Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Жол кырсыгы: эстен чыккан жүргүнчүнүн укугу


Жети-Өгүз районундагы жол кырсыгы. Андан 14 адам каза тапкан. 23-июль, 2013-жыл
Жети-Өгүз районундагы жол кырсыгы. Андан 14 адам каза тапкан. 23-июль, 2013-жыл

Кыргызстанда жол кырсыгы боюнча козголгон кылмыш иштеринин басымдуу бөлүгү аягына чыкпайт. Анын айынан жол кырсыктарынан чапа чеккен жүргүнчүлөрдүн укуктары да корголбойт.

Буга айдоочулардын ич ара келишип алуусу себеп. Анын айынан соттук териштирүүлөр создугуп, унаа ичиндеги жүргүнчүлөрдүн укуктары корголбой калган учурлар арбын кезигет.

Эненин бир жылдан берки күйүтү

Каракол шаарында мындан бир жыл мурун болгон автокырсыктан жабыркаган 20 жаштагы Азамат Жапаров учурда оор абалда. Анын мындай абалга туш болушуна жол эрежесин бузган айдоочулар себепчи болгон. Бирок бул үчүн эч ким жазалана элек. Учурда Азаматтын апасы Кайыргүл Мамбетова уулун сакайтам деп жүрүп карызга батканын айтат:

- Мени бир жылдан бери эзип жатышат. Балам былтыр январда бир ай бою комада жатты. Андан чыгып травматологияга которулсак буту баспай калды. Бир ай ал жакта жаттык. Анан тили сүйлөбөй калгандыктан нейрохирургия бөлүмүнө которду. Ал жактан чыгып, кайра үйгө келсек приступ кармап, кайра неврологияга жаттык. Тигилер же сотту бүтүрбөйт, же күнөөлүүлөр келип жардам берип койбойт. Башынан операция болордо гана кагышып кеткен эки айдоочунун бири беш, бири үч миң сом берип кетишкен. Ошондон бери бизден эч ким кабар албай койду.

Каргаша туура бир жыл мурда, 2014-жылы 17-январдан 18-январга оогон түнү Каракол шаарындагы Москва жана Тельман көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бишкектеги Тоо-кен институтунун төртүнчү курсунда окуган Азамат ошол мезгилде каникулга тарап, кичи мекенинде жүргөн экен. Кокусунан ал бараткан такси бет маңдай келаткан унаа менен кагылышып, натыйжада айдоочунун жанында отуруп бараткан Азамат оор жаракат алган. Андан бери бир жыл өттү.

Жалгыз бой эне Кайыргүл Мамбетованын айтымында, учурда кылмыш иши белгисиз себептерден улам Каракол шаардык сотунда ары-бери түртүлүп келүүдө.

- Майдан бери каралып аягына чыкпай койду. Сот отурумуна же таксист бала келбей калат, же аларды сүзгөн аял келбей калат. Мен өзүм Кумтөрдө иштейм. Тиги аял да Кумтөрдө иштейт. Ал жумушка барып алып, “сенин балаң өзү келип менин машинама урунган, мен күнөөлүү эмесмин”, - деп мени шылдыңдайт.

Сотту тоготпогон айдоочулар

Анткен менен ишти тергеген Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Талип Жаналиевдин айтымында, тергөө учурундө күнөөлүүлөр аныкталган:

- Эки айдоочу тең күнөөлүү болгон. Жүргүнчү бала денесинен оор жаракат алган. Бул иш акырына чейин тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөн. Бирок соттолуучулар кандайдыр бир себептер менен сот отурумуна келбей жатышкан экен. Сот жакында эле прокуратура аркылуу “күнөөлүүлөрдү алып келүүнү камсыздагыла” деп кылмыш ишин кайра мага жөнөттү. Жакынкы күндөрү бул ишке тиешеси барларга барып, алардан сотко келип, катышып бергиле деп түшүнүк кат алам. Анан кайра кылмыш ишин сотко жөнөтөм. Эгер сот алардын баш коргоо чарасын өзгөрткөнгө санкция берсе камамакмын. Менде андай чечим жок.

Каракол шаары
Каракол шаары

Каракол шаардык сотунун судьясы Канат Аманов да күнөөлүүлөр сотко келбей жатканын тастыктап, бирок баш коргоо чарасын өзгөрткөнгө негиз жок экенин айтат:

- Анын өзүнүн ирети бар да. Эгер прокурор кайрылса же тергөөчү ошол соттолуучулардын жашаган жерин аныктай албай калса гана камаганга аргасыз болушат. Азыр ага негиз жок. Мен канча жолу прокуратурага "соттолуучуларды камсыз кылып бергиле" деп айттым. Мына эми кылмыш ишти кайра тергөөчүгө кайтардым. Ал мага соттолуучуларды сотко келтирип берсин.

Судьянын айтымында, айыптуулар сотко такыр келбей койсо, баш коргоо чарасын мамлекеттик айыптоочу чечиш керек.

Абийир жана мыйзам

Тараптар ушинтип бири-бирине жоопкерчиликти оодарып турганы менен, соттолуучуну сот отурумуна мажбурлап алып келүү чечимин сот гана чыгара алат. Бул тууралуу аталган кылмыш ишинде жабыркагандардын жактоочусу милдетин аткарып жаткан Руслан Дараев айтты:

- Бул жерде иш эмне себептен ары-бери түртүлүп жатканын түшүнбөйм. Мыйзам боюнча баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сотко да, прокурорго да укук берилген. Бул жерде сотко каршы чыккандай болуп жатпайбы.

Жол кырсыктары боюнча серепчи Мирлан Назаровдун айтымында, жогорудагыдай окуялардын келип чыгышына мыйзам механизмдеринин чийкилиги себеп:

- Кээде автокырсыктан эки өлүк чыккан учурда да сот иши создугуп кеткен учурлар бар. Кырсык биздин мыйзамдарда кокустан жасалган кылмыштын түрүнө кирет. Андыктан сотко катышпагандардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, аларды камоо өтө кыйын.

"Мыйзамда ушундай өксүктөр турганда бул акыйкат чечимди кабыл алуу соттун гана абийириндеги иш болуп калат", - дейт Назаров.

Жогорудагы окуя Кыргызстандагы кырсыкка кабылып, укугу корголбой жаткан бир эле мисал. Өлкөбүздө акыркы он жыл аралыгында элүү миңге чукул кырсык катталып, он миңден ашык киши каза болуп, миңдеген киши ар кандай деңгээлде жараат алган. Мыйзамда жол кырсыктары боюнча козголгон кылмыш иштер үч жыл ичинде чара көрүлбөсө, анда мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу деп кыскарып, жабылууга тийиш.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG