Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Обама: Москва саясатын өзгөртмөйүнчө санкциялар алынбашы керек


АКШ президенти Барак Обама.
АКШ президенти Барак Обама.

АКШ президенти Барак Обама Москва Крымды аннексиялагандан кийин Орусияга киргизилген санкциялар Украина боюнча Кремлдин саясаты өзгөрмөйүнчө алынбашы керектигин билдирди. Ошондой эле өзөктүк арсеналды кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөр менен санкцияларды байланыштырбоо зарылдыгын белгиледи:

- Орусияга санкция киргизүүгө өзөктүк курал маселеси себеп болгон эмес. Санкциялар Орусия Украинанын эгемендигине доо кетиргени үчүн киргизилген. Бул биздин гана эмес, эл аралык коомчулуктун пикири.

Обама 18-январда президент катары берген акыркы маалымат жыйынында айткан бул сөзү 20-январда президенттикке кирише турган Доналд Трампка багышталганын адистер белгилешүүдө.

Апта башында Трамп “Таймс” басылмасына маек куруп, Москва өзөктүк курал запасын азайтса, Вашингтон Орусияга киргизген санкцияларды азайтары тууралуу пикир билдирген. Кремл Трамптын сунушун четке каккан.

XS
SM
MD
LG