Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:00

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл акыны Сооронбай Жусуев быйыл 90 жашка чыкты. Маарекеге карата Бишкекте акындын чыгармачылыгына байланыштуу бир нече иш-чаралар белгиленген. Ушул тапта Кыргыз улуттук китепканасында ардагер калемгердин китептеринин жана сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтүп жатат.

Адабиятчылар Сооронбай Жусуевди улуттук адабиятта өз орду бар классик акын катары баалап келишет. Быйыл 90 жаштын ашын ичип жаткан акын “Азаттыкка” азыр деле чыгармачылык менен иштеп жатканын айтты:

- 2013-жылы жарык көргөн он бир томдугума жалаң тандалган чыгармалар киргизилген. Эми андан бери деле жазып жатам. Бирок азыр жаш кездегидей жаза албай калдым. Ден соолук, эргүү керек экен. Бирок калемимди жетимиш жылдан ашуун колуман түшүрө элекмин. Элге уят болбоюн деп дурус ой келген кезде азыр деле жаза калам. Мындан ары аз-аздан болсо да жаза бермекчимин.

Сооронбай Жусуев ушул куракта өзүн сергек алып жүрүү үчүн Күн менен кошо ойгонуп, дене көнүгүүлөрүн жасап, табият коюнунда болууга умтуларын, ал ортодо таңкы тамакка чейин төрт-беш сап ыр жазып аларын айтып келген.

Кыргыз Эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун айтымында, улуттук адабияттын тарыхында ыр менен роман жаратуу чанда гана авторлордун калемине таандык. Сейрек учураган ошондой таланттардын катарында Жусуев да бар. Кезинде анын ыр менен жазылган «Курманжан датка» романы чоң сөз болуп, мамлекеттик Токтогул сыйлыгына татыганы бекеринен эмес:

- Кийинки мезгилде кыргыз адабияты, анын ичинен поэзия бир багытта өнүгүп кетти. Ырлар лирикалык багытта гана жазылып калды. Сооронбай Жусуевдин поэзиясы эпикалуу, мекенчил, салттуу поэзия. Биз азыр ошол жолду кенебей баарыбыз эле жеке кайгыбызды ырдап калдык. Ал эми Жусуев болсо эпикалык чабыттуулукту ара жолго таштабай, бүгүнкү күнгө чейин нускалуу улантып келаткан акын. Мен анын “Тирүүлөргө” деген мыкты, чыныгы мекенчил поэмасын кыргыз адабиятынын ушул жанрдагы өзгөчө чыгарма деп эсептейм.

Жакшылыков буга улай акындын эгемендик жылдары жазган чыгармалары адабиятчылар тарабынан астейдил иликтөөгө муктаж экенин кеп салды.

Жуурулушкан эпика менен лирика

Адабиятчы Абдыкерим Муратов болсо Сооронбай Жусуев улуттук поэзияда эпикалуулук менен лирикалуулукту жуурулуштурган акын экенин белгиледи:

- "Исхак Раззаков", "Курманжан датка" даректүү романдары кыргыз адабиятында сейрек кездешкен көрүнүш. Бул кезинде өз баасын алууга тийиш. Ошол эле мезгилде Жусуев дүйнөгө таанымал акындардын эмгектерин кыргыз окурмандарына тартуулап, элибиздин руханий жана маданий дүйнөсүн байытууга олуттуу салым кошту. Ошол эле учурда өзүн ар тараптан байыткан. Мисалы, кыргыз адабиятында көп иштелбеген поэзиянын сонет деген формасы бар. Бул киши дүйнөлүк адабияттан сонеттерди которуп жүрүп ушул формада мыкты чыгармаларды жазып берди. Тилекке каршы, ошолор да жакшы изилденбей жатат.

Муратовдун айтымында, Сооронбай Жусуев 60-жылдарда кыргыз поэзиясынын гүлдөгөн доорун жараткан акындардын бири. Ал ошол мезгилде Горький атындагы адабий институтту бүтүп келип, адабиятка жаңы багыттагы “Түрмөк булуттар”, “Чагылган” сыяктуу поэмаларын берген.

Жусуевдин шакирттеринин бири, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Карбалас Бакиров Сооронбай Жусуевди лирик акын катары баалайт экен.

- Ошондуктан анын 200-300дөй ырына обон чыккан. Ырларынын баары өзүнөн өзү эле обон чакырып турат. Анын жаш кезинде жазган момундай ыры бар:

Жашырыпсың көзүңдү тийген Күндөн,

Жамалыңа нур берип сүйгөн Күндөн.

Гүлдөр сенин көзүңдү карап калчу,

Куштар көрүп көзүңдү канаттанчу.

Бир көрсөм деп асманда токтоп булут,

Кайра жылат көзүңдү жоктоп туруп.

Көз айнекти башкалар тагынышсын,

Сен тагынып эмнеге жаңылыштың?

Сенин көзүң тоо көлү таза турган,

Көз эмес да башкадан ката турган.

Көңүлүмдү эргитип күлмүңдөгөн,

Көзүңдө эле үмүтүм бүлбүлдөгөн.

Көйкөлөйүн көз нуруң жамынайын,

Көз айнекчен карачы кагылайын...

Негизи акындардын ар кандай түрлөрү болот. Айрымдары жакшы ырларды берип туруп кийин токтоп калат. Ал эми Сокебиз оргуган булак. Ал азыр деле ушундай жалындуу ырларды жаратып келет.

Бакировдун айтымында, улуттук жазма адабиятта Сооронбай Жусуевдин тизмеге батпаган жоон топ шакирттери бар. Аксакал акын өзүнөн кийинки ар бир муундун татыктуу өкүлдөрүнө сереп салып, жазганын талдап, аны «Сөз кудурети» деген ат менен көлөмдүү китеп кылып жарыкка чыгарган.

Кыргыз Республикасынын Баатыры Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар кыштагында төрөлгөн. 1943-жылы 18 жашында армияга чакырылып, атактуу Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөгөн.

Алгачкы ыр жыйнагы 1950-жылы «Эмгек күүсү» деген ат менен басмадан чыгат. Андан бери акындын 30дан ашык китеби кыргыз тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

XS
SM
MD
LG