Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:27

24-март - Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргени боюнча, жыл сайын дүйнөдө 2 миллион адам кургак учуктан каза табат, алардын 80 пайызы ишке жарамдуу курактагылар.

Ал эми Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны азайганы менен, жугуу коркунучу кала берүүдө.

Назира бир канча жыл Орусия борбор шаары Москвада жашап жана иштеп келген. Тапкан акчасын үнөмдөө максатында тар батирде 8-9дан адам турушат. Кургак учук ага чогуу турган жигиттен жугуп калган экен:

- Москвада болгом. Ошол жерде чогуу жашаган бир бала кургак учук менен ооруду эле. Мурун-кийин кургак учук тууралуу маалыматым жоктугунан, мага жугуп калбайбы деп ойлоно бербептирмин. Ал жигит кеткенден кийин биз текшерилген жокпуз. Ошону менен туура бир жыл өттү. Кийин сентябрь, октябрь айларында оорум башталып калганын өзүм сездим, жөтөлүп, көкүрөгүмдөн какырык чыгып калды.

Кургак учук абактарда кеңири жайылган

Кургак учук абактарда кеңири жайылган

Мындай мандемге көңүл бурбастан жүрө берген Назира кыш мезгилинде катуу жыгылып, төшөктөн турбай жатып калат. Ошондо гана дарыгерге кайрылып, ага кургак учук деген диагноз коюлгандан кийин Бишкекти көздөй жөнөйт.

Ошентип Назира өз мекенине жетип, дарыланып баштаганча оорусу да өтүшүп кетиптир:

- Жаңы жылдан кийин катуу ооруп, дене табым көтөрүлүп, төшөктө жатып калдым. Ооруканага барып көрүнсөм, дарыгер кургак учук деген диагноз коюп, "дарыланышың керек, бул убакытка чейин эмне кылып жүрдүң" деп урушту. Анан дароо Кыргызстанга келип, ооруканага жаттым. Бул жерде дарыгер оору өтүшүп баратканын айтты.

Жашоо шарты, тамактануусу начар адамдар, мигранттар жана камактагы адамдар кургак учук жагынан коркунучтуу топко киришет.

Эл аралык уюмдардын колдоосу күч

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, өлкөдө кургак учукка чалдыккандар саны 100 миң адамга 95,8 киши туура келет.

2011-жылы кургак учукту жуктуруп алган жаңы 5300 адам катталган. Бул көрсөткүч он жылга салыштырмалуу бул дарт жуккандар саны бир топ азайганын көрсөтөт. Бирок ага карабастан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун критерийлери боюнча баары бир жугуу деңгээли бар экенин күбөлөйт.

Улуттук программа боюнча оорулуу адамга бир күндүк дары-дармегине 45 сом, тамак-ашына 56 сом бөлүнөт. Улуттук фтизиатрия борборунун баш директору Автандил Алишеровдун айтымында, бул каражат аздык кылат:

- 2003-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча бир оорулууга 56 сом тамак ашына, 45 сом дарыга бөлүнгөн. Мындан да аз алган ооруканалар бар. Ар бир кургак учук менен ооруган адам тамак-аш аркылуу 3600 килокалорий күнүнө алыш керек. Бүгүнкү күнү биздин эсептөөбүз боюнча ага 250 сом керек. Былтыркы акчаны быйыл да бөлүп атат, биз аны жеткире албай дагы эле ыйлап атабыз. Бул жагы бизде начар.

Өлкөдө кургак учукту жайылтпоо үчүн эл аралык уюмдар кыйла жардамдарды көрсөтүп келүүдө. Мисалы, Глобалдык фонд дары-дармектер менен камсыздайт.

Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун көзөмөлүндө дарыланган бейтаптардын ар бирине “Прожект Хоуп” коомдук кору тарабынан азык-түлүк берилип жатканын аталган долбоордун жетекчиси Давид Кокиашвили белгиледи:

- Эгерде кургак учук менен ооруган адам күнүгө дарылануусун үзбөй дарысын алып турса, айдын аягында алар азык-түлүк ала алышат. Ал баштыкта күрүч, май, шекер, чай жана башка бузулбай турган азыктар салынган. Азык-түлүктү кайсы үй-бүлөлүк борборунан дарыланышса, ошол жерден ала алышат. Бул иш-чара 2015-жылга чейин каралган, азыр ал өлкөнүн бардык региондорунда жүрүп жатат.

Ооруну өтүштүрбө!

Өпкөнүн кургак учугу менен ооруган адам дарыланууну үзгүлтүккө учураткан маалда оорунун дарыга көнүп, тоготпогон түрүнө өтүп кетүү коркунучун пайда кылат. Өлкөдө бүгүнкү күнү кургак учуктун бул түрү менен 1963 адам катталган. Бул оорулардын дарылануусу өтө кымбат жана узак убакытты талап кылат. Алардын айрымдары дары-дармектин жетишсиздигинен дарыланбай калууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева:

- Азыркы учурда кургак учуктун дарыга туруктуу түрү менен ооругандар көбөйүп жатат. 2012-жылы 100дөн 300гө чейин оорулуу дарысы жок калуу коркунучу турат. Биз өз генофондубузду сакташыбыз керек. Бул мамлекеттик деңгээлде иштелип чыгыш керек. Анткени баары эле каражатка барып такалып атат.
Жыл сайын дүйнөдө 2 миллион адам кургак учуктан каза табат, алардын 80 пайызы ишке жарамдуу курактагылар.

Кургак учуктун ачык формасы менен ооруган адамдан аба аркылуу оорулуу жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, катуу сүйлөгөндө тарайт. Калк арасында бул дарт тууралуу маалыматтын аздыгынан көпчүлүк ооруга дуушар болгондор Назира айым сыяктуу ооруу өтүшүп кеткенде дарыгерлерге кайрылышат.

Улуттук фтизиатрия борбор башчысынын орун басары Мырзакат Иманалиев оорунун алгачкы белгилерин атады:

- Алгачкы белгилери сасык тумоого окшош. Биринчи күндөрү жөтөлүп, алсырап, чыйрыгат. Акырындык менен жөтөлгөндө какырык пайда болот, бара-бара кан аралаш какырык чыга баштайт. Күндөн күнгө тамакка табити начарлайт жана түштөн кийинки убакта алсыроо күчөйт.

Эгерде адамда ушундай мандемдер пайда болсо, убакытты создуктурбастан үй-бүлөлүк дарыгерине кайрылышы керек. Какырыкты изилдөө акысыз жүргүзүлөт. Эгерде оору аныкталган болсо, бацилла микробу толук жоголгончо тыныгуусуз дарылануусу зарыл. Мына ушундай шартта гана кургак учуктан толук айыгып, көптөгөн адамдын өмүрү сакталып калат дешет адистер.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG