Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Көлдөн баар тапкан балдар


Жайкысын Ысык-Көлгө жалаң гана эс алганы эмес, бизнес жасаганы да келишет. Эгер улуулар өзүнө жараша акча тапса, өспүрүмдөр да билген бизнесин жасап кетишет. 10 жаштагы Айжан Ат-Башыдан келип, туристтерди тейлөөдө.

Туризмдин чордону болуп саналган Ысык-Көл районунун көл жээгинде акча табуунун ар кандай жолдорун тапкандар жылдан жылга көбөйүп баратат.

Иштегендердин арасында улуулар гана эмес, жайкы эс алуу күндөрүн кур өткөрбөй, мектепке да кийим-кечекке каражат тапкан өспүрүмдөр аз эмес.

Жергиликтүү өспүрүмдөр көпчүлүгү чатыр, эс алгандар жаткан дивандарын, же катамаранды ижарага алып иштетип, канча бир пайызын өздөрүнүн чөнтөгүнө калганын ээсине беришет.

Айжан жалгыз эмес, көл жээкте апасы, байкеси болуп чогуу иштешет. Апасы балык, жүгөрү бышырып сатса, эки баласы баштыкчаларга семичке, маш буурчак салып алып, жээктегилерге сунуш кылып кыдырып жүрөт. Белине асынган сумкасына бышырылган жүгөрүнү жылуулап салып алган.

Айжан көл жээкте иштеп, ошону менен катар эс алам дейт:

- Мен азыр 10го чыктым. Ат-Башынын Жаналиев атындагы мектептин 4-классына көчөм. Баары эле жакшы. Мага көл жакты. Көл Нарынга караганда жылуу экен.

Айжан быйыл биринчи жолу иштеп жатса, 13 жаштагы байкеси экинчи жылы иштеп жаткан экен. Саматтын айтымында, ал былтыр жүгөрү сатып, 3 миң сом тапкан. Апасы, карындашы үчөө Көлдөгү эжесиникине келип конуп, ушинтип жайкысын акча таап кетишет.

Былтыркы тапкан акчасына мектепке кийим алгандан кийин Самат быйыл да Ысык-Көлгө жөнөгөн. Өзү эле келбей, минтип карындашы Айжанды да үйрөтүп жатканын карабайсызбы. Айжан керээли-кечке жүгөрү сатып, каш карайган маалда көлгө чумкуйт.

- Эртең менен жүгөрү алып сатам, аны сатып бүткөндө көлгө түшөм. Жүгөрүнү кечке чейин сатам.

Тажрыйбасы жок Айжандын азырынча соодасы шыр кете элек. Бир жүгөрүнү 30дан 50 сомго чейин сатат.

- Бир күндө онду эле сатам. Бир күнгө деп 10 жүгөрүнү баштыкка салып алам.

Жүгөрүнү жылуу кармаш үчүн целлофан баштыкка, анын сыртынан чүпүрөккө ороп туруп, мектепке асынган сумкага салып алышат.

Айжан агасынын жолун улап, жайы бою акча таап, кийимин өзү сатып алгысы келет.

- Мен бул жактан акча табам, окууга даярданам, кийимдеримди алам. Былтыр жөн эле эс алганы келгем. Эми августтун акырында Нарынга кетем.

Айжан сыяктуу секелек кыздар же анын агасындай өспүрүмдөр көлдүн жээгинде толтура. Жергиликтүүлөр менен катар алар Нарындан, Чүйдөн келишкен. Бир жагынан пайда да таап, бир жагынан сууга түшүп келдим деп көңүлү жайдары кайтышат окшобойбу. Иши кылса, ырыскы баарына жетип турган кез.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG