Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:47

Соңку жылдары Ысык-Көлдө тыюу салынган диний агымдарга, атап айтканда, хизб-ут-тахрир уюмуна киргендердин катары өсүп жатканы айтылууда. Дээрлик калктын басымдуу бөлүгү кирип алган айылдар да бар деген имиштер да айтылып жүрөт.

Ошондой айылдардын катарында деп саналган Ак-Терек – Ысык-Көлдүн жээгиндеги калк жыш жайгашкан ири айылдардын бири. Бул жердин эли Жети-Өгүз районунун бардык башка айылдары сыяктуу эле алма-өрүк, картошка, эгин өстүрүп, мал багып, сатып оокат кылат.

Айыл эли дээрлик бир улуттан, бирок, диний ишенимдери бир кылка эмес. Мени менен маектешкендер аймакта барган сайын салттуу исламды тутунгандардын катары суюлуп, таблиг жамааты, салахи, ахмади, хизб-ут-тахрир өңдүү ислам агымдарынын тарапкерлери пайда болуп жатканын кеп кылышты. Буга кошумча баптизм, йегов күбөлөрү өңдүү протестанттык агымдарды тандагандар да бар дешет.

Элдин кебине караганда, айылда айрыкча хизб-ут-тахрирдин тарапкерлери арбын көрүнөт. Атын атагысы келбеген жергиликтүү коопсуздук кызматкери мындай маалыматты төгүндөгөн жок. Мамлекет бул багытта мыйзам чегинде өз милдетин аткарып жатканын айтты. Бул айыл курамына кирген Кичи-Жаргылчак айыл өкмөт башчысы Урматбек Акунов буларды айтты:

- Булар менен коопсуздук кызматы иштейт. Алар райондук коопсуздук, ички иштер кызматтарында катталышкан. Бизде булар каттоодо турушпайт.

Ошол эле кезде айыл башчы Сарыбай Абаканов бир учурда хизб-ут-тахрир кыймылына киргендер көбөйүп кеткен, бирок, азыр саны ого бетер артып жатат деген сөз чындыкка коошпойт деп ынандырды:

- Азыр хизб-ут жокко эсе. Мурункулардын баары шаарга-тияк-биякка көчүп кетишкен. Анан ким хизб-ут экенин так айта албайбыз. Булар мен “хизбутмун” деп айтышпайт экен, - деди.

Айыл арасында болсо хизб-ут-тахрир тууралуу ашык сөз айтылбайт, бул уюмга киргендерди билип-көрүп турушса да, атын атагандан качышат экен. Ак-Теректин аттуу-баштууларынын бири Болотбек Курманбаев:

- Телевизордон, радиодон айтса эле биздин айылды биринчи орунга коюшат экен. Кудага барсаң да, айылга барсаң да, актеректикмин десең эле хизбутсуңбу деп сурашат. Анан киши да ушул айылда жашап атып оңтойсуз болот, - деди “Азаттыктын” кабарчысына.

Атын атагысы келбеген дагы бир маектешибиз хизбутчулар пайда болгону ким чыныгы мусулман экенин териштирмейлер көбөйүп кетти дейт. “Айрыкча кишини акыркы сапарга узатууда ажырым байкалып, кээде жаакташуулар болуп калып атат. Башка айылдарда бир айылда бирден молдо болсо, бул айылда ар бир уруу өз молдосун шайлап алган. Бул ошо хизбутчулардын айынан болду” дейт ал.

Зарипжан молдо
Зарипжан молдо
диндин оош-кыйыштарын кабарчы менен ачык-айрым сүйлөшкөн карапайым айылдыктардын бири болду.

- Эмне үчүн ошол хизбутка өтүп алышат - мен түшүнбөйм. Мисалы, мага, биякка өтүңүз деп келбей коюшту. Тыюу салынганына карабай эле, мына канча камап атат, бир жыл, эки жылдан кийин эле кайра келип атышат.

Зарипжан молдо диний жаатта бөлүнүүлөрдүн себебин ат тезегин кургатпай айылдан айыл аралап, элди үгүттөп жаткан дааватчылардан көрөт. Мурда ал күнү-түнү ажаат ачканы айылдын кайсы жагына болбосун бара берсе, азыр ач кулактан тынч кулак деген эрежеге өткөн экен:

- Мен, албетте, корком. Түничинде мисалы, маркумду тазалык сууга алыңыз, ирээттеп бериңиз деп чакырат да ар ким. Кечинде келатканда мени бирөө томпойто чаап кетсе... Мен баргым да келбей калды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, диний жаатта айылга бүлүк салган окуялар каттала элек, хизбутчулар кээде жамаатташып, коомдук иштерге кол кабыш кыла калышат. Айыл өкмөт башчысы Урмат Акунов мектепте кызына жоолук салынтууга уруксат сураган өткөн жылкы бир кайрылууну эстеди:

- Бизге былтыр хизбуттардын бир мүчөсү кайрылып, мектепте кыз-келиндерге жоолук салынып жүрүүгө директор уруксат бербей атат деп кайрылган. Директор мектепте бирдей форма болуш керек деген экен. Мен да ага түшүндүрүп айткам, жалпы эрежени сактайлы деп. Ошол бойдон кайра кайрылган жок.

Жергиликтүү айрым мугалимдер мектепте ар кыл ишенимдерге түшүнүү менен мамлиле жасап, ошол эле учурда чектен чыгууга жол бербөө маанайы бар экенин кеп кылышты.


Өздөрүн хизбутчубуз деп тааныгандар эмне дешет?


Хизб-ут-тахрирдин эки мүчөсү кооптуу жагдай жок деген ишендирүүдөн кийин “Азаттыктын” кабарчысы менен жолугушууга макул болду. Кошуна эки айылда жашаган бул эки жигиттин бири соода, бири туристтик мекеменин иши менен алектенишет. Алар уюмдун өздөрү жашаган айылдардагы мүчөлөрүнүн так санын айтышкан жок. Тек гана идеяларын колдогондор башка айылдарда да көбөйүп жатканын, Ак-Теректе баарынан көп экенин белгилешти.

Экөө тең өздөрүн хизб-ут-тахрирдин чыныгы мүчөсүбүз деп эсептешет, бардык коомдук-саясий окуялардан маалымдар. Алар хизб-ут-тахрир идеясын камтыган милдеттүү төрт китепти үйрөнүп бүтүп, сынактан өткөндөн кийин мүчөлүккө кабыл алынышкан. Биринин тажрыйбасы сегиз жыл болуптур, экинчисиники андан азыраак:

"Хизб-ут_Тахрир" уюмунун китептери
- Китептерди ким алып келип берет силерге?

- Ал айтылбайт, өзүнүн жолу бар. Аны сизге эмес, атайын кызматтарга да айтпайбыз.

Ошону менен катар уюмдун окуусун дагы терең өздөштүрүүгө, чет өлкөгө чейин барууга даяр экенин, ислам халифаты куруларына бекем ишенишерин билдиришти. Алар хизб-ут-тахрирге мамлекет койгон айыптарды жүйөөсүз деп аташты:

- Хизб-ут-тахрир өзүнүн аракети менен эмес, мамлекеттин аракет менен көбөйүп атат. Мисалы, бизди жардыргыч, террорист, экстремист деп чаптап атат да.

Акыркы эки жылда бул айылдан экстремисттик адабияттарды таратып жатат деп ондон ашык киши камалганын хизбутчулардын өздөрүнөн уктук.

Таасирлер

Көл кылаасы орус тилдүүлөр аралаш жашаган, ошого жараша каада-салттар калыптанган аймак катары таанылган. Дал ушундай аймакта тыюу салынган хизб-ут-тахрир уюмунун идеяларын жайылткандарды же аларды ээрчигендерди Ак-Теректен эле эмес, ар бир айылдан табууга болору бир чети таңдандырат. Маселен, Дархан айылынын тургуну “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде ал айылда хизбутчулар бар экенин айтып, ишенимдердин айырмачылыктарын белгиледи:

- Анын атын аташтын деле кажети жок. Бар иши кылса. Сүйлөшкөндө эле мамилелеринен билинип калат, пайгамбардын сүннөттөрүн этибар алышпайт, куранды карманышпайт, биздин сөзүбүз деп өздөрү закон кылып киргизип алышат биздин сөзүбүз деп. Курандын кээ бир жерлерин өзгөртүп ийишет. Алардан кудай сактасын.

Мыктыбек Исмаилов - Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну. Ал салттуу динди тутунуп, беш убак намаз окуган момун мусулманмын деп эсептейт. Артында жаман сөзү көп хизб-ут-тахрир өңдүү уюмдар элдеги ишеним баалуулуктарына доо кетирип жатат деген оюн ортого салды:

- Мисалы, айылга, мечитке дааватчылар намазга өткүлө деп, ыйманга чакырып келип калса булар эмне темселеп жүрүшөт деп жаман көрүп атышат. Ак-терек айылында (коңшу айыл-ред) хизбутчулар көбөйүп кеткенигине байланыштуу эл молдолордон качып калышкан.

Чалкан Эшимбеков
Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну Чалкан Эшимбековдун көз карашында, айрыкча колунда жок карапайым адамдар радикалдуу ишенимдин таасирине көбүрөөк алдырат окшобойбу:

- Жашоо-турмуштун төмөнүнөн деп ойлойм. Өкмөт өзүнчө чара көрүп, тартипке чакырыш керек. Антпесе, өнүгүп кетсе мамлекетке зыян келтириши мүмкүн. Элдин арасында тынчтыкты бузушу мүмкүн.

Зарипжан молдо болсо ак-караны иргөөнү ар бир пенденин ниетине койду.

- Мамлекет болгон аракетин жасап атат да. КГБсы келип атат, милийсасы келип атат, сүйлөшүп атат. Бу жерде ар бирөөнүн өзүнүн ниети билет.

Хизб-ут-тахрир уюму Кыргызстанда тыюу салынган радикалдык-экстремисттик уюмдардын тизмесинде. Алардын расмий эсеби бар экендиги белгисиз. Ар кайсы маалымат булактары бул уюмга мүчөлөрдүн саны өсүп баратканын болжоп жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG