Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

“Жан дүйнө” радио түрмөгүнөн Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ильгиз Гилязетдиновдун Улуу Ата Мекендик согуш мезгилине туш болгон балалыгы тууралуу маегин сунуштайбыз.

"Азаттык": Сиздин балалыгыңыз Улуу Ата Мекендик согуштун кайнап турган учуруна туш келиптир. Ал күндөр эмнеси менен эсиңизде калды?

Ильгиз Гилязетдинов: Согуш башталардын алдында эл кадимкидей тоюнуп келаткан учур эле. Ал мезгил азыр деле менин көз алдымда турат. Жакшынакай куунак маанай өкүм сүрүп калган. Айрыкча 7-ноябрь, май майрамдары чоң шаан-шөкөт менен белгиленчү. “Согуш башталды” деген алаамат, суук кабар келгенде ошол айылдын жарык шамы өчкөндөй боло түштү. Жигиттер биринен сала бири кете баштады. 1942-жылы менин атам да кетти.

"Азаттык": Ошол мезгилде апаңыз айылдык байланыш бөлүмүндө иштечү турбайбы. Айылыңызга алгачкы “кара кагаз” келген мезгилди эстей аласызбы?

Ильгиз Гилязетдинов

Ильгиз Гилязетдинов

Ильгиз Гилязетдинов: Биздин аймакка “кара кагаз” 1941-жылдын ноябрь айларынан баштап келе баштады. Албетте, алгачкы жоготуу айылдаштарымдын жүрөк үшүн алды, кийин андай жаман кабар биринин артынан бири келе баштады. Биздин айылдан 460 адам кайтпай калды. Демек согуш бүткөнчө ушунча жолу өкүрүк, ушунча жолу ый чыкты. Албетте, “кара кагаз” байланыш бөлүмү аркылуу келет. Бирок аны угузуу жалгыз байланыш бөлүмүнүн кызматкери болуп турган апамдын колунан келбейт эле. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айылдын ардактуу карыялары чогулуп барып угузушчу. Бир окуяны эскере кетейин, ошол кездеги айылыбыздын кадырлуу кишилеринин бири Арстанаалы Осмонбековдун эки уулу согушка кетип биринчисине мурда эле кара кагаз келген экен. Аз өтпөй экинчи уулуна да кара кагаз келет. Аксакалдар топтолуп алып Арстанаалыны талаада эгин сапырып жаткан жеринен таап, жаман кабарды угуза албай кыйналып турушат. Алардын эмне айтканын түшүнгөн Арстанаалы “эми болору болуптур, эки уулумдан тең ажыраган экем. Бирок силер бул тууралуу энесине айтпагыла. Ал биринчи уулунун күйүтүн тартып бүтө элек. Муну укса жүрөгү жарылып кетет” деп жумушун улай берет. Кийин ал киши колхоздун жумушунда жүрүп жүрөгү кармап жыгылып, көзү өтүп кетет. Ошол кезде анын чөнтөгүнөн баласынын кара кагазы чыккан экен.

"Азаттык": Сиздин атаңыз канча жашында кетти эле?

Ильгиз Гилязетдинов: 37 жашында. Кийин ал дайынсыз жоголду деген кабар келди. Апам байкуш атамды өмүр бою күтүп жүрүп 1990-жылы эле каза болду. Биздин атабыздын өлгөнүн билгенибизге алты-жети эле жыл болду. Чет өлкөнү аралап жүргөн агамдын небереси кечээ жакында эле Ростов - на - Донуну коргоп курман болгондордун арасынан атамдын аты-жөнүн көрүп, сүрөткө тартып бизге жөнөттү. Биз өмүр бою күтүп жашаган атабыз согуш учурунда эле каза болгон экен.


Ильгиз Гилязетдинов бир катар советтик акындардын согуш тууралуу жазган ырларын кыргызча которгон. Алардын айрымдарын окурмандарга сунуштайбыз.

Константин Симонов, орус акыны

Күткүн мени!

Күткүн мени, келем кайтып

Күткүн чыдап садага.

Күт жамгыр жаап, жерде балчык,

Жадатканга караба.

Күт кышта да аппак кардуу,

Күт жайында күн ысык.

Күткүн мени, башкаларды,

Коюшса да унутуп.

Кат келбесе алыс жерден,

Күтө бергин күнү-түн.

Сен күтө бер, баары менден,

Үзүшсө да үмүтүн.

Күткүн мени, кайтып келем,

Зарыкканды эп көргүн.

Бекеринен күтпө деген,

Кимди болсо жек көргүн.

Мейли балам, мейли энем,

Менден такыр түңүлүп,

Достор келип кайгы жеген,

Меш жанына үйүлүп,

Ачуу шарап жуткан чакта,

Мени эскерип олтуруп,

Күткүн! Шашып шарап татпа,

Сен аларга кошулуп.

Күткүн мени, келем кайтып,

Эрегишип өлүмгө,

Күтпөгөндөр айың айтып,

Сүйлөшсүн биз жөнүндө.

Күтпөгөндөр билсин нени,

Жалбырттаган жалында,

Чыдап күтүп, коргоп мени,

Жүргөнүңдү жанымда.

Өтө күтүп, парзыңды актап,

Калканч болуп сен мага,

Калганыңды аман сактап,

Билебиз:сен,мен гана.

Муса Жалил, татар акыны

***

Ырларым - жүрөктө өнүшкөн,

Элкинде элде гүл ачып ал.

Жалын - дем сөнгүчө силерден,

Жашоого шончолук акыңар.

Силерде мендеги арзуу, наз,

Силерде мендеги аруу жаш.

Өлсөңөр мен дагы набытмын,

Барыңда өмүрдү сүрүү парз.

Ырымда тутанттым жалындай,

Өкүмүн жүрөктүн, бедендин.

Ыр менен досумду кубанттым,

Ыр менен душманды мен жеңдим.

Пас лаззет албастыр азгыра,

Көп сыйкыр тартса да астыма.

Ырдагы чындык, от, сүйүүнү

Тагдырым багыма жазды да.

Өлсөм да жүрөгүм бек турар,

Ырыма берилген антыма.

Не жазсам элиме арнадым,

Өмүр да садага калкыма.

Күрөштүн кан жолун ырдадым,

Каршы алды ыр өмүр жазымды.

Башкесер балтасы алдында,

Соңку ыр да солк этпей жазылды.

Үйрөттү ыр аруу жашоону,

Өлүштү эрлерче жанып ал.

Өмүрүм асем бир ыр эле,

Өлүмүм да ыр болуп жаңырар!

(1943—ж.)

Максим Танк, беларус акыны

***

Дарактар да унутар тонотконун,

Айыктырар ЖЕР дагы жарааттарын.

Көңүл гана эч нерсе коротподуң-

Эстеп баарын:

Күрсүлдөп атылган ок, алааматты

Түтүндү чулгап алган асман - жерди.

Өрт чалып жалбырттаган карагайды,

Сан жетпес бейиттерди.

Азыр да жолго түшүп, жалгыз аяк

Үн созуп, демин сезем тууган жердин.

Дат баскан осколка өйүп, ал угулат—

Ырымдан менин.

***

Партизанды жарадар

Адамга таштап дабалар-

Топ кетти токой аралап.

Кепеде суп-сулк жатат ал,

Сагалап кемпир жана ажал.

Кобурайт эне санаадар:

Жакшы жат, жай тур, кулунум,

Жамынып кышкы ай нурун,

Түн болсун бейпил ар дайым.

Токойдо согуш уланат,

Жаш төгүп жылдыз куланат-

Кылчудай кызыл кар ырайым.

Сырбай Мауленов, казак акыны

…Согуш селдей жайылган кандуу ташкын,

Апаат болду башына кары-жаштын.

Согуш кыйып өмүрүн жигиттердин,

Махабатын уурдады карындаштын.

Өлдү алар эч кызык көрө албады,

Жер бетине жаш үрөн себе албады.

Алар кайра элине оролбоду,

Күздө бышкан эгинди оро албады.

Алар өлдү тек асман соо болсун деп,

Алар өлдү тууган жер бар болсун деп.

Алар өлдү ак арзуу сөнбөсүн деп,

Алар өлдү өзгөлөр өлбөсүн деп.

Алар жуткан абаны кулатпадык,

Алар жырткан талааны ыйлатпадык.

Алар өлүп кетсе да өлбөй турган

Даңкы менен Берлинде бир аттадык!

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG