Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:41

Апрелде ФИФА, же футбол ассоциациясынын эл аралык федерациясы түзгөн жадыбалда Кыргызстан 208 өлкө ичинен 195-орунду ээледи.

Бул - өлкө тарыхындагы эң төмөнкү көрсөткүч, футбол боюнча Кыргызстан коңшулаш өлкөлөрдөн ат чабым артта калып, атүгүл дүйнөдөгү эң жакыр жана туруксуз жай саналган Сомали, Эритрея, Папуа Гвинеядан кийинки орунга жылды.

Апталык "Өңүт" аналитикалык берүүсү футболдун азыркы дүйнөдөгү ролу жана кыргыз футболундагы жагдайды талдоого алды.

Туруктуу өнүгүүнүн жарчысы

Дүйнөлүк номуру биринчи спорт азыр эл аралык саясатка, бизнеске, дипломатияга жана тынчтыкка данакер болуп калды. Футбол расалар менен өлкөлөрдүн чек арасын бузуп, ак-кара-сары дебей, баарын командалык сезимге, тартипке баш коштурду.

Футбол аркылуу далай мамлекеттерге инвестиция келип жатат, чыгаан балдар өз өлкөлөрүн төгөрөктүн төрт бурчуна таанытууда.

“Оле-оле” деген футболдук чакырыкты дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, футболго ынтызар ар бир тестиерден бери жатка билет. Мына ушул футбол гимни аргентиналык тестиер Лионел Мессинин, африкалык Дидие Дрогбанын топко ышкысын ого бетер ойготуп, чебердин чебери болуп чыгышына себепкер болсо керек.

Атасы фабриканын жумушчусу, апасы үйдөгү көп бала-чаканын кир-когун жууган кадыресе аргентиналык бүлөдө чоңойгон, бекене бойлуу Лионелдин азыр номуру биринчи футболчу экенин эч ким талаша албас.

Ал эми өңү кара Дидиенин ата-энеси болсо Африканын Кот`д Ивуар, кыргызчаласак, Пил сөөгүнүн жээги деп аталган өлкөдө жумушсуз калып, Францияга жер которуп кетишкен. Азыр Дидие Лондондогу байманалуу “Челси” клубунун бай оюнчусу эмеспи. Дрогба киндик каны тамган жерине барганда аны кудайындай эле тосуп алышат.

Макаланын аудиосун бул жерден угуңуз:



Чек араларды булгаары топ бузган

80-жылдарга чейин өлкөлөр сыңары футбол да чек аралар менен бөлүнүп келген эле. Негизги атаандаштык Латын Америкасы менен Европа контитенти ортосунда жүрүп, ар тарап өз футболунун мыктылыгын далилдегенге далалаттанчу.

Латын Америкасыныкын көркөмдүккө жана жеке чеберчиликке негизделген жайдары футбол деп тамшанып жазышса, Европаны дене күчүнө жана тактикалык схемалардын алкагына салынган эсепчил футбол деп сыпаттап келишкен эле.

Лионел Месси

Лионел Месси

Ошол эле кезде Латын Америкасында Бразилия, Аргентина, Уругвай ортосунда кылымдан берки айыгышкан күрөш дале басылбай келатат. Эми бул үч грандга - дөө-шаага - башка мамлекеттер да тиш салып турган чагы. Ал эми дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилия тууралуу кандай асыл сөздөрдү айтса да жарашат.

Бразилиялыктардын “биз канча кааласак, ошончо гол киргизебиз, бизге болсо биз канча мүмкүнчүлүк бергенче гана гол киргизишет” деп ылакапка айланган учкул сөзүн эске салсак жетиштүү болоор.

Европада болсо спорт билермандары немис, британ, француз, испан жана италия футболунун бөтөнчөлүгүн бөлүп көрсөтмөй адат бар. Маселен, италиялыктардын коргонуу тактикасын бекем карманып, оңтоюн келтирип туруп каршы чабуул менен атаандашын баса калмайы аңыз кепке айланган. 1982-жылкы дүйнөлүк чемпионатта италиялыктар ушул тактикасы менен адегенде бразилиялыктарды, анан финалда немистерди утуп алышканы эсиңиздеби?

Ал эми Германия менен Британ футболчуларынын өзгөчө өжөрдүгүн, оюндун соңку секундга чейин, элестүү айтканда, кашык каны калганча салгылашканын белгилешет. Бул эки өлкөнүн курамалары болсун, же клубдук командалары болсун, акыркы минуталарда жеңишти өзүнө оодарып кеткени тууралуу толтура мисалдар бар.

1999-жылы Европа чемпиондор кубогунун финалында Англиянын “Манчестер Юнайтед” командасы менен Мүнхендин “Бавариясы” беттешкенде британдыктар мелдештин негизги убактысы бүтөөрүнө саналуу мүнөттөр калганда эсепти теңеп, ал эми кошумча убакытта чечүүчү гол киргизип, немистерди ыйлаткан бойдон кубокту олжолоп кеткени ар бир күйөрмандын эсинде чыгар.

80-жылдардан тарта дүйнөгө адегенде Африка футболу, кийин Азия футболу келип кошулду. Азыр клубдук командалар жагынан Европа эч кимди алдына салбайт эмеспи. Дал африкалык, латын америкалык жана азиялык чыгаан оюнчулар Европа, дегеле дүйнө футболуна жаңы дем, жигер, түс алып келди.

Футбол көп түрдүү болуп, тездик менен глобалдашты. Ар континенттин чеберлеринен куралган клуб күтүү атан саясатчылар жана миллиарддерлер арасында модага айланды. Футбол менен бизнес киндиктеш болуп калды.

Айрым европалык клубдардын бүджети Африкадагы, Азиядагы жана мурдагы СССР мейкиндигиндеги анча-мынча мамлекеттердин бүджетинен ашып түшөт. Маселен, дүйнөдө эң бай саналган "Манчестер Юнайтед" клубунун глобалдык брендин 2010-жылы Forbes журналы $285 млн долларга баалаган, ал эми клубдун жалпы наркын болжол менен эки миллиард долларга жакын деп чоттошкон. Жаңыдан тирдигип келаткан мамлекеттердин кээсинин жылдык бюджети 1 миллиард долларга да жете бербеси белгилүү.

Футбол саясий даражасы артканын ушундан билиңиз, континенттик же дүйнөлүк чемпионатты өз өлкөмдө өткөрөм дегенде президенти баш болуп, калгандары төш болуп, ичкен ашын жерге коюп, боо түшүп эле калышат.

Дүйнөлүк футбол федерациялар ассоциациясынын – ФИФАнын кеңсесин ат тезегин кургатпай үлкөн саясатчылардын жыртып барганы кадыресе көрүнүшкө айланды. Азыр ФИФАнын да, Европа футбол федерациялар ассоциациясынын - УЕФАнын да айласы кетип турган кез, өз жеринде чемпионат өткөрөм деп кезек күткөндөрдөн жол тийбейт.

СССРден эми чемпиондор чыгабы?

Эми берирээк, эски СССР аймагына келели. Жер шарынын алтыдан бирин ээлегенине карабастан, Советтер союзу футбол жагынан көрүнүктүү ийгиликтерге жетише албады. Европанын бир, Олимпия оюндарынын бир жолку чемпиону болгонун чоң жетишкендик катары баалоо болбос. Социалисттик футболдун артыкчылыгын далилдейбиз деп канчалык жан үрөшсө да, СССР футболу орточо деңгээлден өйдө көтөрүлө алган эмес. Ошондуктан СССР футболдон планета чемпиону болгончо Бразилия хоккейден дүйнө чемпиону болот деп такмаза кеп тарап да кеткени бар.

Советтик держава ыдырагандан кийин ар бир союздук республика эгемен футболуна ээ болду. Украинанын Шевченкосу, Беларустун Глеби Европада даң салып, өз эл-жерине атак апкелишти. Бирок курама же клубдук деңгээлде экс-советтик мамлекеттер мактангыдай ийгилик боло элек. Бир гана быйылкы Европа биринчилигинин жарым оюндары Украинанын шаарларында өтөөрүн айтуу менен чектелет окшойбуз.

Ал эми Борбор Азияга келсек, Казакстан Европа футболуна өтүп кетти да, азырынча атаандаштарына арзан упай тараткан команда болуп турат. Тажикстан, Түркмөнстан болжол менен бирдей деңгээлде турушат. Союзда экенде аталган эки коңшусу менен теңтайлаш абалда турган Кыргызстан болсо азыр, айылдык тапан балдар тамашалагандай, артынан биринчи келаткандар сабында.

Бирок Борбор Азияда 30 миллион калктуу Өзбекстандын дүбүртү улам катуу угулууда. Азия футболунда өзбектерди алдыңкы беш мамлекеттин катарында атай башташты. Жашоо шарты, экономикасынын абалы дээрлик бирдей деңгээлде турган Өзбекстан кандайча алдыга озуп баратат? Өзбек адиси Садык Номанов өз өлкөсүнүн ийгилик сырын ортого салууда:

- Футбол – миллиондогондор ышкыланган оюн экенин Өзбекстан жакшы түшүнүп, спорттун бул түрүнө атайлап көңүл бурганына 8 жылдай болду. Футболго эң биринчи кезекте жашыл майсаңдуу майдандар, кийим-кечек, топ, дарбаза дегендей инфраструктура талап кылынат. Өзбекстанда ошол 8 жыл мурда бардык райондордо футболдук командалар түзүлүп, өз ара беттешип, анда жеңгендер облустук деңгээлдеги мелдештерге катышсын деп өзбек президенти Ислам Каримов өзү жардык чыгарган. Ошондон тарта ар бир райондо футбол боюнча команда түзүлүп, аларды машыктырууга адистер тартылып, мыкты командаларды даярдоого европалык адистер да чакырылган. 12-15 жаштагы балдардын футбол командалары уюшулуп, район-облустарда беттешип, жеңген мыкты футболчулар кийин республикалык деңгээлде ойноп калышты. Ар бир командага жергиликтүү бийликтер кийген кийиминен баштап ойногонго топ, атайын футбол талаасын куруп бергенге милдеттендирилген. Азыр эми ошол 7-8 жыл мурун 12 жашында ойноп баштаган өспүрүмдөр арасынан өзбек футболунун жылдыздары өсүп чыкты. Орусиялык алдыңкы бир нече клубда өзбекстандык мыкты футболчулар ойноп жатышат.

"Спорт – улуттун саламаттыгы, мамлекеттин намысы", - деп сөзүн уланткан Номанов мыкты спортчу белгисиз өлкөнү да таанытарын, бул жагынан борборазиялык мамлекеттердин да келечеги кең болооруна ишенээрин кошумчалады.

- Борбор Азиянын калкы чыйрак, ичкен-жегендери таза. Мисалы, Европага таза чүйгүн азыктар башка жактан ташылып келинет. Ал эми бизде баары өзүбүздөн чыгат. Бизден спорттун бардык түрүнөн, футболдон чемпиондор өсүп чыгууга бардык шарты жетиштүү аймак. Климаты, башка жагдайлары жагынан Борбор Азия Бразилияга эле окшош. Демек бул жактан сөз жок чемпиондор чыгат.

Уулум президент эмес, футболчу болсун

Айтору, футбол бир кезде таймаш гана болсо, азыр анын эл аралык саясат, дипломатия, бизнес, керек болсо тынчтыктын данакери катары миссиясы артуу гана үстүндө. Он чакты жылдар мурда негизинен эркектана гана барган стадиондордун жарымын аялдар менен балдар толтуруп калышты.

Өнүккөн өлкөлөрдө футболчулар жашыл майсаңга кичкентайларды колунан жетелей чыгып, алардын бул оюндун касиетин эртелей сезүүсүнө түрткүнчүк болуп жатканын байкайсыздарбы? Буга байланыштуу ФИФА президенти Зепп Блаттер былтыр уюмдун жылдык жыйынын ачып жаткан сөзүн эске сала кетели:

- Футбол бүткүл дүйнөдө чакан жамааттардан тарта чоң өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуп келатат. Өз кезегинде өнүккөн коом же жамааттар кошууну оюндун жылдан жылга жакшырышына шарт түзүп жатышат. Биз, ФИФА уюму ар кайсы өлкөлөрдөгү адамдарды бириктирип, спортко, ден соолукту чыңдоого болгон умтулуусун сүрөөнгө алуу аракетин көрүп жатабыз. Дүйнө жана футбол бири-бири менен тыгыз байланышта, экөөнү ажырата албайсың.

Дүйнөдө кайсы бир өлкөлөрдүн президенттерин мындай кой, мамлекеттин өзүн билбей калуу уяттуу деле иш эместир. Ал эми чыгаан футболчусун билбеген киши саналуу болсо керек. Мисалы, Португалиянын президентин билбейсиз, бирок бул мамлекеттин жараны Роналдуну ким билбейт? Аргентинанын мамлекет башчысын билбей койсоңуз эч ким бирдеме дей албайт, ал эми Мессини билбейм десеңиз осол болооруңуз ажеп эмес го. Демек балам президент болсун дебей, футболчу болсун дейт окшойбуз. Келгиле топ тебели, касиетиңден айланайын футбол.

Кыргызстан артынан санаганда алдыңкы топто

Эл аралык футбол федерациялар ассоциациясынын акыркы жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы эң соңку орунду ээледи. Өлкөдөгү футболчулар мындай жыйынтыкты футболдун көңүл тышында калганын көрүп жатышат. Мамлекет болсо футболду чыгашалуу спорт катары санап, каражат бөлбөй жатат.

Ар дайым футбол болсо ашыгамын,
А кудай, “Алга” утса деп шашыламын.
Таамай тээп, дарбазага топ киргизсең,
Тамагым айрылганча бакырамын!

Сен утсаң ошол күнү семиремин,
Күүлөнүп күлүк аттай элиремин
Бириңер Пеле болуп көрүнсөңөр,
Бириңерди Эйсeбио деп ийемин!

Бул 80-жылдарда Кыргызстандын "Алга" командасы атагы чыгып, бүткүл союздук деңгээлде ийгиликтүү ойноп турганда, анын күйөрмандарынын бири акын Байдылда Сарногоевдин жазган ыры. Саптарга Кыргызстандын футбол командасынын ар жеңишине төбөсү көккө жете кубанган, жеңилүүсүнөн күйүп-бышып күйүткө баткан күйөрмандын сезими ширелген.

Макаланын аудиосун бул жерден угуңуз:



Азыр болсо Кыргызстандагы футбол командалары, дегеле кыргыз футболу күйөрмандарына мындай шык бербей калгандай.

Азыркы кыргыз футболу тууралуу кеп козгосоң буга эмне болгон деп карашы ыктымал. Илкип такыр артта калган африкалык мамлекеттер катарында калды деп айтышка намыс чыдабайт.

Эл аралык футбол федерациялар ассоциациясынын акыркы жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы дүйнөдөгү 208 мамлекеттин ичинен 195-орунду ээледи. Кыргызстан футбол тарыхында мындай төмөн көрсөткүч болбоптур.

Акыркы алты жылдын ичинде Кыргызстандын курама командасы 80 позицияга ылдыйлаган. Бул катарга Борбор Азия өлкөлөрүнөн 142-орунду ээлеген Түркмөнстан араң эле жакындайт. Калган коңшулардын курамалары болсо алдыңкы 130 мамлекеттин ичинен орун алышкан.

Кыргызстандын футбол федерациясынан курама команданын мынчалык кейиштүү абалы эмнеден? ФИФАнын рейтинги улуттук кураманын ойногон оюндарынын жыйынтыгына жараша түзүлөт. Ал эми Кыргызстандын курама командасы акыркы бир жылдын ичинде 1 гана оюн ойногон. Ал матч да Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу турниринде Өзбекстан менен болуп, анда кыргызстандыктар өз майданында 0:3 эсебинде утулуп калган.

Кыргызстан Футбол федерациясы ФИФАнын рейтингинде ылдыйлап кеткенин ушундайча жүйө менен түшүндүрүүгө аракет кылуу менен курама команданын болуп көрбөгөндөй кризиске кептелгенин мойнуна алышат.

Алардын айтымында, улуттук курама командага мамлекеттик бюджеттен бир да тыйын бөлүнбөйт экен. ФИФАнын Кыргызстандын футбол федерациясына бөлүп берген 250 миң доллардын эсебинен гана каржыланат. Бул каражат курама команданы кармоодон тышкары өспүрүмдөр машыкчу футболдук борборго, балдарды даярдап, турнирлерди өткөрүүгө каралган. Аталган федерациянын маалымат катчысы Канат Асенов коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бул каражаттын өтө аз экенин айтты:

- Мисалы, биздин бюджет 250 миң доллар. Ал эми Өзбекстандын федерациясынын казынасы 60 миллион доллар. Тажикстан да жакында эле 80 миллион доллар бергени дайын болду. Алар дароо бул акчага четтен жаңы тренер жалдап, бир топ иштерди жасап, өнүгүү байкала баштады.

Өлкөнүн курама командасынын башкы машыктыруучусу Мурат Жумакеевдин айтымында, каражаттын тартыштыгынан акыркы жылдары өлкөнүн чыгаан футболчулары тыштагы турнирлерге катыша албай калышты:

- Казакстан, Тажикстан сыяктуу Орто Азиядагы өлкөлөрдүн бири менен жолдоштук беттеш өткөрүү көп каражатты талап кылат. Командага болсо мындай беттештерди көп-көп өткөрүп туруш керек. Аз дегенде бир айда бир жолу болуп турса жакшы болот эле. Муну менен оюнчулар эл аралык деңгээлдеги чеберчиликке ээ болуп, өсүшмөк. Ал эми биздин футболчуларга азыр эл аралык тажрыйба жетишпей жатат.

Ал эми улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов акыркы жолку Өзбекстандын командасы менен беттешүүгө кантип даярданышканын мындайча эскерди:

- Футболдо майда нерсе деген болбойт. 2013-жылы боло турган мелдешке азыртадан даярданышыбыз керек. Өзбекстан менен болгон беттеште бизди эки жума мурун эле топтоп, даярдана баштадык. Бул болсо туура эмес. Анан 3-0 утулдук. Өзбекстан болсо биз менен беттешээрден мурун үч ай даярданып, Австрияга чейин барып келишкен. Ошондуктан мамлекеттин жардамы болбосо, биз эч кайда жыла алчудай эмеспиз.

Акча болсо - оюн болот

Өкмөткө караштуу Спорт жана дене тарбия агенттиги болсо курама командага акча бөлүүгө мамлекеттин шарты жок экенин ачык эле айтууда. Бул тууралуу аталган агенттиктин төрагасы Байгазы Кенжебаев казынадагы каражатка кичи футболду өнүктүрүүгө бир аз гана акча каралбаса, улуттук курама командага каржыланбай калганын белгиледи:

- Чынын айтканда чоң футболго мамлекет тарабынан каражат деле бөлүнүп, атайын программа деле жок. Биз бардык спорттун түрлөрүн тегиз караганга аракет кылабыз. Бирок жакшы жыйынтыкка ээ болгон спорттун түрлөрү катары күрөш, атлетика сыяктуу түрлөрү саналып жүрөт. Анын үстүнө футбол көп каражат талап кылган оюн.

Ошентсе да Футбол федерациясы оор абалдан чыгуунун амалдарын издеп жаткан сыягы бар. Федерациясынын баш катчысы Нуртазин Жетибаевдин айтымында, быйыл жайында улуттук кураманы казакстандык команда менен жолдоштук беттешүүгө алып барууга каражат табылды. Мындан башка Кыргызстанда эл аралык футболдук мелдеш өткөрүүгө да белсенип турушуптур:

- Мен азыр 9 өлкөгө кат жаздым. Анда Кыргызстанда эл аралык турнир өткөрүүнү каалап жатабыз. Ага коңшу Тажикстан, Түркмөнстан, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдү чакырып, анын жыйынтыгын ФИФАга билдиребиз. Ошонун негизинде эл аралык рейтингди көтөрүүгө болот.

Өлкөнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу Бообек Кадыркулов Совет учурундагы Кыргызстандагы футболдун абалын азыр эргүү менен эскерет. Ал кездеги футболду өнүктүрүү үчүн жасалган иштердин баары 20 жыл ичинде талкаланды деп капа болот Кадыркулов:

- Машыктыруучулардын деңгээли жылдан-жылга төмөндөп баратат. Спорт мектептин баары иштебей калган. Спорт комитет бир да чемпионат өткөрбөйт. Мамлекет деңгээлде атайын иштеп чыгылган футболду өнүктүрүү боюнча программа, концепция деген жок. Анан кантип өнүгөт?

Кыргызстанда Жогорку лигада араң сегиз клуб бар. Бообек Кадыркулов улуттук курама команданын чабалдыгын түпкү себебин дал ушул жагдайга байланыштырат:

- Эгерде өлкө чемпионаты күчтүү болсо, ошол жерде улуттук команда күчтүү болот. Балдар өз формасын жоготпош үчүн ойноп туруш керек. Өсүш керек. Былтыркы чемпионатка 5 эле команда катышты. Кимдин чемпион болоорун алдын-ала айтса болот. Мындай чемпионат башка өлкөлөрдө жок. Чемпионатта деле "Дордой", "Абдыш-Ата" жана "Алга" менен "Алай" салыштырмалуу жакшы оюн көрсөтпөсө, эптеп эле сүйрөлүп жүрөт.

Өз казанында кайнап келатат

Кыргызстандын Жогорку лигасында быйыл 8 команда ойной баштады. Алардын ичинен Бишкектин "Дордой" клубу менен Кант шаарынын "Абдыш-Ата" клубу гана туруктуу каржыланып, өз стадиону, футбол академиясы бар.

Өлкө чемпионатындагы жыл сайын финалдык оюндар ушул эки команданын арасында өтүп, "Дордой" алдына команда салдырбай келаткан. Эки жылдан бери бул салтты бузуп, Кочкор-Атадагы "Кыргызнефтегаз" ишканасынын "Нефтчи" командасы татыктуу атаандаш боло баштаган.

Бирок акыркы жылдагы "Кыргызнефтегаздагы" ички келишпестиктен улам бул команда азыр тарап кеткени айтылууда.

Буга чейин 6 команда араң чогултуп, аз жерден Жогорку лигада мелдештер өтпөй кала жаздаган. Федерациянын өкүлдөрү Бишкектин мэриясы каржылаган "Алга" командасы менен Оштун "Алай" командасынын кошулушу чемпионатка дем бергенин айтышат.

"Дордой" клубунун ээси Аскар Салымбеков өлкөдөгү футболдун деңгээлин өстүрүү үчүн командалардын санын көбөйтүп, атаандаштыкка шарт түзүү керектигин белгилейт:

- Ар бир облустун бирден команда болсо эле жакшы болот эле. Мен Ысык-Көлдүн губернаторуна кайрылдым, “Кумтөр” менен сүйлөшүп койчу, алар биздин миллиарддаган алтыныбызды алтындай да, акчалай да алып кетип жатышат. “Дордой” командасынын бюджети бир кезде 200 миң болгон, азыр 500 миң долларга чыгып жатат. Бир команданы чыгарууга 200 миңдей эле доллар керек. Ошону жасабай жатышпайбы. Биздин инсандарыбыз коттедждерди, хансарайларды салып жатышат, 200-300 миң доллардык машиналарды айдап жүрүшөт, эмне деген кымбат эстеликтерди орнотуп атабыз! Кыргызстан эстеликтердин мекени болуп калды.

Беш жылдан ашык Чехиянын "СК Метеор" клубунда ойноп келген футболчу Адилет Ибраев маселенин өзөгүн футбол тармагында жакшы уюштуруу, башкаруу болбой жатканынан көрөт.

- Европа абдан күчтүү менеджерлер бар. Алар футболдогу ар бир ишти уюштуруп, карап турушат. Кыргызстанда ушундай кесипкөй менеджерлер жетишпей жатат деген ойдомун. Бул футбол гана эмес, башка спорттун түрлөрүндөда байкалат.

Футбол адистеринин айтымында, Кыргызстанда таланттуу жаштар көп. Бирок алар Кыргызстандан материалдык жактан болсун, чеберчилик жактан болсун жарыбай турганын түшүнгөн соң башка өлкөлөрдүн жарандыгын алып, кетип жатышат.

Футбол өнүктүрүү үчүн бул оюнга коомчулуктун да, мамлекеттин да көз карашын түп тамырынан өзгөртүү зарыл дейт курама команданын башкы машыктыруучусу Мурат Жумакеев:

- Биздин улуттук, жаштар командасында таланттуу жаштар бар. Аларды тарбиялап, көңүл буруш керек. Себеби азыртадан даярдасак, булар баары бир биздин улуттук курамага барышат.

Бишкек чордонундагы “Спартак” стадиону бир кезде гүлдөп турчу дешет. Азыр ал жерден дабыш да угулбайт. Бирок кыргыз футболу өссө, бала-чака менен стадиондорго жыйылып барып, алгалап сүрөсөк деп эңсегендер саны үзүлгөн жок. Тек гана азыр ар жерде чогулуп, европалык клубдарды өзүнүкүндөй көрүп сүрөшөт. Биздин стадионго да майрам келээр акыры.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG