Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

“Мен Кыргызстанды ачам”: Бөлүнгөндү бөрү жейт


Илгиз Качкынбаев (солдо) жана Марат Абдыкадыр уулу "Азаттыктын" студиясында
Илгиз Качкынбаев (солдо) жана Марат Абдыкадыр уулу "Азаттыктын" студиясында

“Мен Кыргызстанды ачам” долбоору ишке киришкени жатат. Долбоордун координатору Марат Абдыкадыр уулу жана катышуучу Илгиз Качкынбаев “Азаттыкка” маек курду.

Долбоордун максаты – жаштар арасындагы улут жана аймактар аралык чыр-чатактарды азайтуу. Бул үчүн өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген бештен бала бардык облустарды кыдырат. Алар бир айдын ичинде аймактын жаштары, бийлик, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугат, эл-жерин көрүп, көйгөйлөрү менен таанышат.

“Азаттык”: “Мен Кыргызстанды ачам” деген долбоорду ишке ашырганы жатыптырсыңар. Долбоордун максат, маңызы эмне?

Марат Абдыкадыр уулу: Кыргызстан боюнча жаштар чогулуп, өзүбүздүн региондорду өнүктүрүү боюнча ушул долбоорду жазганбыз. Аны менен биз аймактык бөлүнүү жана аймактар арасындагы көйгөйлөрдү чечүүнү максат кылганбыз. Бул маселелер караңгылыктан келип чыгат. Башка региондорду билбей, түшүнбөй, бири-бирин жаман көргөн жагдайларды жойолу деген максатта жазганбыз.

“Азаттык”: Долбоордун ичинде чыр-чатактарды жоюу, улут аралык мамилени чыңдоо деген жакшы идеялар да бар турбайбы. Кантип ишке ашырганы жатасыңар?

Марат Абдыкадыр уулу: Биз ар бир облустан бештен жаш өкүлдөрдү чакырабыз. Аларга алгач аймактык бөлүнүү эмнеден келип чыгып жатат, кандай көйгөйлөр бар деп Бишкекте 2-3 күндүк тренинг өтөбүз. Менимче бул маселе ар кайсы региондо жашагандардын маданиятын түшүнбөгөндөн келип чыгууда. Мисалы, сүйлөө өзгөчөлүгүн алалы. "Түштүктө мындай сүйлөшөт" деп аларды жаман көрүшөт, "түндүктө мындай дейт экен" деп аларды да жактыра беришпейт. Өлкө түштүгүндөгүлөр Өзбекстанга жакын, ал эми түндүк Казакстан менен Орусияга жакын деп кабыл алышпайт. Баягы эле эски көз караш, стереотип калыптанып калган.

“Азаттык”: Ошол көз караштарды кантип жойгону жатасыңар?

Илгиз Качкынбаев: Кыргыздар бөлүнгөнгө абдан жакын. Мисалы, түндүк-түштүккө, облустарга, районго бөлүнөт. Район-район болуп жаштар арасында урушкан учурлар көп. Ал тургай көчө-көчө болуп бөлүнгөндөр жок эмес. Ошондуктан бул долбоор ушундай бөлүнүүлөрдү жоюуга багытталган. Биз жаштарга өзүнүн аймагындагы эле кыйынчылыктарга эмес, башка жактагы көйгөйлөргө да көңүл бурууга түрткү берип жатабыз.

“Азаттык”: Жаштар өздөрү мурда барып көрбөгөн ар кайсы облустарга жөнөтүлөт турбайбы?

Илгиз Качкынбаев: Ооба. Мисалы, ар бир региондон 18ден 28 жашка чейинки активдүү жаштар тандалып алынат. Алар ар кайсы аймакка бөлүнөт. Долбоор бүткөндө кайсы аймакта кандай маселе бар, аны кантип чечсе болот деп жыйынтыгын чыгарабыз.

Марат Абдыкадыр уулу: Бир эле учурда ар кайсы облустан келген жаштар бир жерге чогулат. Алар отуруп алып өздөрүнүн аймагындагы көйгөйлөрдү, салт-санаадагы өзгөчөлүктү айтып берет. Мисалы, Ошто жана Нарында ашты кантип жасайт - бири-биринен сурап билип алат.

Алар бир ай чогуу болушат. Бир ай үчкө бөлүнгөн. Биринчи бөлүгүндө бейөкмөт уюмдар менен иштешет, экинчисинде жергиликтүү бийлик, үчүнчүсүндө Жаштар, жумуштуулук министрлигинин жергиликтүү борборлору менен бирге иштейт. Мен мурдагы ишиме байланыштуу бардык аймактарды кыдыргам. Ар бир облуска барганда өзүнчө мамиле кылыш керек экен. Айрымдар бул жак, тигил жак жаман деп айтышат. Бирок сурай келсең жаман деп жаткан жакка бир дагы жолу барып көргөн эмес. Мына ушул нерсе бөлүнүүгө алып келип жатат.

XS
SM
MD
LG