Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:23

Азык-түлүктүн негизги түрлөрү ичинен дүйнөлүк базарда акыркы кездери кант баасы бир топ арзандады. Бирок бул көрүнүш Кыргызстанда али байкала элек.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму 5-май күнү азык-түлүктүн 55 түрү боюнча дүйнөлүк баалардын кезектеги жаңы бир айлык индексин жарыялады.

ФАОнун баамында, баалар сегиз ай бою ырааты менен туруктуу өскөн соң өткөн ай ичи өзгөрүүсүз калган. Бирок Азык-түлүк уюмунун башкы экономисти Абдолреза Аббасяндын “Азаттыкка” айтканына караганда, бул баалардын өсүшү токтоду дегенди туюндурбайт:

- Индекс бизге баалар маселен март айына салыштырмалуу бир аз жогорулаганын, ал февраль айына салыштырмалуу 2 пайызга төмөндүгүн көрсөттү.

Февралда азык-түлүк баасынын индекси рекорддук деңгээлге чыккан. Демек биз марттан бир аз жогору, февралдан 2 пайызга төмөн болуп турабыз.

Бул орточо гана баа жана ал өскөн жок дегенди туюндурбайт. Болгону глобалдык деңгээлден алганда, азык-түлүк баасы бир аз турукташты дегендик. Эгер сиз буудайды алсаңыз апрелде баа 4 пайызга, жүгөрүнүкү 11 пайызга өстү, канттын баасы болсо өткөн айда кыйла түштү. Күрүчтүн баасы бир аз арзандады, сүт азыктары, эт, май азыктарынын баасы жогору бойдон калууда.

“Азаттыктын” кабарчысынын сурамжылоосу көрсөткөндөй, мындан бир ай мурдагыга салыштырмалуу азык-түлүктүн түрүнө жараша базар бааларында арзандоо да, кымбаттоо да бар. Бирок дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү “саясий товар” катары эсептеген канттын баасы эмнегедир өзгөрбөйт турат.

Дүйнөдө арзандады, Кыргызстан аны сезген жок

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы баалар боюнча 4-майга карата жарыялаган мониторингде кумшекердин бир килосунун республика боюнча орточо баасы 63,7 сом деп көрсөтүлгөн.

Кумшекердин бир килограммы 63-65 сомго февраль айында да сатылып жаткан эле. Бирок кант боюнча эл аралык уюмдун эксперти Сергей Гудошниковдун “Азаттыкка” айтканына караганда, андан бери канттын дүйнөлүк баасы 30 пайызга арзандаган:

- Дүйнөлүк баа 30 пайызга арзандады. Бүгүнкү күнгө карата канттан таңкыстык жок, атүгүл анча көп болсо да артып турат. Ушундан улам баалар 30 пайыздын тегерегинде түштү. Азыр бир тонна кумшекердин ал багытталган өлкөгө жеткирилбегенден кийинки дүйнөлүк баасы 490 доллардын тегерегинде.

Баалар силердин тегеректе, Орусияда, Казакстанда да түштү. Бирок бул такыр эле кургуйга кулагандык эмес. Эки-үч жыл мурдагыга салыштырмалуу баары бир жогору. Быйыл февралда баа акыркы отуз жылдагы эң жогорку чекк жеткен. Ошол чектен акылга сыярлык деңгээлге төмөндөдү.

Быйыл январь-февралда кумшекердин бир тоннасынын дүйнөлүк баасы 750-800 долларга чаап барган эле. Жылына 125 миң тоннага чейин кант керектеген, бирок анын дээрлик 90 пайызын сырттан сатып ичип жаткан Кыргызстандын өкмөтү мындан улам Талас менен Чүйдө кызылчанын айдоо аянтарын кеңейтүү аракетин көрүп, ал эми жакындан тарта кант үчүн 12 пайыздык бажы салыгын жойгон. Бул өз кезегинде кызылча өндүрөбүз деген чүйлүк дыйкандардын нааразылыгын жаратып, алар нааразылыгын билдирип көчөгө да чыгышкан болчу.

Өкмөт бажы салыгынын жоюлушу убактылуу чара экендигин айтып, ал салык жергиликтүү өндүрүш башталуучу октябрь кайра киргизилерин убада кылган. Айыл чарба министри Төрөкул Беков болсо парламентте сүйлөгөн сөзүндө эгер бажы төлөмү алынбаганда, канттын баасы 80 сомдон ашмак деп ырастаган эле. Анткен менен дүйнөлүк баа төмөндөп, бул азырынча Кыргызстанда сезиле элек.

Бааны түшүрүүгө көнбөгөн Кыргызстан

Эксперттер кант менен дүңүнөн соода кылгандар арасында чайкоочулук күчтүү экендигин белгилешет. Монополияга каршы агенттиктин башчысы Бабырбек Жээнбеков “Азаттыкка" курган маегинде дүйнөлүк жана жергиликтүү баанын шайкештигин алар ушул аптада иликтеп көрөрүн айтып, кант Кыргызстанга негизинен бир өлкөдөн эле келип жатканына токтолду:

- Айырмасы бир-эки сом бар. Негизинен баа кармалууда. Анткени бизге кант көбүнесе Беларустан келип жатат. Беларустар бизге кант ташып жаткан фирмаларга былтыр же жыл башында белгилеген баа менен кой берип жатса керек.

Монополияга каршы агенттиктин башчысы кошумчалагандай, баанын түшпөшү балким өлкөгө мурдагы айларда эски баа менен киргизилген канттын кору түгөнө электигине да байланыштуу.

Алматылык экономист Канат Берентаев Казакстанда же Кыргызстанда болобу баа бир көтөрүлүп алгандан кийин кайра түшүүсү кыйын деп эсептейт:

- Бизде ушундай адат калып калган да. Эгер кайсыл продуктага таңкыстык жаралып, дүйнөлүк баа көтөрүлсө, биздеги баалар да өсөт. Ал жакта баа төмөндөсө, бизде бул кайталанбайт. Монополист болбосо деле биздикилер бааны түшүрүүгө көнгөн эмес.

ФАОнун башкы экономисти Абдолреза Аббасян “Азаттыкка” курган маегинде белгилегендей, кымбатчылык бардык жерде айдоо аянттарынын көбөйүшүнө алып барды, бирок алдыдагы айлардын аба ырайы түшүм жана баа үчүн аныктоочу фактор болот. Кокус аба ырайы начарласа, анда кымбатчылыктан качуу мүмкүн эмес:

- Эгер глобалдык деңгээлден карасак кырдаал морт бойдон калууда. Майдын ичинде жамгыр болбосо, менимче, 2011-2012-жылдарга баа баары үчүн кымбат болот. Албетте тамак-аш же эгиндин тикелей тартыштыгы жаралбайт. Азык-түлүк да, эгин да болот. Бирок баасы кыйла кымбаттайт.

Азык-түлүк уюмунун эксперттеринин болжолунда, доллардын курсундагы жана мунай баасындагы олку солкулук азык-түлүк, өзгөчө эгин баасынын кымбат бойдон кармалышына көмөктөшөт. Суроо-талап жогору бойдон калып жаткандыктан баанын стабилдешүүсү быйыл айыл чарба өндүрүшү канчага өсөрүнө жана эгиндин кору дүйнөдө канчага кыскарарына көз каранды болот сыяктуу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG