Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Желе-Дөбөдө бирөөнү неге жеришти?


Тенти Жаманаковдун талкаланган дүкөнү
Тенти Жаманаковдун талкаланган дүкөнү

Жети-Өгүз районундагы Желе-Дөбө айылынын тургундары Тенти Жаманаков аттуу кишинин көчүп кетүүсүн талап кылып, мунун аягы чатакка айланды.

Чырды басууга барган милиция кызматкерлерине жергиликтүү жаштардын кол салганы айтылууда.

Желе-Дөбө айылынын башчысы Марат Сатыбалдиевдин айтымында, Тенти Жаманаковдун туура эмес мамилеси үчүн аны көчүрүү урааны көтөрүлгөн экен.

- Жалпы бир айылдын эли бир үй-бүлөгө нааразы болуп чыкты. Себеби өтө көп туура эмес иштерди жасап келген экен. Эмне себептен эл нааразы болуп жатканын билүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Ал адамдарды иштетип, эмгек акысын төлөп бербейт. Бирөөлөрдү жөн эле жерден кодулап, коркутуп-үркүтүп, "каматып салам" деп акчасын тартып алат. Бул тууралуу айтып, көп адам арыз менен кайрылышты.

Желе-Дөбөдө 30 жылдан бери жашап жаткан Анархан Сейдакматова азыр кетирүүгө дуушар болуп жаткан адам аны басынтып келгенин айтууда:

- Мен кызынан тыйын алгам, анан ал акчаны кайрып бергем, үстөк пайызы менен төлөп берсем үйгө балдары, кыздары, милиция менен келип, "сен өкмөткө да карызсың" деп, коркутуп жатты. Бир жолу машине менен Тентинин аялы болуп мени абысыным менен Жети-Өгүздүн милициясына дейре алып барып, ошол жактан "камайм" дегенинен ал жерден качып кеткем. Баягы күнкү окуяда эл эч нерсе дебейт болчу, өздөрү күнөөлүү. Баарыбыз коркобуз бул кишиден, бир нерсе болсо эле милицияга алып барып, каматам деп коркутат.

Желе-Дөбө айылынын башчысы Марат Сатыбалдиев (оңдо)
Желе-Дөбө айылынын башчысы Марат Сатыбалдиев (оңдо)
Ал эми Тенти Жаманаков өзү эмне дейт? Атайын уюшкан топ ушунун баарын жасап жатат деди ал "Азаттыкка":

- Андан бери эмне кылып жатты? Мен коркутуп атсам ошол учурда эле сотко берип, органдарга кайрылбайбы. Бул уюшкан топ. Менин нааразы болгонум: 13-июнда чыкты, мына ошондон бери 20 күн болду, мага нааразы болгон кишилер комиссия түзүп алган, атайын расмий комиссия түзүшпөйт. Мени сотко берсин, эгер сот туура чечсе, анда мен төлөп берейин. "Эмне үчүн мал айдайсың, эмне үчүн мал багасың" деп жатышат. "Тоңго кет" деп ачык жазып жатышат. Бир күндө ошончо жылдан бери жашаган оокатым менен кантип кетем? Эми жанагы үй-оокатымды, малымды бөлүп сатып, убакыт берсе көчүп кетейин, башка аргам жок. Болбогон нерсеге ызы-чуу болбойлу. Сабады дейт, менин колум сынган, 30га чыккан баланы кантип сабамак элем?

Бул чатакты иликтөө боюнча 13-июнда жергиликтүү бийликтин катышуусу менен атайын комиссия түзүлгөн. Бул окуя 30-июнда “Коррупцияга бөгөт” деген берүүнүн предметине айланат. Чыр ырбап кетип, мушташка жетет. Сөз Жети-Өгүз районун акими Жаныбек Дүйшөнбиевде:

- Жаманаков боюнча 23 арыз түшкөн. Эми анын ичинде "иштетип алып акчасын берген эмес", "зордук-зомбулук менен акчасын тартып алган" дегендер бар. Бул арыздын негизинде гана эмес, элдин айтуусу боюнча бир нече жылдан бери созулуп келаткан чатак. Анан айылдын тургундарынан жана райондон атайын кишилерден комиссия түзүлүп, жаңыдан иштеп келе жаткан. Кайра дагы ызы-чуу чыгып кетти, себеби ал жерге Жаманаков “Коррупцияга бөгөт” деген берүүдөн журналистти алып барыптыр. Мен ал жерге алып барбашы керек болчу деп да айта албайм. Бир аз койо туруп алып барганда мынчалык болмок эмес деп ойлойм.

30-июндагы жаңжалдын чоо-жайын райондун ички иштер башкармалыгынын башчысынын тергөө боюнча орун басары Бекжан Асанакунов мындайча түшүндүрдү:

- Ошол учурда биз ошол жерден өзүбүздүн милдетибизди аткарып турганбыз. Ал жерден биздин 4 бала жаракат алды, алар гражданский кийимчен болчу, биз формачан болчубуз, бизге тийген эмес. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканыбызда Жаманаков Тентинин баласын ошол айылдын жаштары сабап салышкан экен. Биз ошондон кийин Жаманаковдун үй-бүлөсү менен өзүнүн машинесине салып, ал жерден чыгарып кеттик.

Анархан Сейдакматова
Анархан Сейдакматова
Асанакуновдун айтымында, жергиликтүү тургундардын арызында Жаманаков атып салам деп коркутканы айтылган. Милиция Жаманаковдун мыйзамдаштырылган мылтыктарын алган. Анын үйүнөн табылган сайлуу ТОЗ-8 үлгүсүндөгү мылтык баллистикалык экспертизага жиберилди, эгер ал мыйзамсыз болсо, анда ээсине иш козголорун милиция башчысынын орун басары Асанакунов кошумчалады.

Ошондой эле Жаманаковдун баласы Тилектин сабалышы тууралуу соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, аны сабагандардын үстүнөн да кылмыш иши козголот - деди Бекжан Асанакунов.

Жети-Өгүздүн Желе-Дөбө айылындагы чатактан айрым талдоочулар жердешчилик өңүттү да байкап жатышкандай. Жергиликтүүлөрдүн каарына кабылган Тенти Жаманаков илгери милиция органдарында иштеп жүргөндө коңшу Тоң районунан ооп келип, ушул айылды байырдап калган экен.

Бул окуя Кыргызстандын кыйырына тез жетти. Укук коргоочу Нурбек Токтакунов муну жеке менчикке кол салуу, ошондой эле адам укугуна каршы иш катары баалады:

- Бийлик жок, бийликтин алы келбей калды. Мыйзам иштебейт, андай мүлктөр Кыргызстанда көп. Азыр бийлик бирөөнүн кызыкчылыгын карабай, элдин да кызыкчылыгын караш керек. Эл менен көбүрөөк иштеш керек. Ал жерге Спецназды киргизип, ошого жооптууларды жоопко тартыш керек деп ойлойм.

Бул чатак жаңы башталганда жергиликтүүлөр анын арты кесепеттүү болуп, жамы журттун көңүл чордонуна чыгат деп капарына деле албаса керек. Эми Желе-Дөбөдөгү окуя желдей эле тарап кетти.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG