Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Мигранттарды тоноого шектүүлөр кармалды


Кылмышка шектелип камакка алынган УКТ мүчөлөрү
Кылмышка шектелип камакка алынган УКТ мүчөлөрү

Москвада кыргызстандык мигранттардан опузалап акча алып, аларды сабап жүргөн деп шектелген кылмыштуу топ кармалды. Шектүүлөрдүн колунан жабыр тарткандар Кыргызстандын Москвадагы ИИМ өкүлчүлүгүнө кайрылса болот.

Кыргызстандын Москвадагы Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн билдиришинче, кылмыштуу топ кыргызстандык мигранттарды коркутуп, ири көлөмдөгү акчасын тартып алып жүрүшкөн.

Полковник Аскат Алиев кылмышка шектелип кармалган төрт жарандын баары кыргызстандык экенин, алардын үчөө Орусиянын жарандыгын алган 25-30 жаштагы балдар экенин белгилейт.

- 2-сентябрда ИИМ өкүлчүлүгүнө арыз менен Кыргызстандын жараны кайрылган. Көрсөтмөсү боюнча аны 31-августта түнүндө кыргыз улутундагы төрт-беш бейтааныш бала автоунаага мылтык, бычак такап коркутуп отургузуп, токойго алып барып, сабап, болгон баалуу бумдарын алып калышкан. Андан тышкары үч күндө 200 миң рубль таап келесиң деп опузалашкан. Жараныбыздын арызы катталгандан кийин эле Москва шаардык полициясы менен бирге иш алып барып, 20-сентябрда уюшулган кылмыштуу топтун төрт мүчөсү кармалды. Биздин маалымат боюнча, булар көптөн бери эле кыргызстандык мигранттарды тоноп, опузалап жүрүшкөн. Ошондой эле булардын тобунда кыргызстандык кыз-келиндер да бар деген божомолду карап жатабыз. Анткени, акыркы жабыркоочуну бир кыз жолугушууга чакырып алып чыккан. Кармалгандар эч жерде иштебеген, күндүз уктап, кечкисин Москвада кылмыш кылып жүрүшчү экен.

Кылмышка шектүүлөр: Пазылов Э.Т (1993-ж.т.), Кенжеев О.Т (1980-ж.т.), Сатыбалдиев Т.Х (1989-ж.т.) жана Кубанычбеков Б.К (1995-ж.т.). Орусиянын Кылмыш кодексинин 163-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Москвада жана Москва облусу боюнча шектүүлөрдүн колунан жабыр тарткандар болсо Кыргызстандын ИИМдин өкүлчүлүгүнө +7 926 189 10 17 телефону аркылуу кайрылууга болот.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG