Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Ысык-Көл: кантип туристтерди көбөйтөбүз?


"Көз ачып жумганча жеттик"
"Көз ачып жумганча жеттик"

ЮСАИД Ысык-Көлдө чет өлкөлүк эс алуучулардын санын көбөйтүүгө жардам берип жатат.

Ушул максатта аталган эл аралык уюмдун Жергиликтүү өнүгүү программасынын колдоосунда өткөн аптада “Ысык-Көлдү айланып” аттуу тур өттү.

Анын алкагында Алматы-Тамчы-Алматы алгачкы коммерциялык аба каттамы ачылды. 10-июлдан тарта Ысык-Көлдүн бир жээгинен экинчи жээгине кеме маал-маалы менен каттаганы жатат. Велотур уюштурулуп, туристтик маалдын ачылышына карата музыкалык фестиваль болду.

30-июнда Алматыдан учкан 48 орундуу Ан-24 үлгүсүндөгү учак Тамчы айылындагы Ысык-Көл аба майданына конду. Эми бул учак туристтик маал аяктаганга чейин - август айынын аягына дейре - жумасына эки ирет, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү каттап турмакчы.

Алгачкы коммерциялык аба каттам менен казакстандык эс алуучулар менен кошо туристтер компаниялардын өкүлдөрү Ысык-Көлдүн даярдыгы менен таанышуу үчүн келишиптир.

Казакстандагы “Байтерек” туристтик фирмасынын жетекчиси Раушан Сартаева Алматыдан Ысык-Көлгө түз эле учуп келүүнү каалагандар көп эле болорун кеп салып берди:

- Сиз билесизби, биз ушундай Ысык-Көлгө жаңы аба каттам ачылып жатат деп туристтик фирмаларга маалымат жөнөтсөк, бизге аябай көп телефон чалышты.

Учак менен келүүнү каалагандар жетиштүү эле. Учактын кебетеси шүгүр деп айта турганчалык эле. Советтик доордогу учак, бирок жакшы эле учуп келдик.


Негизинен Ысык-Көлгө эс алганы келгендердин барандуу бөлүгүн Казакстан менен Орусиянын жарандары түзөт. Казакстандагы “Компас” туристтик агенттигинин башчысы Данияр Исаковдун айтымында, жаңы каттамдын ачылышы туристтердин санын көбөйтүүгө өбөлгө болмокчу:

- Ысык-Көл Казакстанга эң жакын курорт болуп эсептелет. Азыр бирок чек арада проблемалар бар. Жолду да оңдоп жатышыптыр. Ушундан улам эс алууга келаткан адамдар бир нече саат бою жолдо кармалып калышат. Жол өтө эле узарып кетет. Келгиче чарчап калышат.

Ошондуктан ушундай тур ачтык. Ысык-Көл негизинен алматылыктардын сүйүктүү жери. Алматалыктар тынбай келип-кетип турушат. Алтүгүл бир сезондо бир нече жолу эс алгандар бар.


Алгачкы коммерциялык аба каттамды ачууда ЮСАИД маркетингдик жардам көрсөттү. Алматыдан Тамчыга учуп келип кеткен билеттин баасы 200 доллардын тегерегинде турат.

Аба каттамды уюштуруп жаткан туристтик компаниялардын бири, Кыргызстандагы “Муза, туризм жана саякат” туристтик агенттигинин жетекчиси Мирали Мухамедзиевдин билдиришинче, алар бул аба каттамдан пайда табууну көздөп жатышпаганын айтты:

- Биз туристтердин учуп келиши үчүн акча төлөп жатабыз. Бул чындыгында эле ошондой. Биз муну адамдар учуп келүүнүн айырмасын билсин деп жасап жатабыз. Биз эгерде туристтер айырманы билсе, ыңгайлуу жагын издей баштайт деп үмүттөнөбүз. Биз бул иштерди келечек үчүн жасап жатабыз.

Кышында тоодо чана тепчү маал башталганда Алматы-Каракол-Алматы каттамы да ачылганы жатат.

Ысык-Көлдөгү жергиликтүү бийлик өкүлдөрдүн айтымында, Иран жана Орусия менен аба каттамдарды уюштуруу пландаштырууда. Азыр Тамчы аэропорту толугу менен курулуп бүтө элек. Ага инвесторлорду издеп жатышат. Кытайдан да караштырып жатышат.

Кечинде музыкалык фестиваль өттү
ЮСАИДдин жергиликтүү өнүктүрүү программасынын жетекчиси Кен Накбар Кыргызстандагы туризм тармагын өнүктүрүү боюнча үч жылдык долбоор иштелип чыкканын билдирди.

- Биз Кыргызстандын бардык аймагында туризмди өнүктүрүү боюнча стратегияны аныктадык. Албетте көңүлдүн чордонунда Ысык-Көл турат. Экинчи орунда Улуу Жибек Жолу турат. Биз Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн биосфералык аймагында туристтер үчүн маалымат борборун ачууга жардам берип жатабыз.

Сергей Ильчишин - Чолпон-Атадагы “Круиз” деп аталган яхта клубунун деректири. Ысык-Көлдүн бир жээгинен экинчи жээгине маал-маалы менен кеме каттамын ушул клуб уюштурганы жатат:

- Биз кемелерди оңдогон заводдон техникалык кароодон өттүк. Кеменин бардык тарабы текшерилди. Эми биз беш жыл бою иштей берсек болот.

Ыр да, бий да болду.
Адистердин айтымында, көлгө туристтерди тартуу үчүн аларды эң ириде кызыктыруу керек. Ошондон улам "Круиз" көлдүн түбүнө чейин сүзүп барууларды келет. Бул кызмат айрыкча казакстандык туристтик фирмалардын кызыгуусун жаратты.

Алматыдагы "Байтерек" туристтик фирмасынын жетекчиси Раушан Сартаева Сергей Ильчишинден уламыштарда айтылган Ысык-Көлдүн түбүнө чөккөн байыркы шаарды тактап сурап жатты:

- Сиз көлдүн алдында калган шаарды көрдүңүз беле?

- Жок, көргөн эмесмин, бирок биз аны издеп жатабыз. Шаар болжол менен көлдүн алдында.
Ысык-Көл негизинен алматылыктардын сүйүктүү жери. Алматалыктар тынбай келип-кетип турушат. Алтүгүл бир сезондо бир нече жолу эс алгандар бар.

- Мен муну сурап жаткан себебим, биз казакстандык туристтик фирмабыз. Биз чет өлкөлүк туристтерди кабыл алабыз. Аларды кызыктыруу үчүн уламыш керек.

- Ооба, суу алдында калган шаар тууралуу көп адамдар дайыма эле сурайт. Айрыкчы чет өлкөдөн келгендер. Бул өтө көп жыл мурун болгондуктан ал илдин алдында.

- Жок, сиз билесизби, көлдүн үстүнөн учуп баратканда ал жактан түбүндө шаар жаткандай көрүнөт экен. Мен аны өз көзүм менен көрдүм.

- Баары туура, шаар бар. Көлдүн чыгыш тарабында шаар бар деген жерде Түп суусу келип куят. Ал дайыма ылайланып турат. Ал жерде кыштан жасалган тепкич бар. Баса, ал кирпичтер биздин музейде бар.

Ырчы Каныкей
ЮСАИДдин колдоосу менен өткөн “Ысык-Көлдү айланып” аттуу турдун алкагында 2-июлда велосипед жарышы болду. Балыкчы шаарынан Тоң айылына чейин 80ден ашык киши 100 чакырым аралыкка велосипед тээп барышты. Жарышка Кыргызстандан башка да Казакстан, Германия, Жапония жана АКШнын өкүлдөрү катышты.

Тур музыкалык фестиваль менен аяктады.

Кыргыз бийликтери быйыл эки миллиондой турист келет, 500 миллион доллар түшөт деп болжоп жатышкан. Бирок кыргызстандык туристтик фирмалар минтип божомол айтуудан карманып турушат.

Маселен "Кыргыз Эко тур" туристтик компаниянын жетекчиси башкы деректири Замира Койчиеванын айтымында, туристтерди тартуу бир канча себептерден көз каранды экен:

- Эми келчү туристтердин санын эч ким айта албайт. Бул төлгө да. Биз мисалы беш миллион доллар түшөт деп айта албайбыз. Бул пландаштырчу иш эмес. Эми көбүрөөк алып келгенге аракет кылып жатабыз. Бирок быйыл сезондун башталышы жакшы. Сезон кичине кечирээк башталып, эс алуу жайлардын көбү бир аз кечирээк ачылып жатат. Көбү анча деле даяр эмес. Бирок башталышы жаман эмес.

Азыр Ысык-Көлдө эс алуу үйлөрү 20-35 пайызга толгон экен. Кыргызстанда соңку коогалуу окуялардан улам былтыр өлкөнүн туризм тармагы чыгаша менен чыккан болчу.

Макалада колдонулган сүрөттөр ЮСАИД тарабынан сунушталды.

XS
SM
MD
LG