Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Йемендеги кыргызстандыктарды чыгаруу аракети көрүлүүдө


Йемендин борбору Санаадагы нааразылык толкуну, 21-март.
Йемендин борбору Санаадагы нааразылык толкуну, 21-март.

Кыргызстан Йемендеги өз жарандарын алып келүүнүн жолдорун кароодо. Буга Орусия жана Түркиянын ошол жактагы элчиликтери жардам көрсөтүшү ыктымал.

Йемендеги элдик толкундоолорго байланыштуу Кыргызстан өз жарандарын алып чыгууга даярдык көрүп жатканын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин мекендештер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Алмаз Имангазиев билдирүүдө. Учурда өз мекенине кайтууну каалаган мекендештерди алып келүүнүн жолдору такталып, каралууда.

- Ал жакта кырдаал курчуй берсе мурункудай эле башка өлкөлөр менен сүйлөшүп, ар кайсы жолдорду карап жатабыз. Негизинен Кыргызстанга кетебиз дегендер болсо жардам берүүгө даярбыз. Бирок азырынча ушул жол менен алып кетебиз дегендей толук маалымат жок. Бардык варианттарды караштырып жатабыз.

Тышкы иштер министрлиги Йеменде каршылык акциялары токтобой, 18-мартта өзгөчө кырдаалдар жарыяланганына байланыштуу аталган өлкөдөгү кыргыз жарандарын мүмкүнчүлүгү болсо өлкөдөн чыгып кетүүгө үндөгөн. Министрлик Кыргызстанда жүргөн жарандарды азырынча Йеменге сапар албоого чакырган болчу. Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, толкундоолор болуп жаткан Йемен өлкөсүндө 29 кыргыз жараны бар экендиги катталган. Алардын төртөө жаш балдар. Йемендеги мекендештерибиздин көбү келишим менен жеке жана мамлекеттик ооруканаларда дарыгер болуп иштешет.

Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилиги Йеменде иштеп жаткандардын тизмесин тактап, телефон аркылуу байланышууда. Элчиликтин атташеси Алмазбек Усупбаевдин Кыргызстандын Йеменде өкүлчүлүгү жок болгондуктан, кыргызстандыктарды ал жактан алып чыгууга Орусия жана Түркиянын элчиликтери жардам көрсөтүшү ыктымалдыгын белгилейт. Учурда бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу маалымат элчиликтерге да, кыргызстандыктарга да берилген.

- Йеменде кырдаал абдан татаалдашып кетсе биз Кыргызстан жарандарын алып чыгууга даярбыз. Эгер керек болсо биздин кызматкерлер ошол жакка жиберилет. Кээ бирлери иштерин таштап кеткилери келбей, калабыз деп атышат. Кээ бирөөлөр кеткенге даяр. Кыргызстандыктар ар кайсы шаарда жашайт. Биздин жарандар Мукала, Хариза, Рада, Самар, Мариб, Санаа жана башка шаарларда жашашат. 29дун ичинде төрт бала бар. Алар бир үй-бүлө, Радада жашайт.

Усупбаевдин айтымында, Кыргызстан жарандарын тактоо иштери дале уланууда. Ал эми Низамидин Оморовдун Йемендин Мариб шаарында дарыгер болуп иштегенине алты жыл болуптур. Аны менен байланышканыбызда ал өзү менен чогуу дагы бир кыргыз аял иштей тургандыгын, башка шаардагы кыргызстандыктар менен байланышып турушарын билдирди. Низамидин мырза Йемендеги кырдаал тууралуу сураганыбызда буларга токтолду:

- Азыр Йеменде кырдаал аябай курчуп атат. Кечээги президенттин жарлыгы менен өкмөт кызматтан кеткен. Эми бул саясий маселелер, бирок дарыгерлерге тиешелүү эч кандай кысым жок, иштеп атабыз. Эгер тынччылык болсо иштегенге мүмкүнчүлүк бар. Биз иштеген оорукананын жанында танктар, БТРлер турат. Бул жер нефть, газ өндүргөн район. Кечээ элдер газ, нефть өтчү түтүктөрдү жардырышып, ошого бир аз абал курчуп турат. Азыр тик учак, учактар жүрөт.

Низамидин Оморов азырынча кайтуу ниети жок экенин, бирок кырдаал курчуй берсе кайтууга мажбур болорун айтат.

- Кыргызстанда иштеген абдан жакшы болчу. Бирок материалдык жактан алганда бул жакта иштеп турганга мүмкүнчүлүк бар болчу. Кичине болсо тыйын-тыпыр таап, үй-бүлөнү, туугандарды көтөрүүгө кичине мүмкүнчүлүк бар эле. Ошондуктан бул жакта иштеп турганга туура келип атат. Эгер кырдаал курчуп кетсе кетишибиз керек болот. Тамак-аш болсо азырынча жетиштүү эле. Мени менен чогуу иштеген Өзбекстан, Украина, Орусиядан келип иштеген кесиптештерим силердин элчилик дагы, прессаңар дагы кам көрүп атат деп суктанып атышат. Силерге рахмат.

Йемендин Санаа жана башка шаарларында бир айдан ашык мезгилден бери өлкөнү 32 жыл башкарган Али Абдулла Салехтин президенттиктен кетүүсүн талап кылган демонстрациялар өтүүдө. Кыргызстан тышкы иштер министрлиги жана өлкөнүн Сауд Аравиядагы элчилиги толкундоолордон кыргыз жарандары жабыркабаганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG