Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:40

Австриядагы жаштардын биринчи кышкы олимпиадасына кыргыз спортчусу да катышат. Жетим балдар үйүнө спортчулар жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Жаңы жыл алдында бильярд спортунун аралашма пирамида түрү боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды.

Бул өлкө биринчилиги спорт адистердин көңүлүн бурду. Себеби финалда дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев жеңилүү ызасын тартты.

Бул ирет Каныбекти 6:2 эсебинде спорт чебери Зайлан Адамов утуп, 2011-жылдагы өлкө чемпиону аталды. Бильярд боюнча өлкө чемпионатына Ала-Тоонун бардык аймагынан тандалган 64 спорт чебери катышты.

Ал эми 60 жаштан ашкан ардагерлердин бильярд мелдешинде бишкектик Карим Камалов жеңүүчү деп таанылды.

Кышкы олимпиадага жолдомо

2012-жылдын 13-январында Австриянын Инсбрук шаарында жаштар арасында биринчи кышкы олимпиадалык оюндар башталат. Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов айтымында, жаштардын биринчи кышкы олимпиадасына 16 жаштагы Зафар Шахмурадов чаңгы жарыштарына катышат.

Учурда Зафар устаты Александр Левданский менен акыркы камылгаларын Орусияда көрүп, алар менен бирге машыгууларды өткөрүп жатат.

Зафар Шахмурадов Орусиянын Сыктывкар шаарында өткөн эл аралык чаңгы мелдешерине катышкан. Быйыл Астана жана Алматы шаарларында өткөн 7-кышкы Азия оюндарында өлкө намысын коргоп, байгелүү орунга жетпей калган.

Жетим балдар үйүнө спортчулардан белек

29-декабрда Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын жамааты, быйыл жаштар арасында Азия чемпиону болгон балбандар жана алардын устаттары Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы жетим балдар үйүндө болду.

Алар спорттук жабдууларды белекке берип, жаңы жылы менен куттуктады. Бул саамалык тууралуу окуу жайдын жетекчиси Төлөсүн Ысыралиев “Азаттыкка” айтып, спортко шыктуу балдарды окуу жайга сыноосуз кабыл алаарын билдирди.

Жаңы жылдык веложүрүш

31-декабрда Бишкекте жаңы жылдык велосипед жүрүшү болот. Веложүрүшкө катышууну каалагандар саат экиде Ала-Тоо аянтына чогулуп, шаар көчөлөрү менен жаңы жылдык жүрүшкө чыгышат.

Финалы Ахунбаев жана Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде аяктамакчы. Веложүрүшкө катышууну каалагандар велосипединин дөңгөлүгүн жаңы жылдык жасалгалоого тийиш дешет мелдештин уюштуруучулары.

Москва да мыктыларды аныктады

Жаңы жылдын алдында Москва шаары менен Москва облусундагы эмгек мигранттары 2011-жылдын жыйынтыгын чыгарып, мыктыларды аныктады.

17 тармак боюнча жылдын мыктыларын “Мигрант Кыргызстан” гезитинин 11 адамдан турган атайын калыстар тобу аныктаган. Алардын катарында Жылдын мыкты спортчусу деп эркин күрөш балбаны Жаркынбек Байзаков аталды.

2011-жылдын мыкты спортчулары

Кыргызстандын 2011-жылдагы эң мыкты спортчулары жана машыктыруучулары аталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев маалымдады.

Спорттун олимпиадалык түрлөрүндөгү 2011-жылдын эң мыкты спортчу болуп грек-рим күрөшүнүн балбаны Арсен Эралиев табылды. Себеби ал быйыл жаштар арасында дүйнө биринчилигинде күмүш, улуулар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль утуп алды.

Быйыл да Азия чемпиону болгон велоспортчу Евгений Ваккер, Азия чемпионатында коло байге уткан боксчу кыз Ажар Жамгырчиева жана башкалар мыкты спортчу аталды.

Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрүндө быйыл кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээлеген Ольга Ярославцева эң мыкты спортчу деп таанылды. Спорттун улуттук түрлөрүнөн тогуз корголчу Мирлан Кудайбергенов жана көк-бөрү чебери Рустам Тыналиев мыкты спортчу катары урмат-сыйдын ээси болушту.

Каринанын максаты - Сочи олимпиадасы

Кыргызстандык көркөм муз тебүү чебери Карина Ураимова Чымкент шаарында өткөн Казакстандын ачык биринчилигинде коло байге утуп келди. Мында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын 120 спортчусу мөрөй талашты.

Карина 10 жашынан бери көркөм гимнастика жана муз тебүү спорту менен Москвада машыгып, жыл өткөн сайын чеберчилиги жогорулап, мелдештерде мөрөй алып жүрөт. Ал эки жылдан бери Кыргызстандын жарандыгын алып, өлкө намысын коргоп келет.

Башкы максаты 2014-жылы Сочи шаарында өтө турган кышкы олимпиадага жолдомо алуу экенин маалымат каражаттарына билдирди.
XS
SM
MD
LG