олимпиадасында финалда алтын медалды алдырып койгон француз Стив Гинотке туш болуп, аны 6:1 эсебинде утуп алды. Жарым финалга чыгуу үчүн күч сынашууда америкалык Жастин Лестер менен катуу кармашып, 7:6 эсебинде бир упай айырма менен жеңилип калды.

55 кило салмакта Азия чемпиону Арсен Эралиев да америкалык Спенсера Мангону утуп, андан кийинки экинчи атаандашы венесуэлалык Хорхе Кардозону 3:1 эсебинде жеңди. Бирок чейрек финалда кытайлык Шуджинге 2:0 эсебинде алдырып коюп, Арсен да Лондон олимпиадасына жолдомо албай арманда калды.

96 кг салмакта күч сынашкан Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Азат Эркинбаев тунистик балбан Хассин Аяриге утулуп, мөрөй талашуудан четтеп калды.

13-cентябрда өлкө намысын 60 кг салмакта Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев, 84 кг салмакта Азия оюндарынын коло медаль ээси, жаштар арасында дүйнө чемпиону Жанарбек Кенжеев жана оор салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Мурат Рамонов коргоп жатышат.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин башкы адиси Касымкул Оболбековдун пикиринде, ушул үч жигит жана Данияр Көбөнов Лондон олимпиадасына жолдомо утуп алышы ыктымал.

Убакыттын айырмасы боюнча финалдык беттешүүлөр Кыргызстандын убактысы боюнча түнкү 1-2лерде болуп, жеңүүчүлөр аныкталууда.

14-сентябрда 74 кг салмакта 16-Азия оюндарынын чемпиону, былтыркы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Данияр Көбөнов таймашка чыгат.

14-сентябрда кыз-келиндер арасында эркин күрөш мелдештери да башталат. Мында кыргызстандык үч балбан кыз: 48 кг салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Мехринисо Нурматова, 63 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова жана 73 кг салмакта Азия оюндарынын коло байге ээси Яна Панова мөрөй талашат.

Кол күрөштүн Азия чемпионатынан 27 медаль

12-сентябрда Казакстандын Усть-Каменогорск шаарынан кол күрөш боюнча Азия чемпионатынан кыргызстандык спортчулар 27 медаль утуп, олжолуу келишти.

Анын ичинен ону алтын, алтоо күмүш жана 11 коло байге болуп саналат.

Өлкөнүн тандалма командасын Азия чемпионатына баштап барган кол күрөш федерациясынын президенти Жээнбек Мукамбетовдун айтымында, уландар, жаштар, эр-азаматтар, кыз-келиндер арасында 10 алтын, 6 күмүш жана 11 коло байгелүү болушту.

Бишкектик Вячеслав Абросимов эки алтын, Александр Ли бир алтын, бир күмүш, бир коло байге утса, кыздардан бишкектик Асел Бекбосун кызы, Элвира Аскербек кызы, аялдар арасында бишкектик Ольга Ярославцева, атбашылык Айнур Асанбекова Азия чемпиондору аталды.

Уландардан Чыңгыз Мамакеев, чоңдор арасында Геннадий Старостенко менен Анатолий Сахаров биринчи орунду ээлеп, Азия чемпиону болушту.

Түштүк Кореяда кыргызстандыктар мелдешти

12-сентябрда Түштүк Кореяда убактылуу иштеп жүргөн кыргызстандыктар өлкөнүн эгемендигинин 20 жылдыгына жана Курманжан Датканын мааракесине арнап, спорттук мелдештерди өткөрүштү.

Аркан тартыш, кол күрөш, 100 метрге чуркоо жана футбол мелдештеринде жеңип чыккандарга Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги баалуу сыйлыктарды тапшырганын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдалды.
XS
SM
MD
LG