Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Учкучтар акыркы жолу аба ырайы тууралуу сүйлөшкөн


Бул тууралуу кырсыктын себептерин иликтеген Мамлекеттер аралык комиссиянын төрагасы Леонид Каширский Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, акыркы жолу учкучтар Бишкектеги аба ырайы жөнүндө маалымат алып, конууга макулдугун билдирген.

Ошондой эле Каширский кырсыкка кабылган "Боинг" учагына Алматы аба бекетине конуу сунушталган деген маалыматты четке какты.

Комиссия мүчөлөрү учак камсызданырылганын билдирип, кырсыктан улам каза болгон жарандарга кенемте төлөнүшү керектигин кошумчалашты.

16-январда “Боинг-747-400” жүк учагы "Манас" аба майданынын жанындагы Дача айылына кулап, 39 адам көз жумган. (BkA)

XS
SM
MD
LG