Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:08

Ак-Суу районунда өткөн аптадагы жаандын айынан 500 гектар жер жараксыз абалга келди.

29-июнда мөндүр аралаш жааган нөшөр эки айыл өкмөттүн эгин, картошка аянттарын талкалап кетти. Айдап себүүгө жылдагыдай эле насыя алган дыйкандар "эми аны кантип төлөйбүз" деп кейип отурат.

Ал эми райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Нурбек Асаналивдин айтымында, мөндүрлүү жаан өсүмдүктөрдүн 90 пайызын алып кеткен.

- Бул саат 15:00 катталды, элдин айтымында мөндүр 35 мүнөткө созулган экен. Биз комиссия менен келип текшергенибизде, мөндүрдүн чоңдугу бир сантиметрге жеткен. Эми бул жерде өсүмдүктүн өсүшүнө кыйын болуп калды го. Эгиндин баштары жерде жатат, картошканын сабактары өзүңүз көрүп атасыз - 90 пайызы өспөй калды.

Жазгы айдап себүү учурунда Ак-Суу районуна өкмөттүн токтому менен 60 тонна үрөн бөлүнгөн. Ак-Суу районунун экономиканы өнүктүрүү фондунун башчысы Сыртпай Абдыкеримов:

- Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн бардыгы элита үрөн алып сепкен, 22 сом 50 тыйындан "Айкөл" үрөн чарбасынан алган. Эми ошонун аягы мына минтип отурбайбы. Мен өзүм таратып бергем. Бул өкмөттүн буйругу менен 50-токтомунун негизинде Ак-Суу районуна 60 тонна бөлүнгөн. Ак-Булуң айыл өкмөтүнө 2 тонна 700 кило алынган. Эми элдин эртеңки күнү эмне болот?

Сыртпай Абдыкеримов табигый кырсыктан жабыр таркан дыйкандардын ачка калбашын ойлонуу керек деп эсептейт.

- Бүгүнкү күндө чынында эле оор болуп турат. Бул элдин кийинки жылдын тамагы болчу. Элита үрөндүн жыйынтыгы мына мындай болуп турат. Бул эми табият кырсыгы, бул жерде баарыбыз чогулуп отуруп элдин келечеги тууралуу сүйлөшөлү.

Ак-Булуң айыл өкмөтү Айгүл Өзүбекова болсо мойнунда насыясы бар 70 пайыз дыйканга жардам керек деп айтты:

- Бүгүнкү күндө Салык кызматынан, матрезервден, гидрометеорологиядан, Социалдык фонддон комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Эл жазгы талаа иштери деп, өкмөт тарабынан жети пайыздык насыяны беребиз деп, бирок биздин айылдарга келген эмес, айылдын 30 гана пайызы насыя алган эмес, калганы карызга батты. Элге эми жардам бериш керек.

Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Данияр Арпачиев бул маселе эми облустук деңгээлде караларын айтты:

- Эртеңки күнү салыктан, Социалдык фонддун төлөмдөрүнөн жана насыядан бошотуу боюнча акты түзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө тиешелүү деңгээлде акты түздүк. Тиешелүү органдарга маселени койдук. Эми бул маселени райондук, облустук деңгээлде карайбыз.

Ак-Суу районунун экономиканы өнүктүрүү фондунун башчысы Сыртпай Абдыкеримовдун эсеби боюнча, быйылкы жылы бир гектар жерди айдап сепкенге эле баш-аягы 13 миң 200 сом каражат сарпталган. Ошончо каражат да, мээнет да бир күндө күйүп кетти.


  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG