Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Үркүн: Солгун эскерилген 100 жылдык


Сүрөтчү Жумабаевдин Үркүн сериясынан.
Сүрөтчү Жумабаевдин Үркүн сериясынан.

Августтун биринчи жумалыгына туш келген Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө солгун жүрүп жатат. Серепчилер кандуу окуянын быйылкы жүз жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленбей эле, коомдук уюмдар уюштурган маданий иш-чаралар менен чектелип калууда деген пикирде.

2015-жылы августтун башында Үркүндүн 100 жылдыгын утурлай Боом капчыгайында өткөн жыйында коомдук уюмдардан турган уюштуруу комитети “Боом жарыялоосу” деп 10 пункттан турган сунуш иштеп чыккан. Ал декларацияда эң негизи маселе катары Үркүндү Орусия падышалыгы тарабынан болгон кыргын деп таануу, Улуттук боштондук кыймыл же козголуш деп айтуу жана эстелик куруу каралган.

Ошол документти иштеп чыккан уюштуруу комитетинин мүчөсү Турсунбек Акун бүгүнкү күндө ал сунуштардын ичинен бирөө гана аткарылбай калганын айтат:

- Биз президентке, өкмөткө, коомчулукка 1916-жылды кыргын деп таануу боюнча сунуш киргизбедик беле. Ак үйдөгүлөр ошол сунушту көп кабыл алгысы келбей жатат. Ага кошумча болуп биздин балдар да алардын сөзүн сүйлөп, көп каршы чыкпайлы деп жатышат. Бирок мен ачык эле бул окуя кыргыз элине каршы геноцид болгонун айтып жатам.

С.Чуйковдун "Кыргыз элинин 1916-жылдагы көтөрүлүшү" деген сүрөтү.
С.Чуйковдун "Кыргыз элинин 1916-жылдагы көтөрүлүшү" деген сүрөтү.

Маектешибиздин айтымында, Үркүндүн 100 жылдыгын эл аралык деңгээлде өткөрүүгө бийликтин саясый эрки жеткен жок:

- 100 жылдыкты эл аралык деңгээлде өткөрүү үчүн анын башында бийлик турушу керек эле. Мисалы, казактар, өзбектер, тажиктер менен биригип, мамлекеттик жетекчилер сүйлөшүп уюштуруп койсо болот эле. Буга алардын саясый эрки жетпей жатат окшойт.

Турсунбек Акун анткен менен 5-августта бир нече коомдук уюмдар президенттик аппараттын, өкмөттүн көмөгү менен кандуу окуянын жүз жылдыгына арналган “Өмүр көчү” автокербенин баштап жатканын, ал жүз жыл мурун кандуу окуя болгон из менен өтүп, шейиттерге куран окутулаарын айтты.

Падышалык Орусиянын аскерлери менен кыргыздар жер маселесин такуулоодо. 1915-жылдар.
Падышалык Орусиянын аскерлери менен кыргыздар жер маселесин такуулоодо. 1915-жылдар.

5-августта башталганы турган автокербендин уюштуруучуларынын бири Жумагазы Усуп – Чоң Аюу мамлекет буга чейин деле Үркүндүн даталуу күндөрүн белгилегенге ачык жардам бербей келгенин, аларга салыштырмалуу быйыл өкмөт өз салымын кошуп жатканын кеп кылды :

- 1991-жылы 95 жылдыкты, 2006-жылы 90 жылдыкты негизинен коомчулук демилге көтөрүп, иш-чараларды өткөрүп келген. Ага мамлекет кичине жардам берип келген. Быйылкы жүз жылдыкта негедир коомчулуктан андай демилгелер аз болуп, маселеге көңүл бурбай калгандыктан биз 91-жылы жөө жүрүш жасаган “Ашар” коому, “Асаба” партиясы, “Жаш архитекторлор” уюмдары биригип алып улуткөй, мекенчил уюмдарга кайрылганбыз. Бизге ошол уюмдардын ичинен “Ак шумкар кут” деген уюм кошулган.

Жумагазы Усуп бул уюмдар алдыда автокербенден сырткары Бишкек шаарынын Түштүк дарбазасына Үркүнгө арналган музей комплексин курууну жана бул темада китеп чыгарууну пландап жатышканын айтты.

Падышалык аскерлердин илгерилөө багыттары. Карта.
Падышалык аскерлердин илгерилөө багыттары. Карта.

Саясат таануучу Эдил Байсалов быйыл Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө мамлекеттик деңгээлде эмес, катардагы эле жөн-жай окуядай коомдук уюмдардын чегинде эскерилип жатканына кейигендердин бири:

- Бир дагы сөз жок. Биз коомдук уюмдардын, кайсы бир жеке саясатчылардын айтып, деп койгону менен чектелбешибиз керек. Мен билгенден мамлекеттик деңгээлде эч кандай иш-чара болбой жатат. Ырас, токтом кабыл алынган. Концерттик деңгээлде бир нерселерди өткөрүп жатышат. Бирок, мамлекеттик деңгээлде эч кандай иш-чараны көргөн жокмун. Үркүндүн 100 жылдыгын эл аралык деңгээлде өткөрүш керек го. Бириккен улуттар уюму атайын резолюция кабыл алыш керек эле да. Анткени ал кезде адамдын каны төгүлгөн.

Байсалов мамлекет тарабынан ошол тарыхый шарт тууралуу эл аралык деңгээлде олуттуу тааным болушуна эч кандай аракет болбогонун сындап, ага азыркы мамлекет башчысын күнөөлөдү.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархат Бекмамбетов Үркүндүн 100 жылдыгына карата аталган мекеменин чегинде белгиленген иш-чараларды санап, өкмөт коомдук уюмдар ишке ашырып жаткан иштерге көмөктөшүп жатканын белгилеп өттү:

- 5-августта коомдук уюмдар менен биргеликте автокербен болот. Бул мамлекеттик деңгээлде уюштурулуп жатат. Ал Чүйдүн Асылбаш айылынан башталып, шейиттерге куран окутулуп, Боом капчыгайына өтөт. 2-сентябрда болсо "Ата-Бейитте" Үркүн эстелиги ачылат. Бул чоң иш-чара болот. Мындан сырткары республикалык театрлардын ар биринде Үркүн темасына байланышкан спектаклдер болуп өтөт.

Бекмамбетов жыл башынан бери бул темада тарыхчылардын, окумуштуулардын эл аралык деңгээлде илимий жыйындары өтүп келгенин, 1916-жылга тарыхый жана саясый жактан баа берүү боюнча бир нече илимий жана көркөм китептер чыгып жатканын кошумчалады.

Үркүндү изилдөө жана анын 2016-жылы 100 жылдыгын белгилөө боюнча Жогорку Кеңештин да, өкмөттүн да токтому чыгып, атайын комиссия түзүлгөн. Үркүндү эскерүү күнү 2008-жылдан бери белгиленип келет.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG