Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:11

Олимпиадага даярдыктар эми гана башталды


Лондон олимпиадасына төрт ай калды.
Лондон олимпиадасына төрт ай калды.

19-мартта Францияда, Казакстанда эл аралык теннис мелдеши башталды. Кант шаарында футболдон “Ала-Тоо кубогу” эл аралык турнири уланды.

19-мартта Алматыда эл аралык теннис мелдеши башталды. Мында жаш теннисчи Жамийла Дүйшеева биринчи беттешүүдө утушка ээ болду. Ал казакстандык Зарина Жумажанованы ири эсеп менен утуп, жеңишке жетти. Теннис турнири 25-мартта жыйынтыкталат.

19-мартта Франциянын Гонессе шаарында эл аралык теннис мелдеши башталды. Мында кыргызстандык Бермет Дуванаева өлкө намысын коргоп жатат. Бул турнирге 22 мамлекеттин 58 теннис чебери күч сынашууда. Бермет мындан бир апта мурда Франциянын Амене шаарында өткөн мелдешке катышып, биринчи беттешүүдө эле француз Келине Жесгуергеден жеңилип калган.

Нооруз: Көк-бөрү таймаштары

Бул күндөрү Бишкектеги Ак-кула ат майданында жааган карга, баткакка карабай Нооруз майрамына карата көк-бөрү мелдеши өтүүдө. Мында Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарынан тандалган 9 команда үч топко бөлүнүп, мөрөй талашууда. Бул мелдеш тууралуу "Азаттыкка" Көк-бөрү федерациясынын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиев билдирди.

Мындан сырткары Нооруз күнү улуттук спорт түрлөрү ат чабыш, жорго салдыруу, кунан жарыш, кыз куумай, тыйын эңмей, тогуз коргоол жана ордо мелдештери да өтөт.

Өкмөт Лондон олимпиадасын эми эстеди

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун дагы бир буйругу менен быйыл жайында Лондон шаарында өтө турган олимпиадалык оюндарга даярдыкты камсыз кылуу боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, анын курамына мамлекеттик чиновниктер, каржы, тышкы иштер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, коргоо жана өзгөчө кырдаалдар министрлер жана спорт жетекчилери, федерациялардын айрым президенттери кирди.

"Мындай олимпиадалык даярдыкты уюштуруу комитети мындан эки-үч жыл мурда түзүлсө натыйжалуу болмок. Лондон олимпиадасына төрт ай калганда даярдыкка көмөкчү боло албайт", - дейт Улуттук олимпиада комитетинин ардактуу президенти Эшим Кутманалиев.

Жөө күлүктөр сыналды

Бишкектеги Каражыгач сейил багында жеңил атлетикалык жарыштар болду. Бул мелдеш кыргыз спорт тармагын 32 жыл жетектеген Дөлөн Өмүрзаковду эскерүүгө арналды.

300 жөө күлүк миң метрден 3000 метр аралыкка чейин жарышты. Мелдештин мааниси 24-мартта Кытайдын Квингжене шаарында өтө турган кросс жарыштарынан Азия чемпионатына даярдыктар сыналды. Бул Азия чемпионатына Кыргызстандан үч жөө күлүк катышарын федерация жетекчиси Канат Аманкулов маалымдады:

- Азиянын кросс чемпионатына Наил Еникеев, Адилет Кыштообаев жана Дарья Маслова катышууга камылга көрүшүүдө.

Футбол: Ала-Тоо кубогу

19-мартта футбол боюнча “Ала-Тоо кубогу" аттуу эл аралык мелдеш уланды. Бул турнир тууралуу “Азаттыкка” футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди. Азырынча Канттын “Абдыш-Ата” клубу менен Казакстандын “Лашын” командасы топ баштап баратышат.

Турнир 21-мартка чейин Кант шаарында өтүүдө. Таймашка жалпысынан 8 команда катышып жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG