Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Таалайбек Зикиров: иштебеген аткаминерге чара көрүлөт


Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков, 19-апрель, 2010-жыл
Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков, 19-апрель, 2010-жыл

Ош облусунун губернаторунун орун басары Таалайбек Зикиров аймакта иштебеген аткаминерлерди текшерип, чара көрүү аракеттери тууралуу маек курду.

“Азаттык”: Сиздер мындан ары аймактагы мамлекеттик кызматкерлердин кылган иши ээлеген кызматына туура келеби, же келбейби деп текшергени жатыпсыздар. Айтсаңыз, бул эмне себептен чыкты?

Таалайбек Зикиров: Губернатор Сооронбай Жээнбеков жана анын орну басарлары жер-жерлерге, айыл өкмөттөргө чыкканда элдерден түшкөн арыздар, элдердин талаптарын эске алып, иштебеген мекеме-уюмдарга чара көрөлү деген ойдо ушул иштер башталды.

“Азаттык”: Эл эмнелерди айтып арызданып жатат?

Таалайбек Зикиров: Алар жолдор оңдолбойт дешет, анткени айыл жеринде жолдор тез-тез бузулуп турат. Каналдар тазаланбай калып, суу келбей калышым мүмкүн. Акыркы убакта мына ветеринардык кызматкерлер жетишпейт, мал оорусу чыгып жатат. Кээ бир салыктын түрлөрү боюнча мүмкүн ошол мекеме-уюмдардын жетекчилери салык аз чогултулушу мүмкүн.

Губернаторубуз жылдын жыйынтыгы боюнча Алай, Араван, Кара-Кулжа, Өзгөн райондоруна барганда акимдерге талап койду. Эми ар сайын ар бир тармак боюнча жыйын өтүп, алардын ишин иликтеп эгер иштей албай турган болсо жетекчилерге эскертүү, сөгүш берип, керек болсо ишине татыктуу экени жөнүндө катуу талаптарды коюп жатат. Анын ай сайын жыйынтыгын карайбыз деген ойдобуз.

“Азаттык”: Аларды кантип текшересиздер? Отчет аласыздарбы, же ошол эле элдин пикирин сурайсыздарбы?

Таалайбек Зикиров: Эми жер-жерлерден бизге түшкөн арыздар болот, ошолордун негизинде текшеребиз. Анын акимдерге тапшырмалар берилди дебедимби, ошол акимдердин ишин ордунда, жеринде көрүп, ага баа берип, анын негизинде иш-чаралар аткарылат.

“Азаттык”: Кыргызстанда адатта кимдир бирөөнү кызматта алса, же кызматынан төмөндөтсө, анын жактоочулары чогула калып ар кандай акцияларды уюштуруу башталат эмеспи. Ушундан улам сиздер мындай аракеттериңиздер менен Оштогу стабилдүүлүккө шек келтирип албайсыздарбы?

Таалайбек Зикиров: Мурда жетекчилер айтчу эмес беле кызматтан алынганын телевизордон көрүп калдым, же газетадан окуп калдым деп. Эми мындай болбойт. Биз ошону ордунда терең иликтеп, анын кемчилигин мойнуна коюп, мыйзам чегинде жумуштан алынат. Анан бардыгы далилденип турса туугандарын, же жакшы санаалаштарын чогултуп чыккан жетекчи чынында эле иштебей, тууган-уругунун колдоосунда жүргөн жетекчи аталып калбайбы.

“Азаттык”: Мыйзамдарга ылайык, аткаминер кандай учурда иштен алынат?

Таалайбек Зикиров: Өзүбүздүн Эмгек кодексибиз бар. Ар бир жетекчинин өзүнүн функционалдык милдети болот. Ошону аткарыш керек. Анан өздөрүнүн жогору жактан жетекчилиги койгон талаптары, милдеттери бар. Ай сайын, квартал сайын коюлган милдеттерди аткарбаса анда андай жетекчилер жумуштан кетиши керек.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG