Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

Кыргызстанга австриялык туткундар калтырган таберик


Австриялык согуш туткундары 1914-17-жылдары курган таш жолдун сакталып калган бөлүгү. Исфайрам өрөөнү. 23-июль 2011-жыл.

Австриялык согуш туткундары 1914-17-жылдары курган таш жолдун сакталып калган бөлүгү. Исфайрам өрөөнү. 23-июль 2011-жыл.

Австрия Кыргызстандай эле тоолуу өлкө. Европанын чордонундагы өлкөнүн жолдору өрөөндө болобу, бийик тоо койнунда болобу, тасмадай тептегиз.

Жолдор австриялыктардын ишке болгон мамилесин, кандай жумушка колу тийбесин, аны сапаттуу жана түбөлүктүү жасаганын күбөлөйт. Ал үчүн 7 миң чакырым жол басып, Австрияга баруунун кажети жок. Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясын бойлой, Алайга сапарга аттаныңыз. Шыгай айылынан өткөндөн кийин кууш өрөөндүн оң жээгинде таштардан тизилген таш жолго кез келесиз.

Учурда таман асты менен капталдары таштан кынаптап төшөлгөн жолдун 50-60 кулачы гана сакталып калган. Ал тууралуу Мырзапааша Маматовдун эскерүүсү:

Австриялык туткундар курган таш жолдун тарыхы


Жергиликтүү карыялардын айтымында, байыркы Жибек жолундагы таш жолду австро-венгриялык аскерий туткундар 1914-1917-жылдары курган экен. Алтымыш алты жаштагы Мырзапааша аке жолдун кайсы бөлүгүн алба, туурасы төрт метр болчу дейт.

Биринчи Дүйнөлүк согуш тушунда туткун австриялыктар курган таш жолдун тарыхы жөнүндө кеп.(Оңдон солго) Мырзапааша Маматов, Аман Анарбаев, Коңур Тешебай кызы жана автор.
Өрөөндүн атчан түгүл, жөө адам араң жүргөн кооптуу жерлерине салынган жолдун астына, эки капталына таш кынапталып тизилген. Анын бийиктиги айрым учурларда үч метрге чейин жеткенин жолдун сакталып калган бөлүгүнөн көрүүгө болот.

Жергиликтүүлөр айткандай, Паргана (Фергана) өрөөнүн Дароот- Коргонго туташтырып, андан ары Кашкарга, же бүгүнкү Кытайдын батышына алып чыккан жолдун курулушуна падышалык Орусиянын өтө чоң маани бергени талашсыз. Болбосо, орустар австриялык туткундарды империянын алыскы бир бурчуна жөнөтмөк эместир.

Кароол кыштагынан Сурма-Ташка чейинки аралык 40 чакырымдай болот. Шыгайдан тарта жолдо бирде салаңдаган аскалар урунса, бирде шагыл таштар куялуп турат. Жол нугунда жаткан миздүү, же тамырлуу таштар машинени түгүл, мыкты такаланган атты дагы ылдам бастырбай кыйнайт.

"Жолдун курулушунда канча австриялык туткун иштегени белгисиз. Алардын баары тең чебер уста экенин цементсиз эле бири-бирине желимдей жабышып турган таштар ырастап турат", дейт сексен эки жаштагы Аман Анарбаев.

Согуш туткундарын аскерий конвойлор күзөтүп, кыргыздар берген бир кесим нан, же бир кесе айран-жарманы дагы алдырчу эмес. Мырзапааша акенин карыялардан угушунча, австриялыктарга кат-кабар жазганга тыйуу салынган экен. Катаал шартка чыдабай көз жумган шордууну ушул эле таш жолдун боюна көмө салышкан.

Австриялык туткундардын жашоо таржымалы


Кароол-Сурма-Таш ортолугунда азыр деле там үйлөр жокко эсе.
Исфайрам өрөөнүнүн бир көрүнүшү. 23-июль 2011
Ошондуктан туткун австриялыктар кейпи чатырларда жашаган.
Үч-Коргонду Дароот-Коргон менен туташтырган жолдун курулушу 1917-жылы Николай падышаны бийликтен тоңкоруп түшкөн революциядан кийин тез эле токтогон.

Австриялыктар кыргыз жеринде эстелик болсун деген таризде, алачыктай таштын бетине 1915-жылды көрсөтүп, латын арибинде эскерүү сөздөрүн жазып калтырышат. Бирок 1970-жылдарда жолчулар ташты дарыяга сүздүрүп салышат.

Узак жылдар Эгин Жай деген керемет кооз жерди жайлап, кыштаган Сатар Балтабаев эстелик таш кандай кулатылганын мындай сүрөттөйт:

Туткундар калтырган эстелик ташты кулатуу баяны


Өзбекстандык булдозерчу сүрө албаган ташты майданчы Үсөн деген жигит бир паста оодарып салат. Бирок анын эмгегин шылуун Ядгор кожо жеп койот. Акысын албаган булдозурчу Үсөн кийинки жылы алар менен иштешүүдөн баш тартып, маанилүү жол курулушу токтойт.

Алайга кеткен жол курулушу эмнеге токтогон?


Ошентип, совет бийлиги кулаганча Кызыл-Кыяны Дароот-Коргон менен тутуштырган жол Сурма-Таштан ары жылбайт. Өзбекстан андан ары короо-короо койлорун жөө жалаңдап айдап жүрөт. 1990-жылдардын башында жол “ура-ура” менен бүткөрүлүп, автоунаа каттай баштайт.

Исфайрам дарыясында 1970-жылдардан кийин салынган "Кызыл көпүрүк". 23-июль 2011-жыл.
Андан 2-3 жыл өтпөй, жол каралбай, жаан-чачын, сел оюп, бөгөп, машине жүргөнгө жарабай калат. Ошол боюнча 100 чакырымга жетпеген маанилүү жол жабык.

Үч жыл ортолугунда туткундар Исфайрамдын эки жээгин туташтырган бир нече көпүрө дагы салышкан. Тегирмеч жайлоосуна кеткен тар капчыгай Исфайрам дарыясына куйган тушта ошондой көпүрөнүн бири 1967-жылы Жашыл Көл жарылганда пайда болгон жасалма көлдүн астында калат. Биз Мурзапааша аке, Аман аксакал менен дал ошол көпүрө көмүлүп жаткан суу жээкте өткөндү эскерип отурдук.

Туткундар курган көпүрөнүн тарыхы


Бул жолду австриялыктар салганын эки жыл илгери 90 жашында көз жумган Үсөн акенин тарыхы да күбөлөйт. Үсөн аке эгиздин пайы. Ал 1939-жылы бир тууганы Асан менен бирге аскерге чакырылып, согушту Австрияда бүткөн. Урушта көрсөткөн каармандыгы үчүн эки жолу “Даңк” ордени менен сыйланган. Түгөйү Асанды акыркы ирет 1944-жылы Литвада көрүп, аны ошол боюнча жоготконун Үсөн аке өмүрү өткөнчө айтып жүрдү.

Үсөн аке Исфайрам өрөөнүндөгү таш жолду курган австриялыктар менен Австрияда от кечип жүрүп кездешкенин Тилебалды Абдурахмановго айтып берген экен.

Тарыхый таш жолдун сакталышы


Тилебалды акенин сөзүнө караганда, эгер булдозерчу Гена 1914-17-жылдары курулган жолго тарыхый дөөлөт катары мамиле жасабаганда, Исфайрам өрөөнүндө австриялыктардын изи калганын бүгүн эч ким деле билбей калмак.

Ошентип, австриялык туткундар курган жолдун бир үзүгү бир кылымдан бери бир ташы кемибей зыңкыйып турат. Өкүнүчтүүсү туткундар чокчойгон таштын бетине латын арибинде чегип калтырган эстелик жазуу менен көпүрө Исфайрам дарыясынын түбүндө жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG