Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

ВИЧ/СПИД таралышына кантип бөгөт коёбуз?


Учурда Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча ВИЧ/СПИД жана кургак учук илдеттери тез тараган жети өлкөнүн катарында турат.

Учурдa Кыргызстанда ВИЧ оорулуулар - дээрлик 4500 киши экен (!).
Республикалык СПИД борборунун маалыматына караганда, 1-сентябрга карата ВИЧ илдетинин балдарга жугушу боюнча жаңы 146 учур катталган, анын 95и медициналык мекемелерде жуккан. Расмий маалыматка ылайык, жалпы өлкө боюнча 4 417 киши ВИЧ оорулуу, мунун ичинен 4 338и кыргызстандык жарандар. СПИД менен ооругандардын саны 492. Акыркы жылдары ВИЧ оорулуу 649 киши көз жумган, алардын ичинде 225 адам СПИД оорусунан улам жарык дүйнө менен кош айтышты.

2011-жылы Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча ВИЧ/СПИД жана кургак учук илдеттери тез тараган жети өлкөнүн катарына кирген.

- Cиз ВИЧ/СПИД илдетинен сактануу үчүн эмне чара көрөсүз?

- Балаңызга же жакын адамыңызга ВИЧ тууралу айтып берип, сактануу жолдору тууралуу кеп-кеңеш берип турасызбы?

- Бул илдетке чалдыккан адамды жерип, көпчүлүктөн бөлүп салуу керекпи, же адамгерчилик мамиле жасоо туурабы?

XS
SM
MD
LG