Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Эрдоган Кыргызстанга көңүл айтты


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Чүй облусундагы аба кырсыгына байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Маалыматка караганда, Эрдоган телефон аркылуу Атамбаев менен байланышып, кырсыкта каза тапкандардын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирген. Жараат алгандардын баары тез арада сакайып кетишин тилеген.

"Боинг-747" үлгүсүндөгү Түркиянын жүк учагы 16-январда таңга жуук Чүй облусунун аймагында эл жашаган конушка кулап, отуздан көп адам набыт кетти. Көз жумгандардын төртөө - экипаж мүчөлөрү, калганы - Дача-Суу айылынын тургундары. Арасында балдар да бар. Ондон ашуун киши ооруканада. Жыйырмадан көп турак жай кыйраган.

Учак Гонконгдон Стамбулга учуп баратып, май куюу үчүн “Манас” аба бекетине конууга аракет кылган учурда кырсыкка кабылганы кабарланууда.

17-январь – Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.(NT)

XS
SM
MD
LG