Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Кыргызстанда журналисттик этика сакталабы?


7-ноябрда Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленет. Маалымат каражаттары Кыргызстанда демократиянын калыптанышында зор роль ойногону талашсыз. Ошону менен катар жаңы шартта сөз эркиндиги ээн ооздукка айланып кеткени да айтылууда.

Бишкектеги “Медиа консалт” коомдук уюмунун соңку изилдөөсү көрсөткөндөй, айрыкча кыргыз тилдүү маалымат каражаттары этикалык эрежелер алкагынан чыгып, адамдардын ар-намысына, абийирине, ишкердик беделине доо кетирип жатат. Ал эми Медиа-Өкүл институту болсо редакциялар менен журналисттерге доо арыздар арбыганын белгилейт.

Кыргыз тилдүү маалымат каражаттары чектен чыгып жатат дегенге кошуласызбы?

Маалымат каражаттарына ишенесизби?

Чынчыл жана жоопкер журналистикага жетишүү үчүн эмне сунушуңуз бар?
XS
SM
MD
LG