Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:19

“Памир көпүрөлөрү” коомдук фондунун Кыргызстандагы өкүлү Ишемби Оболбеков менен маек.

Элла Майяр - 30-жылдары колхоздошо баштаган кыргыз жерин кыдырган европалык биринчи аял саякатчы, фотожурналист. Анын фото көргөзмөсү Бишкекте жакында ачылат. Майярдын “Теңир-Тоодон Кызыл-Кумга” аттуу китеби француз тилинен кыргызчага 80 жылдан кийин которулду.
1920-30-жылдары дүйнөдө чоң окуялар болуп аткан мезгил. Орто Азия эли Совет мамлекетине кошулуп аткан. Бул Европа үчүн, башка жерлер үчүн абдан чоң жаңылык эле. Элла Майяр журналист катары так маалыматтарды өзү билгиси келет...


«Азаттык»: Кыргыз тилдүү окурмандардын колуна «Теңир Тоодон кызыл кумга» деген китеп былтыр тийиптир. Негизи Элла Майяр өзү Кыргызстанга кантип келип калган, ал эмне максатты көздөгөн?

Оболбеков: Элла Майяр швейцариялык жазуучу, саякатчы, журналист, профессионал фотограф-сүрөтчү болгон экен. Тарыхтан эсибизде, 1920-30-жылдары дүйнөдө чоң окуялар болуп аткан мезгил. Ошол убакта Орто Азия эли Совет мамлекетине кошулуп аткан. Бул Европа үчүн, башка жерлер үчүн абдан чоң жаңылык эле. Ошол убакта Орусияга, Орто Азияга келгендер жаңылыктарды редакциялардын, уюмдардын, же топтордун суроосу боюнча бир жактуу гана жазып кетишкен.

Элла Майяр журналист катары так маалыматтарды өзү билгиси келет. Анан достору, сенде мүмкүнчүлүк, бош убактың бар, барып тагыраак жазып келбейсиңби дешет. Анан биринчи жазган китебинин каражатына Орто Азияга келген экен. Бул ошол убакта өзүнүн өмүрүн коркунучка салып кыдыруу дегенге барабар болгон, ошого карабай, 29 жаштагы жаш саякатчы Орто Азияны кыдырып кеткен. Аны биринчи эле кезиккен чек арада, же борбор жерлерде бул кишини кармап туруп, кайра артты көздөй депортация кылып, же камап коюу ыктымалдыгы да бар болчу. Себеби эч кандай уруксаты жок эле Москвада жергиликтүү эки илимпоз үй-бүлөнү ээрчип келе берген.

Кыргызстанга чейин Москвада алты айдай болуп, Кавказ тоолорун кыдырып калган экен. Бул жакка келүүнү менимче Кавказдан чечет. “Орто Азия тараптан мага чакырык келди” деп айтат. Китебинде да жазылган, эч кимге баш ийбеген канча кылымдардан бери эркин, көчмөн жүргөн эл кантип Совет өкмөтүнө макул болуп, ошолордун колхоздоштуруу, отурукташуу дегенинен кантип кирип атат деп кызыккан.

«Азаттык»: Өтө таамай сүрөттөлгөн, таамай фактыларды келтирген экен. Мисалы Орусиянын, Кытайдын таасири жөнүндө айтып атат. Китептин бир жеринде “тармал жүндүү иттей кичинекей ат минген элечекчен аялды кезиктирдик. Дем кысылган ысыкка карабай калың кийиниптир. Өзүмө карасам буттарым жылаңач, аны карасам калың тукаба палтосу бар. Салт боюнча узун көйнөк кийгендиктен колундагы камчы анча байкалбайт. Тек гана жең ичинен ылдый салаңдап турганы болбосо деп жазылыптыр...

Оболбеков: Ооба, китептен ушундай сүрөттөөлөрдү окуп, ойлонуп, өзүбүздү ошол убакытты көздөй, 80 жыл артка алып баруу абдан кызык.

«Азаттык»: Бир жеринде Элла Майяр айтып атат, аймакка келгенде өзүмдү океанда жүргөндөй сездим деп.

Оболбеков: Себеби ал бийик тоого чыкканда биздеги чексиз мейкиндикти көргөн. Өзү сууда сүзүүнү, кайык айдоону абдан жакшы көргөн, чоң спортчу экен. Салыштыруусу да абдан кызык.

«Азаттык»: Эмне үчүн Элла Майяр кыргыз окурмандарына эми араң жетип отурат. Буга чейин башка аракеттер болбоптурбу? Аны кыргыз окурмандары үчүн ким ачты?
Бир топ жыл мурун Ак-Шыйкар, Жууку өрөөндөрүндө жүргөндө ушул жерди швейцариялык Элла Майяр деген аял ат менен кыдырган деп айтып калды. Кандайча, эмне үчүн, качан деген суроолор чыкты...


Оболбеков: Таңкалыштуу. 80 жылдан бери бул китеп орусчага которулбаптыр. Экинчи, түшүнүктүү жагы - Элла Майяр өз көзү менен көргөн ошол убактагы социалдык абал, элдин турмушу, негизи эле Орто Азияда болуп аткан чоң өзгөрүштөр, Совет өкмөтүнүн бул жака келип атышы. Майяр кээ бир жерде кандай катуу күч менен келип атканын өз көзүм менен көргөм деп так айткан. Ошол, балким, биздин советтик идеологияга туура келген эмес. Ошондуктан бул китеп эч качан орус тилине которулган эмес. Эгерде орус тилине которулуп калса биз мурун эле котормокпуз деп ойлойбуз.

Бул китеп жөнүндө кантип биринчи жолу уктук? Саякатчы, мугалим, тарыхка, географияга кызыккан, кыргыздын маданиятына, тарыхына, жашоосуна абдан кызыккан швейцариялык Бернард Репонд деген досум бар. 1992-жылдан бери Кыргызстанда жыл сайын 2-3 айга чейин ат минип алып, тоолорду кыдырат. Туристтерден айырмасы -элдерге кезигет, тоолук көчүп жүргөн чабандарды, алыс жерде жашагандарды кыдырат. Бир топ жыл мурун Ак-Шыйкар, Жууку өрөөндөрүндө жүргөндө ушул жерди швейцариялык Элла Майяр деген аял ат менен кыдырган деп айтып калды. Кандайча, эмне үчүн, качан деген суроолор чыкты. Ишти пландагандан кийин идеябызды ишке ашырууга каражатты швейцариялык кызматташтык боюнча Бишкек бюросу берүүгө макул болду. Ошентип 2010-жылы китепти которгонго мүмкүнчүлүк болду. Бул биринчи долбоорубуз болуп калды.

«Азаттык»: Канча нускада чыкты?

Оболбеков: 2 миңди биринчи чыгардык. Кызыгуу абдан көп болду. Студенттерге, тарых окугандарга жетпей калды дешкенинен дагы миңди кошуп чыгардык. Китеп бекер. Китепканаларга бердик. Элла Майяр басып өткөн айылдарга Бишкектен баштап Токмок, Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол, анан тоолуу аймактар, ошол жактарга таратканга аракет кылдык. Дагы эле таратып атабыз.

«Азаттык»: Кыргыз окумуштуулары бул тарыхый китепке баасын бердиби буга?

Оболбеков: Түздөн-түз атайын уюштурулган талкууларга катышкан жокмун. Бирок угушума караганда кызыгуу бар. Саякатынын баалуулугу Элла Майярдин ошол убакта өзүнүн фотоаппараты менен тартып кеткен сүрөттөр.

«Азаттык»: Фотолор - Кыргызстанды кыдырган саякатчыны таанытуу боюнча Бишкектеги экинчи аракетиңер окшойт. Фото көргөзмө качан болот?

Оболбеков: Фото көргөзмөнү - эл аралык долбоорубуздун экинчи баскычы дедик. Ага «Өзгөчө саякат» деген атты койдук дагы, төрт авторду чогултуп, ошолордун фото сүрөттөрүн жана кол менен тарткан сүрөттөрүн коштук. Фото көргөзмөбүздүн эң маанилүү бөлүгү бул - Элла Майердин 109 документалдык, архивдик 80 жыл мурун тартылган сүрөттөрүн коюу.

«Азаттык»: Болгону 109 сүрөтү калган бекен?

Оболбеков: Бизге ылайыктуусун тандап алдык. Андан көп сүрөттөрү бар экен, ар бир саякатынан сүрөт тартып жүргөн. Бирок таңкалыштуусу жана кубандырганы - 1932-жылы тартылган сүрөттөрдүн ушул убакка чейин сакталып турганы.

«Азаттык»: Алар оригиналдарбы? Кантип алып келип атасыздар?

Оболбеков: Оригиналдар. Швейцариянын Лозанна шаарында Элизей деген музейи бар экен, дүйнөдөгү фотолордун жалгыз музейи экен. Коллекциясында миллиондон ашык фото сүрөттөр бар экен. Кара, ак фото сүрөттөр, тарыхтагы эң биринчи түстүү сүрөттөр сакталган жакшы музей экен. Бернар Репонд швейцариялык да, Лозаннага барып директоруна, администрациясына чыгып атып, оригиналдарды бергенге макулдатты.

«Азаттык»: Мага кызык болуп атат, китепке киргизилген фотосүрөттөргө караганда көбүнчө 30-жылдарда төөнү негизги унаа катары кыргыздар көп колдонгон экен. Дагы бир сүрөттө Элла Майяр кыргыз аялга кантип нан жаптырганын сүрөт кылып тартыптыр. Кадимкидей 30-жылкы кыргыз аялдын образын берип атат. Каракол базарында ошол атты мамыларга матап туруп, такалап аткан дагы бир уникалдуу сүрөт бар экен. Булардын бардыгынын оригиналдары барбы?

Оболбеков: Бар. 108 сүрөт коюлган көргөзмө буюрса 13-апрелде ачылат. Гапар Айтиев музейинде. Менимче, бул кызыккан кишилерге бүгүнкү өзгөрүлмө саясий абалдан кичине четкерээк чыгып, маданиятыбыз, бүгүнкү күнүбүз тууралуу, дүйнөдө кызыктуу жаңы маалыматтарды алганга абдан жакшы мүмкүнчүлүк болот деп эсептейм.

«Азаттык»: Ким жардамдашып атат, каражат кайдан?

Оболбеков: Экинчи долбоорубузга дагы швейцариялык кызматташтык бюросу жардамдашып атат.

«Азаттык»: Кыргызстандагы маданий, адабий ишмерлер, илимпоз окумуштуулар кызыгып, колдоо көрсөтүп атышабы? Кимдер колдоп атат?

Оболбеков: Улуттук Гапар Айтиев атындагы музей түздөн-түз, директору Юристанбек Шыгаев агайыбыз. Анын акварелдери кошулду бул көргөзмөгө. Себеби темабыз бир болуп калды кыргыздар, кыргыз тарыхы тууралуу. Авторлордун дагы бири - Түркияда жашаган кыргыздардын ханы Рахманкулдун баласы Малик Кутлу. Ооганстанда, Памир тоолорунда жашаган бул кишинин кандай кыйынчылыктар менен Кытай жакка түшүп, Пакистан жакты кыдырып, анан кантип Түркиянын бүгүнкү күндөгү Ван өрөөнүнө барып калганы тууралуу бир китеп фото альбом сүрөттөрүнүн сериясы бар экен. Мунун оригиналдарын дагы Бернард Репонд өзүнүн коллекциясынан биздин көргөзмөбүзгө берди.

Анан 2010-жылы швейцариялык башка бир аял Ооганстанга, Кичи-Памирге чыгып фото сүрөттөрүн тартып келген. Бул - төртүнчү авторубуз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG