Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Жапониядан 50 спортчу келатат


23-майда Чолпон-Атада айылдык жаштар арасында “Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө” аттуу мелдеш башталды. Кыргызстандык марафончу Москвада мөрөй алды.

23-майда Бишкекте спорттук болжолдоп баамдоо боюнча “Жибек жолу-2012” эл аралык мелдеши башталды.

Турнирге Кыргызстан, Норвегия, Финляндия, Швеция, Дания, Швейцария, Латвия, Орусия жана Казакстан өлкөлөрүнүн 10 жаштан 50гө чейинки курактагы спортчулары катышууда.

Начар уккандардын Азия оюндары

24-майда Түштүк Кореянын борбору Сеулда кулагы начар уккан жарандардын арасында Азия оюндары башталат. Бул мелдешке Кыргызстандын 7 өкүлү сууда сүзүү, дзю-до жана үстөл тенниси боюнча катышат.

Кулагы начар уккан спортчуларды дүйнө чемпиону Арам Акопян баштап барды. Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү 3-июнда аныкталат.

Жел кайык байгеси

Жел кайык боюнча Казакстандын ачык биринчилигинде кыргызстандык 8 спортчу 2 алтын, 4 күмүш байгелүү болушту. “Луч” үлгүсүндөгү жел кайык жарыштарында бишкектик Азим Кылычбеков марага биринчи келди. “Оптимист” үлгүсүндөгү жел кайык мелдешинин жеңүүчүсү, бишкектик Мадина Гуланова болду.

Айылдык спортчулар атаандашууда

23-майда Чолпон-Ата шаарында спорттун 7 түрүнөн айылдык жаштар арасында “Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө” аттуу мелдеш башталды. Бул мелдештин негизги максаты айыл жергесинде спорту өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо экенин “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Жазгүл Аликеева билдирди.

23-майда күрөш, тогуз коргоол, кол күрөшү, ордо, волейбол, футбол жана жеңил атлетикадан мелдештер улантылды.

Республикалык айыл жаштарынын спартакиадасы 27-майда жыйынтыкталат.
Былтыр мындай мелдеш Баткен облусунун Кадамжай шаарында өткөн.

Марафончу Мох Москвада мөрөй алды

Кыргызстандык жөө күлүк Александр Мох Москва шаарында өткөн эл аралык марафондук жарышта марага үчүнчү келди. Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов маалымдаганына караганда, жөө күлүк Мох Москва марафонунда коло байгелүү болгону менен Лондон олимпиадасына жолдомо албай калды. Себеби ал ушул марафондук 42 км. 195 метр аралыкты 2 саат 18 мүнөттө чуркап өтсө, Лондон олимпиадасына жолдомо алмак.

Марафончулардан Юлия Архипова Лондон олимпиадасына жолдомо алып, даярдык көрүп жатат. Учурда кыргызстандык 12 спортчу Лондон олимпиадасына жолдомо алды.

Кыргызстандын биринчи эл аралык марафону

26-майда Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылында биринчи жолу Кыргызстандын эл аралык марафону өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” марафондун уюштуруучусу “Жапон-Кыргыз биримдиги” жаштар коомдук корунун жетекчиси Мелис Надыров билдирди.

- Кыргыз жергесинде алгач ирет өткөрүлүп жаткан марафонго дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн миңге жакын жөө күлүк катышканы турат. Марафондук аралыктан сырткары 5 жана 10 километрге жарыштар да болот. Мелдешти уюштурууга 1,5 миллион сомдой каражат жумшалууда. Марафондо марага биринчи келген кыз-жигиттер 150 миң сомдон байге алышат.

Жапониядан келип, марафонду өткөрүүгө көмөк көрсөтүп жаткан Шинжи Мацуданын айтымында, Жапониядан 50 спортчу бул мелдешке катышуу үчүн келишти.

- Мен дүйнө жүзүндөгү көп мелдештерди уюштурууга көмөк көрсөттүм. Мага Кыргызстан абдан жакты. Жаратылыш кооз, керемет экен. Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1600 метр бийикте тургандыктан бул марафон эң бийик жерде өткөн биринчи мелдеш катары тарыхта калат. Жапониядан атайын 50 жөө күлүк келди.

Иш-чара Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы дипломатиялык мамиленин 20 жылдыгына арналып, Кыргызстанга туристтерди тартуу максатын да көздөйт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG