Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

Кумтөрдүн акчасын дагы өөнөштү


Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна "Кумтөр" ишканасынын кирешесинин бир пайызы түшүп турат
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна "Кумтөр" ишканасынын кирешесинин бир пайызы түшүп турат

Башкы прокуратура Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун каражатынын мыйзамсыз пайдаланышы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Көзөмөлдөөчү орган Тоң районундагы төрт айыл өкмөтү үчүн муниципалдык унааларды сатып алууда жана ижарага берүүдө каржылык мыйзам бузууга жол берилгенин аныктап чыкты.

Башкы прокуратура Тоң районундагы төрт айыл өкмөтүнө жүк ташуучу унаа сатып алуу үчүн тендер жасалма өткөрүлгөнүн, кийин ал унаалар ижарага мыйзамсыз берилгенин аныктады.

Башкы көзөмөлдөөчү органдын маалымат кызматынын өкүлү Нурлан Тагаев бул факт боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген айыптын негизинде кылмыш иши козголгонун “Азаттыкка” билдирди:

- Текшерүүдө Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун жетекчилиги аталган фонддун жобосундагы эреже-талапты бузганы аныкталды. Тактап айтканда, жүк ташуучу унаа сатып алуу үчүн тендер формалдуу түрдө өткөн. 2013-жылы 17-сентябрда Тоң районуна караштуу Көл-Төр, Көк-Мойнок, Тоң жана Улахол айыл өкмөттөрүнө бирден 9 миллион 424 миң сомго төрт жүк ташуучу унаа сатылып алынган.

"Кумтөр" ишканасына таандык жүк ташуучу унаа
"Кумтөр" ишканасына таандык жүк ташуучу унаа

Муниципалдык жүк ташуучу унаалар ТЛГМ деп аталган коомдук бирикмеге ижарага берилген экен. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анда жергиликтүү кеңештин макулдугу алынбай, ижара акысы эсептелип-чоттолгон эмес. Эң башкысы, бул коомдук бирикменин түзүүчүлөрү Тоң райондук акимчиликтин жетекчилери жана айрым айыл өкмөт башчылары болгон. Текшерүүдө мамлекетке 17 миллион сомдон ашык зыян келген деп эсептелди.

Уланбек Маликов Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун башчысы болуп жакында эле дайындалды. Ага чейин аталган фонддун алдындагы байкоочу кеңештин мүчөсү болгон:

- Пландаштырууда “Хово” үлгүсүндөгү унааларды сатып алуу жана аларды кайра “Кумтөр” ишканасына ижарага берүү, андан түшкөн каражат ошол айыл элинин муктаждыгына пайдаланылат деп жазылган. Текшергендер каражат мыйзамсыз пайдаланылган, келишим туура эмес түзүлгөн деп айтып жатат. Эми аны прокуратура текшерип, сот аныктайт да. Мен эмне болгонун чынында эле айта албайм. Байкоочу кеңеш ошол корой турган каражаттын жобого ылайык келер-келбесин карайт. Мисалы, ошол унааларды муниципалдык кылып иштетсе болот, менчиктеп алганга болбойт.

Айыл өкмөт башчылардын жоопкерчилиги болуш керек. Тендерди Ысык-Көлдөн башка жерде катталган фирмалар утуп алып жатат. Кийин маселе чыкканда ал фирмалардын дайын-дареги табылбай калып жатат.
Эркингүл Иманкожоева

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна “Кумтөр” ишканасынын жылдык кирешесинин бир пайызы түшүп турат. Мисалы, былтыр 400 миллион, андан мурунку жылы 360 миллион сом бөлүнгөн. Фонддун башчысы Уланбек Маликовдун бышыкташынча, каражаттын теңи Балыкчы шаарына, Тоң, Жети-Өгүз райондоруна, ал эми калган жарымы аймактагы башка район-шаарларга элинин санына жараша берилет:

- Мисалы, Жети-Өгүздүн элинин саны көбүрөөк, ошондуктан Жети-Өгүз көбүрөөк алат. Андан кийин Тоң, Балыкчы, калган райондор болуп бөлүнөт. Облуста отурган жетекчилерге караганда айыл өкмөт, акимдерге жеринен көрүнүп, билинип турат деп райондордун өзүндө байкоочу кеңештер түзүлгөн. Айылга керектүү иш-чаралардын долбоорлору ошол байкоочу кеңештердин көзөмөлү менен түзүлүп келет. Андан кийин облустук байкоочу кеңешке келгенде аким бекитип берген долбоорлорду карайт. Облустук байкоочу кеңеш фонддун жобосуна туура келер-келбесин гана карайт. Ал эми тендер өткөрүү, каражаттын туура пайдаланышына Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду жооп берет. Мен фондго жетекчи болуп жаңы эле дайындалдым. Мен келердин алдында прокуратура текшерип кеткен экен. Эми анын жыйынтыгы кандай болгонун айта албайм.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Эркингүл Иманкожоева айыл өкмөттөрүндө тендер өткөрүүдө бир катар алешемдиктер бар экенин айтууда:

- Тендер ачык өтүшү керек да. Айыл өкмөттөрү тендерди өздөрү өткөрүп жатат. Мисалы, Дархан айыл өкмөтүндө спорт комплекси салынган. Ошондо тендерди “Нарктуу” деген фирма утуп алган. Мен өзүм көзөмөлдөп жатып айыл өкмөтүнө иш козготуп, соттолгон. Анткени буудай-арпа сакталган эски кампаны эле бир метрдей гана өйдө көтөрүп туруп, үстүн жаап койгон. Кийин бул фирма дагы башка жерде каржылык мыйзам бузууга барганы да аныкталды. Ошондуктан айыл өкмөт башчылардын жоопкерчилиги болуш керек. Тендерди Ысык-Көлдөн башка жерде катталган фирмалар утуп алып жатат. Кийин маселе чыкканда ал фирмалардын дайын-дареги табылбай калып жатат. Ошондуктан тендерди өткөрүп жаткан жетекчилердин жоопкерчилиги катуу каралышы керек.

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун акчасынын пайдаланышы боюнча негизи жылда эле кылмыш иш козголот. Башкы прокуратура былтыр аталган фонддун жооптуу кызматкерлери аймактагы бала бакча, мектеп, оорукана өңдүү социалдык объекттерди оңдоодон акча өөнөп жүргөнү аныкталганын билдирген. Бул факт боюнча 30га жакын адамга айып тагылган. Азыр соттук териштирүүлөр бүтө элек.

Андан мурдагы жылдарда тегирмен сатып алуу, балык чарбасын уюштуруу үчүн өткөрүлгөн тендерлерде каржылык мыйзам бузуулар болгон деп маалымдалган эле.

XS
SM
MD
LG