Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:14

Мындан бир жылда мурда президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен "Ыйман" фонду түзүлгөн. Аталган фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Нуржигит Кадырбеков: Айрымдар "Ыйман" фондун диний фонд деп адаштырып жүрөт. Бул диний фонд эмес. Ал 2014-жылдын башында Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен мамлекеттин дин саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтө турган биримдик, түзүм катары уюшулган. Макамы эч кандай диний эмес. Юстиция министрлигинен президенттик аппараттын атынан каттоодон өттүк.

Өзүңүз билесиз, союз учурунда атеизм идеологиясы, же болбосо кудайды тануу идеологиясы болгон. Азыр деле беш убак намазын окуган, орозосун туткандардан же болбосо диний кызматкерлерден башка да светтик жашоо образында жашагандар, тигил же бул иш-чараларда гана диний жөрөлгөлөрдү кармангандар бар. Ошон үчүн элдин диний маданиятын өнүктүрүү зарылчылыгы келип чыгууда.

"Азаттык": Бул фонд түзүлүп жатканда кандайдыр бир чет мамлекеттердин тажрыйбасын карап көрдүңүздөрбү?

Нуржигит Кадырбеков: Албетте, бул фондду уюштуруп жаткан мезгилде дүйнөдөгү мусулмандар жашаган, өнүккөн, прогрессивдүү мамлекеттердин тажрыйбаларын карадык. Өзгөчө Малайзия жана Түркия мамлекеттеринин тажрыйбаларын карап көрдүк.

Түркияда “Диянет вакф” деген фонд бар. Ал мамлекеттик фонд болуп эсептелет жана кадимки эле министрликтей статусу бар. Өтө бай уюм.

Бизде болсо Конституциябызда “светтик өлкө” деп жазылган. Ошон үчүн диний багыттагы мамлекеттик структураны негиздегенге болбойт. Натыйжада мамлекет менен дин чөйрөсүнүн ортосунда көпүрө катары "Ыйман" фонду түзүлдү. Анткени светтик өлкөдө диний чөйрөгө мамлекеттик казынадан каражат каралган эмес, каралбашы да керек. Бул мыйзамга да туура келбейт. Бирок натыйжада эмне болуп жатат? Дин чөйрөсүндө мамлекеттин сөзү өтүмсүз болуп калууда. Себеби диний кызматкерлерге бир нерсе бербей, жашоосуна кам көрбөй туруп, бирок мындай же тигиндей бол деп талап кылганда сөз бир аз өтүмсүз болуп калышы бул мыйзам ченемдүү нерсе.

Ошол үчүн ушул жагдайдагы саясатты жөнгө салыш үчүн имамдарга жардам да бериш керек. Анткени алар айлык албаса, туруктуу кирешеси болбосо же бир эл менен иштеше албайт, же бир имамдык милдетин жакшы аткара албайт, же мамлекеттин көрсөтмөсүн, саясатын аткарууга көңүлү болбойт. Ошол үчүн адегенде буларга стипендия берели деп чечтик.

"Азаттык": Ошол иштериңиздер жөнүндө да кеңири айтып берсеңиз. Мисалы, жакын арада реалдуу кандай максаттарга жетүүнү көздөп жатасыздар?

Бишкекте салынып жаткан жаңы борбордук мечит

Бишкекте салынып жаткан жаңы борбордук мечит

Нуржигит Кадырбеков: Биринчиси - бул имамдардын квалификациясын көтөрүү. Себеби, жума сайын эл алдына чыгып, акыл насаатын айткан бир гана имамдар. Демек, алар элдин аң-сезимине таасир этип жатат. Бирок ушундай элдин моралдык жана руханий лидери болуп туруп, элге акыл айтып жатканда өздөрүндө диний билим болбосо, же светтик билими төмөн болсо, анда элди туура эмес багытка алып кетүү ыктымалдыгы бар. Ошондуктан илим-билим берүү долбоорун баштадык.

Экинчиси - бүтүндөй атуулдарыбыздын, коомдун руханий потенциалын көтөрүүнү максат кылуудабыз. Руханий потенциал дегенде, ал жалаң эле дин менен көтөрүлөт деп ойлобош керек. Алардын интеллектуалдык деңгээлин көтөрүш керек. Китеп басуу, чыгаруу, түздөн-түз жарандар менен иштөө биздин максатыбыз болуп саналат.

"Азаттык": Фонд өзүнүн максатына жетиш үчүн кайдан каражат алат? Башкача айтканда киреше булактарыңыздар кайсылар?

Нуржигит Кадырбеков: Бул жерде мамлекеттен бир да тыйын бөлүнбөйт. Ошол үчүн демөөрчүлөр, андан сырткары биздин өнөктөштөрүбүз бар азырынча. Мамлекет башчыбыз өзүнүн сапары менен Араб мамлекеттерине, Түркияга барып келди. Ошол учурда ушундай бир фонд түздүк, жакшы максаттарыбыз бар деп демилге көтөргөнүнөн улам бир топ жардамдар берилип жатат. Мына азыр Түркия мамлекети 10 млн. доллар жардам кылабыз деп убада бериптир. Буюрса, ошол каражат келе турган болсо ишибиз дагы жакшыраак болот.

"Азаттык": Демөөрчүлөрүбүз бар дебедиңизби. Кимдер алар?

Нуржигит Кадырбеков: Динде ушундай экен да, “биз берели, атыбызды айтпай эле коюңуздар” дегендер да болот экен. Чоң-чоң суммадагы акча которуп атышат. Китеп басуу иштерине демөөрчүлөр аябай көп, ошондой эле имамдардын квалификациясын көтөрүү долбоорлоруна акча бергендер аябай көп. Бирок муну менен биз узап кете албайбыз. Себеби, бирде болбосо бирде жардам бергендер да түгөнүшү мүмкүн. Ошон үчүн уставда ишкердик кылсак да болот деп каралган.

"Азаттык": Угуучулар ойлошу мүмкүн да башка уюмдар сыяктуу бул фонд да коррупциянын уюгуна айланып кетпейби деп. Коррупцияга жол бербейбиз деп кепилдик бере аласызбы?

Нуржигит Кадырбеков: Кепилдик бере алам. Диний, руханий маданиятты көтөрүү фонду болгондуктан жана аты "Ыйман" фонду болгондон кийин ага заты да төп келиш керек.

Бишкектеги айт намаз

Бишкектеги айт намаз

Айлыктарыбыз да карточкалар менен алынат, бирөөлөр менен келишим түзгөндө да карточкалар аркылуу түзүлөт. Ал жерден салыкка да, Соцфондго да кетет. Тендер болгондо сөзсүз атаандаштык негизде өтөт. Бир нерсе сатып алганда да бааларын үч-төрт, андан да көп жерден карап, талдап көрүп алып атабыз.

"Азаттык": Фонддун аткаруучу жана башкаруучу органдары жөнүндө айтсаңыз. Мисалы, кимди ким шайлайт, кимди ким башкарат?

Нуржигит Кадырбеков: Төрагасын байкоочу кеңеш дайындайт. Байкоочу кеңеште Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев мырза бар, президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева, Ислам университетинин ректору, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков мырза бар. Башкармалыкта Кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору Анвар Мокеев, ошондой эле президенттик аппараттын эксперти Жанна Саралаева жана төрага катары мен иштеп жатам. Искендер Ормон уулу жана Кадыр Маликов сыяктуу эксперттерибиз да бар.

"Азаттык": "Ыйман" фонду кандайдыр бир диний көз карашты, белгилүү бир дин түшүнүгүн колдойбу? Айталы, ханафи мазхабын?

Нуржигит Кадырбеков: Бул жөнүндө Диний саясатты жөнгө салуу боюнча концепцияда расмий түрдө айтылды. Биздин элибиз илгертен эле ханафи мазхабын тутунуп келген да. Ошондуктан толеранттуулугун, прогрессивдүүлүгүн эске алып ушул мазхабда болсок деген ой бар.

"Азаттык": Көптөн бери дин тармагында иш алып барган фонддор бар эмеспи. Азыр алардын кайсылары менен иш алып барып жатасыздар? Аларды атаандаш катары карайсыздарбы же болбосо өнөктөш катарыбы?

Нуржигит Кадырбеков: Өнөктөш катары чогуу иш алып барсак абдан жакшы болот. Эми диний саясат багытында иш алып барып жаткан бир топ эл аралык уюмдар бар экен, ошол эле мезгилде фонддор да бар. Көпчүлүгү диний фонддор экен. Биз алардын баары менен иштешкенге даярбыз.

"Азаттык": Эгемендүүлүктү алгандан бери чет элден көптөгөн демөөрчүлөр, жамааттар, агымдар келди. Алар мечит салышты, медреселерди түптөштү. Мисалы, Ислам университети дагы деле сырттан колдоо алары белгилүү да. Ыйман фонду сырткы көз карандылыктан куткара алабы динчилдерди? Кудурети жетеби?

Нуржигит Кадырбеков: Биздин жасап жаткан ишибиздин бир максаты да ушул. Имамдар, молдолор же айлык албаса, же кирешеси болбосо, анан сырттан келген демөөрчүлөрдү кабыл алат да. Алгандан кийин алардын таасири да болот. Ошон үчүн биз стимул болсун деп ай сайын стипендия берүүнү ойлонуп атабыз. Бул да болсо мамлекет башчысынын демилгеси менен болуп жаткан иш. Жакын арадан баштап бардык имамдарга айлык төлөй баштайбыз. Бирок үч шарт менен. Биринчиси - имамдар аттестациядан өтүшү зарыл, экинчиси - алар иштеп аткан мечиттер мамлекеттик каттоодон өткөн болушу керек, үчүнчүсү - биз уюштурган окуу программаларына катышуусу керек. Анан, албетте, ханафи мазхабын, матурдия акыйдасын карманган имамдар болушу зарыл.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG