Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Кыргызстанды өнүктүрүүгө милдеттүүбүз


Мен, Айбек уулу Өмүрбек, азырынча жаш эле баламын, бирок алдыма алдыга койгон максат, ой-тилектерим бар. Мен өзүмдү кыргыз жеримдин өсүп-өнүгүшүнө аз да болсо да салым кошууга милдеттүүмүн деп эсептейм. Кудай буйруса Кыргызстандын өнүгүшүнө келечекте чоң салым кошом деп аракеттенип жатам. Аракеттене берем. Мен ар күнү Кудайдан Кыргызстанга тынчтык, биримдик, кеңчилик, адеп-ахлак тилеп келем. Жогоруда айтылган нерселер бизде сөзсүз болушу керек.

Белгилеп айта кетчү нерсе, Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкө, бирок Кыргызстандын өнүгүшүнө кам санабай эле койсок болот, деп ойлойм. Себеби, Кыргызстанга күйүмдүү адамдар көп жана жаратылыш байлыктары, мал жайыттары, эгин талаалары, жүздөгөн көлдөрү, ГЭСтери, бак-дарактары, дарыялары, мөлтүр суулары, таза абасы ушул сыяктуу көптөгөн байлыктарыбыз турганда Кыргызстан өнүгөт. Мисалга алсак, мындан элүү жыл мурунку жашообузга карганда азыркы Кыргызстан бир топ эле өнүккөн. Аны баары эле билсе керек. Кыргызстандын өнүгүшүнө ушул да бир жакшы мисал болуп бере алат. Ошондуктан Кыргызстанга канчалык күйсөк жана аз гана болсо да ар бир жаран Кырыстандын өнүгүшүнө салым кошсо, биримдикте болсок, Кыргызстан сөзсүз өнүгөт жана келечекте эч бир мамлекетке көз каранды болбой өз жарандарыбызды жумуш менен камсыздап, көз каранды болбой жашап каларыбызга ишенем жана бизде андай шарт болоруна 100% кепилдик берем. Келгиле анда ошол жашоого жетүүгө баарыбыз биргеликте аракет жасайлы.

Айбек уулу Өмүрбек, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Акман айыл аймагы, Кош-Коргон участкасы, Токторалиев Жакып көчөсү, 15-үй.

XS
SM
MD
LG