Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Сотко жеткен мектеп директору менен ата-энелер чыры


Челпек айылындагы Магрифа Рахимова атындагы мектеп-гимназиясы
Челпек айылындагы Магрифа Рахимова атындагы мектеп-гимназиясы

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылындагы Магрифа Рахимова атындагы мектеп-гимназиясы ызы-чуудан арылбай келе жатканына төрт айдын жүзү болду.

Ата-энелер мектеп директорун мыйзамсыз акча чогултуп, мугалимдерди жумушка алууда пара талап кылып жатканын айтып, мындан сырткары мектеп имаратынын бир бөлүгүн мал сарай кылып алган деп айыпташууда. Бирок мындай дооматтарды жалган жалаа деп эсептеген мектеп директору Дамира Курманова төрт ата-энени сотко берген.

Былтыр күзүндө Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылындагы Магрифа Рахимова атындагы мектеп-гимназиясына келинчегин жумушка орноштурмакчы болгон айыл тургуну Азамат Осмонов мектеп жетекчисине болгон нааразычылыгын мындайча билдирди.

- "Бир семиз кой бересиң. Мен конок тосушум керек. Сенин аялыңдын кесиби химия, биология боюнча экен, менде ага орун жок. Бирок башталгыч класстарга же адеп сабагынан мугалим кылам. Мен ал үчүн райондон келген кишилерди колго алып коюшум керек, бир кой бер" деди. Бирок менин өзүмдүн жашоом анча эмес, ал айткан бир койду таба алган жокмун. Ошентип, келинчегим жумушка алынган эмес.

Ал эми Жолдошбек Оморов атуу айыл тургуну келинчеги 10 миң сом берип, орус тил мугалими болуп мектепке орношконун, бирок эки күндөн кийин аны жумуштан кайра кетирип салганын айтты.

Дамира Курманова
Дамира Курманова

Бирок мектеп директору Дамира Курманова ага коюлуп жаткан дооматтар менен макул эмес. Бул ата-энелердин гана жалган жалаасы дейт ал:

- Эч кимден кой, акча талап кылган эмесмин. Алардын акчасын көргөн да эмесмин. Ооба, келишкен, жумуш сурап кайрылышкан, бирок аларды мен мектепте ашыкча саат жок деп эле кайра кетиргем.

Дагы онго жакын ата-эне директор Дамира Курманова окуучулардан пол жууган чүпүрөк, чака, шыпыргы жана мектептин журналына, мындан сырткары, ноябрь айында 10 жана 6-класстардан эшиктерди оңдотууга деп 180 сомдон акча чогултканын айтып чыгышкан.

Эмгек сабагы үчүн 10 киллограммдан карагаттын жалбырагын алып келүүнү да буйруптур. Аталган мектепте үч баласы окуган Азымкул Ракымбаев мындай көрүнүштөргө биринчи болуп каршы чыкканын айтат.

Азымкул Ракымбаев
Азымкул Ракымбаев

- Балдарым күн алыс эле мектепке акча алып барыш керек дешет. Бир жолу эмгек сабагына он килограмм карагаттын жалбырагын алып келгиле дегенин угуп, ачуум келип бардым. Мен өзүм ата-энелер комитетиндемин. "Акчаны кандай негизде чогултуп жатасыңар" десем, "Элдин баарын сен бузуп атасың" деп, кайра мени беттен алды. Мектептин кем-карчысына айыл өкмөттөн жылына 70 миң сом бөлүнөт, Курманова мына ошол каражаттын отчетун да бербей келе жатат. Өзүмбилемдикке салып, мектеп имаратынын бир бөлүгүн мал сарай да кылган.

Буларга директор Дамира Курманова мындайча жооп берди.

- Буга чейин жыйналыш болуп, мен ушул маселелердин бардыгын түшүндүрүп берейин десем, ал киши кыйкырып, такыр эле укпай койду. Ошондон баштап ал киши айылды түтүнмө-түтүн кыдырып, "Директор сага эмне кылды эле" деп, ар бир кишиден маалымат издеп жүрөт. Анан эки-үч кишини таап алып, январдан бери мага тынчтык бербей, ар кайсы жерге кайрылып жүрүшөт.

Курманова мектеп короосундагы мал сарай кароолчунуку экенин, ага боору ооруп, уруксат бергенин билдирди. Райондук санитардык-эпидемиологиялык кызмат текшерип, тыюу салган соң гана мал сарай жабылган. Ал эми окуучулардан акча ата-энелер комитетинин макулдугу менен чогултулат экен. Айыл тургундары болсо балдардан акча чогултууга тыюу салган Билим берүү министрлигинин буйругу аткарылышы керек дешүүдө.

Ата-энелердин арызы боюнча облустук деңгээлде түзүлгөн комиссия директордун айрым иштеринде кемчилик бар экенин аныктап, райондук билим берүү бөлүмүнө Курманованын кызмат ордун кароо сунушун берген.

Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева:

Рита Борбукеева
Рита Борбукеева

- Мектеп директору Дамира Курманова айылдык кеңештин да депутаты экен. Ал ошонусунан да пайдаланып, ата-энелерди тоотпойт экен. Жөн эле кагып силкип, бизди да көзгө илген жок. Биз буга комиссиянын отуруму учурунда күбө болдук. Ал эми мектеп короосуна мал сарай кылганы, окуу жайга тиешелүү зым карагай, контейнерлерди үйүнө алып кетип калгандыгы боюнча аракеттерин туура эмес дедик. Бирок биз мыйзам боюнча мектеп директорун кызматтан ала албайт экенбиз. Андыктан Курманованын кызмат жоопкерчилигин кароону райондук билим берүү башкармалыгына сунуштадык.

Ак-Суу райондук билим берүү башкармалыгы болсо облустук комиссиянын сунуштамасын карап чыгып, Дамира Курмановага сөгүш берген. Ата-энелердин айтымында, мына ушул териштирүүлөрдөн кийин мектеп директору 2014-15- окуу жылы аяктаса, жумушунан өз каалоосу менен кетерин убада кылган. Бирок Куманова азыр мындай сөз оозунан чыкпаганын айтууда. Ал, тескерисинче, жалган жалаа жапты деп төрт ата-энени сотко берген.

Орток пикирге келип, бирок кайра айнып кеткен директордун мындай кадамы туура болбой калганын Челпек айылдык кеңешинин төрага орун басары Турдубек Очкеев белгиледи.

- Ынтымакташып, келишимге келгенде дал ушундай деп чечилген. Пенсияга да жашы келип калыптыр, өзү да ушул жылдын акыры менен кетем деп сөз берген. Эми кайра ата-энелерди сотко бергени эмнеси? Бул аял эмнени каалап жатканын мен түшүнбөдүм. Пенсияга жашы келиптир, кетсин эми. Жаштар бар. Пенсионерлерди жакшынакай узатып, жаштарга орун берели дегендей.

Директор Дамира Курманова учурда Ак-Суу райондук сотунан төрт ата-энеден 1 млн. сом өндүрүп берүүнү талап кылууда. Ал эми мектептин каржылык чыгымдарын Экономикалык кылмыштарга каршы кызматынын облустук башкармалыгы текшерип, кылмыш ишин козгоого негиз жок деген тыянак чыгарганын кошумчалады. Бирок нааразы ата-энелер билим берүү башкармалыгы баш болгон мамлекеттик мекемелер мектеп жетекчисинин өзүм билемдигине көз жуумп жатышканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG