Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Тыныбекова: Балдарга “күрөшөм” деп айтпайм


Астанада өткөн Азиялык грек-рим жана эркин күрөш боюнча турнирде кыргызстандык 18 балбандын ичинен экөө гана Лондон олимпиадасына жолдомо алышты. Алардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова.

Буга чейин Кыргызстандын эгемен тарыхында эркин күрөш боюнча кыздар арасынан бир да балбан олимпиадалык оюндарга барган эмес.

- Сөз башында өзүң тууралуу кеп салып берсең.

Айсулуу Тыныбекова: Мен Нарын облусунун Кочкор районунда жашайм. Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында төрөлгөм. Ал жерде беш жашка чейин болуп, кийин атамдын жумушуна байланыштуу кайра Кочкорго көчүп келгенбиз. Спортко өзүмдү билгенден бери кызыгам. Телевизордон таймаштарды көрүп, катышкым келчү. Бирок айылда мүмкүнчүлүк жок болчу. Борбордо ушундай каратэ, күрөш, бокс бар экенин угуп, ошого барып калганбыз.

- Бул жолку таймашта көптү үмүттөндүргөн балбандар мөрөйгө жетпей, жеңиш сенин колуңа тийген экен. Баратканда утам деп ойлодуң беле?

Айсулуу Тыныбекова: Баргыча биз Ысык-Көлдө, Кантта даярданып, машыгып, “жолдомо алыш керек” деген максатта жүрдүк. Ошого жараша тажабай, чарчабай, машыгып барган элек. Мунун баары буйруктан. Бирок биз жолдомону алабыз деп алдыбызга максат коюп барганбыз.

- Ким менен таймаш кыйын болду?

Айсулуу Тыныбекова: Финалда мен үчүн бир аз кыйын болду. Кичине күчүм жетпей калганын баары эле көргөндүр. Ал эми финалга чыкканга чейин анчалык деле кыйынчылык болгон жок. Финалда казак кыз менен күрөшкөн бир аз оор болду окшойт.

- Кыз келечекте эне болот, күрөш оор эмеспи? Кээде колу-бутуңду чыгарып, же оорутуп алган учурлар болушу мүмкүн да.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



Айсулуу Тыныбекова: Спортто бардыгы болот. Былтыр эле Ташкентке Азия чемпионатына даярданып жатып, 15-20 күн калганда акырын эле машыгып жатып, колумду чыгарып алгам. Бирок ага карабай чемпионатка барып, бешинчи орунду алып калган элем. Бирок анда башыбызды жерге салбай, кайра машыгып жатып ушул күнгө жеттик.

- Астанадагы таймашка барып келген тааныштарым сенин жеңишиңди жарыялап жаткан учурда күйөрмандардын арасында “Айсулуу, телефонуңду берчи, сени менен таанышкым келет” деп кыйкыргандар болгонун айтты. Айтсаң, балбан кыздардын күйөрманы болуп, арзыгандар көп болобу?

Айсулуу Тыныбекова: Андайлар бар. Тийишкендер да болот. Телефонду таап алып чалгандар бар. Аларга көп деле көңүл бурбайбыз да. Азыр телефон аркылуу эле "Агентке" кирип алып деле таанышса болот.

- Тааныша келгенде “балбанмын, күрөшөм” десең жигиттер чочубайбы?

Айсулуу Тыныбекова: Жок, мен балдарга “күрөшөм” деп айтпайм. “Күрөшөм” десең эле башкача кабыл алышат. Дароо эле корко башташат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG