Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03
“Өх, азыркы жаштарың курусун, мына биздин убакта...” деп улуу муундун наалыган сөздөрү тааныш угулуп жатабы? Мындай фразалар биздин кулакrа көнүмүш деле болуп калды.

Троллейбус, же капчыгың калың болуп маршруткага кире калсаң, алдыңкы катарларда отурган “социалдык аналитиктерге” туш болосуң. Кулак салсаң, заматта жаштардын жашоосунда не жаңылык, эмне өзгөрүүлөр болгондугу жөнүндө “авторлордун” өз оозунан бүтүндөй көркөм макала окугандай болосуң. Атүгүл, жаңы сатып алган жынсың сага жарашарын алардын стилисттик көз карашы менен биле аласың.

Кыргызбыз да. Чоң апанын айтканына сөз кайтарууга бешиктен көнгөн эмеспиз. Бирок муну подъезддердин ээлери баба Валялар баяндап жаткан чексиз сын-пикирлеринде белгилешпейт. Бизди деген орой, билимсиз, ташбоор, жарым алкаш кылып сүрөттөп коюшат.

Мына кызык. Аларды “компутер эмес, компьютер” деп тууралап койсоң, сүйүктүү СССРин жоюуга Горбачёвду сен түрткөнсүп жаман көрүп кирет.

Кээ бирде сүйүктүү чоң апа-чоң аталарыбыз мезгил өтө берерин байкагысы келбегендей сезилет. Алар “Найктын” белгиси турган бутсыга көз салып да койбогон сыңары, биз да маасыны көчөдө кийип жүрө албайбыз.

"Көчөдө колун чөнтөккө салып, насвайды көз түштү жерге түкүрүп басуу жагымсыз көрүнөт" деп аксакалдарыбыз туура доомат коюп жатышат. Менимче, азыркы кыргыз жаштардын бул жалгыз жаман адаты болуш керек. Дагы бир ой пайда болот, эгерде дал ошол “туруктуу сындоочу улуу муун өкүлдөрү” чет өлкөнү көбүрөөк көргөндө “ай, өзүбүздүн кыргыз жаштарынан айлансын” деп бизге алкоо айтып калышат беле... Эми алардын Ленинграддан артык шаар көрүүгө мүмкүнчүлүгү болбогондугу үчүн күнөөлөй албайбыз. Кыргыз уул-кызынан адептүүрөөк башка бир да улутту табуу мүмкүн эмес экенин көрсөтүп берүүгө мүмкүнчүлүк болсо гана аттиң...

Жөнөкөй мисал.

"Келиңиз, апа, отуруп алыңыз",-деп кыргыз жаштары коомдук транспортто дайыма өзүнөн улууга орун бошотуп берет. Эми өзүңөр ойлоп көргүлө, орустун же кайсы бир европалык бала тааныбаган бир кемпирге “апа” деп айтабы?

"Алыңыз, ысык чай ичиңиз". Бизде пиала биринчи кыз же балага берилсе да, ал баары бир андан ары улууларга узатылат. Бул эми адеп, тартип, урмат эмей эмне?

8-9 жаштагы баланы шоктонуп койгону үчүн кичине какыс-кукус кылып коюу - бизге жат көрүнүш эмес. Батышта болсо баласына тили өтпөй, энеси психологдорго жумушуна баргандай эле барып турат. Кызыгы, Күн чыгыш өлкөнүн карыялары метродо киндиги көрүнгөн кызга да орун берет экен. Алар “биз жаштардын эсебинен жашап жатабыз, алар мамлекет үчүн иштеп жатат, биз пенсия алып гана жашап атабыз” деген ой менен жашайт экен. "Эски дүйнөнүн" өлкөлөрүндө дегеле улууну таануу деген түшүнүк жок.

Кыргыздын кыз-уландары ата-энесине эч убакта “сен” деп кайрылбайт. Кыргыз баласы улууларга кара жумуш жасоого мүмкүндүк бербейт. Кыргыз кызы адам келгенде дегеле тизе бүкпөйт. Чет өлкөгө чыгып келбесеңер да, Батыштын тасмаларын көрүп, адабиятын окуп жүргөндүрсүңөр. Салыштырып көргүлө.

Жаштардын баарын эле сүттөн ак деп айтыштан алысмын. Тамеки тартып, “Ягуарды” чай сыяктуу суусундук катары кабыл алып калышты. Бирок бул – анын өзүнүн иши да. Чылым тарткан баланын ден соолугуна өзүнөн башка кимдин иши бар? Кеп маданиятта болууда. Койгулачы, качан эле биздин жаштар аке-эжесинин, мугалиминин же жөн гана улуураак адамдын жанында тамеки чегип турсун?

Азыркы жаштардын окууга болгон кызыгуусу өтө төмөн деп, жаштардын баарын жалкоо атап коюшту. Буга да мен макул эмесмин. Мурунку жылдарга салыштырмалуу көптөгөн мектеп окуучулары эл аралык олимпиадаларда чет өлкөлөргө барып ийгилик жаратып жатышат. Азыр 5-6-класстын окуучусу кеминде 3 тилде келечекте кандай үлгүдөгү машина айдагысы келерин айтып бере алат. Албетте статистика боюнча биздин жаштарыбыздын билим деңгээли чөптүн боюнда. Бирок бул чынында жаштардын ойлонуп, чече ала турган маселесиби?

Кыргыз эли - кылымдарды карыткан эл. Анын өзүнүн маданияты бар. Үйдө кыз жүрсө, кыл таба албайсың, эркек бала жүрсө, атасы бекерчиликтен зеригет. Бул көрүнүштөр азыркы кыргыз жаштарынын үйлөрүндө байкалбайбы? Ушундай наалымай дагы улана береби же азыркы муун картайганда бул көрүнүш токтойбу?

Ырысбек Улукбек уулу

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG