Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

Үй-бүлөдө жалгыз эркек, төрт карындаштын агасы Нурдин 27 жашта. Белгилүү себептерден улам каармандын аты Нурдин деп өзгөртүлдү.

Жогорку окуу жайга кирген Нурдин окуу акысын төлөйм деп жумуш издей баштайт. Сыналгыдан Казакстанга жумушка чакырган жарнама боюнча байланышып, ал жакка барып иштеп келет.

- Адегенде барганыбызда Нургали деген киши бизди алып кеткен. Анан ал жакка барганда бизди иштетип, эки айдан кийин 2 миң тенге берип, кетирип жиберди. Ал кезде виза 90 күндүк болчу, ошондуктан чек арадан жакшы эле өттүк.

Бул окуя кайталанбайт деген үмүт менен Нурдин тааныш бир адам менен шериктешип, кайрадан Казастанга иштегени аттанат. Колунда бар казак кишинин үйүнүн ичин жасалгалашат. Аңгыча 9-Май майрамы келип, бул күнү жумушун түшкө чейин жасап, эс алмакчы болушат. Андан кийинкисин Нурдин мындайча улады:

- Жакшы эле иштеп жатканбыз. Финполдо иштеген кишинин үйүн жасап жатканбыз. Майрам деп жумушту эрте эле токтотуп койгонбуз. Анан эле ошол кишинин баласы келди. Бригадирибизди уруп жиберди. Ал бригадирибиз улуу киши, мен жиним келип, ал баланы түртүп жибердим. Ал болсо "силер кайсы жерде иштеп жатканыңарды билесиңерби, жумушуңарды жасагыла, керек болсо акчаңарды бербей да койом" деп чыгып кетти.

Бир аз урушуп алгандан кийин баары тынчып калды го деген ой менен жумушчулар эс алмак болушат. Бирок иш жаман жагына ооп кеткен экен.

- Анан эле таңкы саат төрттө балдарын ээрчите келиптир. Бизди тепкилеп кетишти. Экөөбүз аябай таяк жеп калдык, менин мурдум сынды. Эртеси иштебейбиз деп чыктык.

Токмок жеген келгиндер үй ээси менен байланышат.

- Ал киши "мен аларга үч айга регистрация жасатып жатам, үч ай иштеп берсин, акчасын төлөп берем" деди. "Бул жактагы бир баланын мурду сынды" десе, "мен эч нерсени билбейм" деп койду. Анан эле аялы келип, экөөбүзгө 10 миң тенге берип, дарылангыла деди.

10 миң тенгени алган эки бала Кыргызстандын өкүлчүлүгү барбы деп сураштырып барып, Сайран вокзалына келишет. Ал жерден Кыргызстанга кетмек болушат.

- Таксист киши менен сүйлөштүк, анан ал киши паспорттору жок эле өткөрөм деп макул болду. Бир орус аялды астына отургузуп, анан кеттик. Эки посттон жакшы эле өттүк, анан үчүнчү постко жеткенде ал жерде түрк киши экен, "камайм, документтериңер жок экен" деп баштады. Анан бизди алып бара жаткан таксисттин бажыда тааныштары бар экен, ал ага айтып, биздин жүзүбүздү көрсөтүп, ошол таксист өткөрүп кетти.

Эптеп автобекетке жеткен балдар Ысык-Көлгө кете турган маршруткага барып сүйлөшүп Каракол шаарына келишет. Караңгы түндө үйгө жетип алайын деп, Нурдин бир таксистке телефонун сатат.

- Үйгө куру барбайын деп, Караколдо таксист бир байкеге телефонумду 500 сом болсо да, таттуу ала барайын деп сатып, үйгө бардым. Анан жолдон шопурга эмне болгонумду айтып бердим. Шопур "жолдошум “Лидерде” иштейт, сага жардам берет" деди.

Таксисттин жардамы менен Нурдин “Лидер” коомдук бирикмесине кайрылып, ал жактан жардам алган экен.

- Мына ушинтип “Лидер” мага бир сварка кыла турган аппарат сатып берип, паспортумду жасатып беришти жана авто мектебинде окутушту. Учурда шаарда бир жумуш таап, ошол жакта иштеп жатам.

Лидер коомдук бирикмесинин төрайымы Банура Абдиеванын айтымында, кулчулукка кабылып, жардам сурап келгендер облуста аз эмес.

- Жыл сайын беш миң киши эмгек эксплуатацияга дуушар болот. Биз 6 жылдын ичинде 253 кишини идентификациялап жана алардын тагдырын көрүп-билип, аларга ар кандай реабилитация, реинтеграция багытында жардам кылып көрсөттүк.

Ал эми эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Бермет Молдобаева болсо Кыргызстанда деле жумуш бар, бирок жарандарыбыз жакшы маянанын артынан түшүп, кулчулукка дуушар болуп жатканын белгиледи.

- Чоң агымдар менен биздин жарандар Кыргызстандан чыгып жатат. Бул жөн гана бир облустан экинчи облуска кетүү эмес. Кыргызстанда деле жумуш орундары бар, бирок биздин жарандар бул жактагы айлык акыга нааразы болуп, чет жакка барып, ал жерден жакшы айлык алам деп кетип жатышат. Ошондуктан экономикалык абалды жана жарандардын жашоосун оңдоонун үстүнөн иштөө керек.

"Лидер" коомдук бирикмесинин төрайымы Банура Абдиеванын айтымында, жардам сурап кайрылгандардын арасында аң-сезимине зак кеткендерди, ур-токмоктон жабыр тарткандарды ооруканага жаткырууга аргасыз. Ал эми биздин каармандын тобокелге салып, документин ырастабай кете бериши тагдырына канчалык азап алып келгени башкаларга сабак болоор.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG