Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Ысык-Көл: кара куурай азайбай жатат


Ысык-Көлдө быйыл былтыркыга караганда маңзат боюнча кылмыш көп катталды.

Ушул тушта аймакта кара куурай бышып, жергиликтүү милиция маңзат бизнесин ооздуктоого аракет кылып жатат.

Жапайы кара куурай Ысык-Көл облусунун көпчүлүк райондорунда жыш өсөт. Гашиш, марихуана алынган бул өсүмдүк тоо-адырларда эле эмес, айыл ичинде көчө бойлой, там-таш короолордо, эгилген өсүмдүктөр арасында кеңири эле кездешет.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Түлөбаев быйыл 10 миң гектарга жакын жер иликтенип, анын 1800дөйүнө кара куурай өскөнү аныкталганын “Азаттыкка” айтып берди:

- Кара куурай негизи Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылынан башталат. Аз-аз болуп келатып өйдөлөп чыгышка жакындаган сайын коюлай баштайт. Бул түштүк жагы. Түндүк жагы Жети-Өгүз районунун Тамга айылынан башталат. Бул дагы өйдөлөгөн сайын коюлай баштайт. Ак-Суу менен Түп районунун ортосунда Тасма деген тоо бар. Тоонун ары жагында да, бери жагында да кара куурай өсөт. 10 миңге жакын гектар жер изилденген. Анын ичинен 1700дөй гектар жерде кара куурай өскөнү аныкталган. Бүгүнкү күндө механикалык жол менен 167 гектар, химиялык жол менен 648 гектар жер тазаланды. Түзүлгөн бригадалар аркылуу кол менен ишембилик өткөрүп, 281 гектар жок кылынды.

Аймакта жыл сайын кара куурайды оруп, өрттөп жок кылуу операциясы өтөт. Адатта бул ишке милицияга жергиликтүү бийлик атайын бригадалар менен жардам берет. Бирок быйыл айрым айыл өкмөт башчылар кара куурайды жок кылуу боюнча жалган маалымат берген учурлар катталды.

Кара куурайдын жалбырагын ушалап, майынан гашиш алынат. Ал эми кургатылган жалбырагынан марихуана жасалат.

Милициянын оперативдүү маалыматы боюнча, Ысык-Көлдө бир ширеңкенин кутусундагы гашиш болжол менен 1200 сомдой турат. Бишкекке келгенде баасы жүз долларга чейин чыгат.

Негизинен кара куурай чогултуп кармалгандардын дээрлик баары ишсиз жүргөндөр. Мисалы, Ак-Суу районунун Энчилеш айылынын тургуну ушул айдын башында 12 куту гашиш менен “Транзит” операциясы маалында колго түштү. Мурда бир нече жолу соттолуп чыккан бул жарандын айтымында, өзү колдонуу үчүн чогултуп алган.

Кара куурай көп өскөн райондордун бири Ак-Суу болуп саналат. Райондук милиция башчысынын орун басары Кудайберген Кендирбаевдин айтымында, мурдагыга салыштырмалуу маңзат бизнесине аралашкан адамдар азайды. Айылдыктар чогултуп даярдаган маңзатты негизинен сырттан келгендер сатып алып кетет.

- 1990-2000-жылдарга караганда мыйзамсыз маңзат жүгүрткөн адамдардын саны кыйла азайды. Маңзат бизнеси менен шугулданган адамдардын арасында мурда кылмыш жообуна тартылган адамдар кездешет. Себеби алар кайсы жерге барып кымбат сата ала турган каналдарды билет. Айыл тургундары андай каналдарды билишпейт.

Ысык-Көлдүн гашиш, марихуанасы негизинен Казакстанга, Орусияга сатылат.

Бириккен улуттар уюмунун соңку иликтөөсүнө ылайык, көлдө сезондо негизинен 2 тоннага жакын маңзат жыйнап алса болот.

Облустук ички иштер башкармалыгынын мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө каршы бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Түлөбаев кол менен жок кылуудан көп деле майнап чыкпасын кеп салууда:

- Буудай, арпалардын арасынын баары кара куурай менен жабыркаган жерлер. Дезармон жана Ларен деген дарылар бар экен. Ошол дарыларды алыш үчүн 465 миң сом керек экен. Бир гектар жерге 1 литр дары кетет экен. Дары сатып алып химиялык жол менен жок кылалы деп аракет кылдык. Тилекке каршы ал максатка жетпей калдык. Тажрыйба көрсөтүп жатат, кол менен чаап жок кылалы деп көп жылдан бери аракет болуп жатат. Бирок июлдун башында чапкан кара куурай августтун аягында кайра бир метрге чейин өсөт. Жапайы кара куурайды химиялык жол менен гана жок кыла алат экенбиз.

Кыргызстанда жапайы кара куурай негизинен Ысык-Көлдөн башка Чүйдө жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда өсөт.


Жок кылган сайын арбыган кара куурай
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:09 0:00

XS
SM
MD
LG