Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Коррупция тууралуу маалымат берген адамдарды коргоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун даярдап, коомчулуктун талкуусуна койду.

Анын негизги максаты - жемкорлукка каршы күрөшкө жалпы коомчулукту тартып, коррупциялык мыйзам бузуу боюнча маалымат бергендерге акысын төлөп берүү. Бирок парламентарийлердин мындай аракетинен майнап чыкпайт, себеби бул коомдо баканооздукту күчөтөт деп кооптонгондор арбын. Депутаттардын мына ушул демилгеси “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги темасы болду.

Талкууга мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Марат Иманкулов жана саясат талдоочу Турат Акимов катышып, ой бөлүштү.

“Азаттык”: Аида айым, бул мыйзам долбоорун даярдоого эң башкы себеп эмне болду? Аны кабыл алуу аябай зарыл жана коом даяр деп турасыздарбы?

Аида Салянова: Кыргызстандагы эң приоритеттүү багыттардын бири коррупция менен күрөшүү. Анткени, бул мамлекеттин кыйроосуна алып келе жатат. Коррупция деген жеке эле криминалдык көрүнүш эмес, бул эң ириде социалдык көрүнүш, анын экономикалык дагы чоң ченеми бар. Бул өтө коркунучтуу маселе болгондуктан жана мамлекеттик органдардын күчү жетпей, жарандардын жалпы жардамы зарыл болуп жаткандыктан ушундай долбоор иштелип чыкты. Бул күрөштү жарандар жүргүзгөндө гана эффективдүү болот. Буга чейин деле мындай маалыматты берген адамдар болгон жана бар. Бирок, көп учурда алар мыйзам жана укук коргоо органдары тарабынан корголбой эле кордолгон фактылар абдан көп. Буюрса, бул мыйзам кабыл алынып калса, ошондой адамдарды куугунтуктоодон коргой турган мыйзам болот.

“Азаттык”: Марат мырза, сиз Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштү дайыма сындап келесиз. Ошентсе да алгылыктуу жакшы бир табылга болсо колдоо керек да, туурабы? Бул мыйзам долбоорунда иштеп кетчү жаңылык бар бекен?

Марат Иманкулов: Сындоо менин максатым эмес, жакшы көрүнүштөр болсо ким болбосун колдоого даярмын. Бийликтин коррупция менен күрөшөбүз деп жарыялаганына беш жыл болду. Ошондон бери бир натыйжа чыктыбы? Менимче, аягына чыккан эч нерсе жок, бул мага эле эмес элдин баарына көрүнүп турат. Мына “Трансперенс Интернешнл” уюму беш жылдан бери Кыргызстан коррупция менен күрөштө 123-орунду ээледи деп билдирди. Эгер күрөш чындап жүргүзүлгөн болсо, 10-орунду ээлешибиз керек болчу. Коррупция менен күрөшкөн жерде аткаминер гана эмес, катардагы адам да милициядан же прокуратурадан корккондон эмес, өзүнүн чын ниети менен ага такыр жолобойт. Бизде мына ушундай кырдаал түзүлүш керек эле. Андай кырдаал бизде азыр жок. Бул мыйзам кабыл алынса да абал өзгөрүлбөйт.

Угармандын пикири: Бул мыйзам кабыл алынса эл туура эмес түшүнүп, ынтымакты кетирип, бирин-бири жамандоо күч алышы мүмкүн. Өзүбүзгө кайра таяк болуп тийбесин!

“Азаттык”: Аида айым, азыр эле угарманыбыз айткандай, СССР мезгилинде НКВДнын учурундагы жашыруун маалымат бергендерди эл баканооз деп атап коюшкан. Кийин КГБнын мезгилинде андайларды агент деп эл жекирчү. Мыйзам күчүнө кирсе эл андай адамдарды сыйлайбы же жектейби?

Аида Салянова: Мындай фактылар бүгүн деле бар. Бирок, ошол адам берген маалымат туура каралып, териштирилип жатабы, ал адам өзү тескерисинче жабыркап жаткан жокпу деген маселе чоң көйгөй болуп жатат. Коррупция аябай тамырлап кетти, таза жер калган жок деп жатканыбыздан кийин, демек, жаңы бир ыкмаларды, жолдорду ойлоп табышыбыз зарыл болуп турат. Анткени, коомдо коррупцияны жек көрүү сезимин тарбиялашыбыз зарыл болуп калды. Адамдардын маалыматынын негизинде коррупциялык фактылар ачылып, маалымат берген адамдар мамлекет тарабынан корголуп, сыйлыгын алып, коомдо бир жаңы көрүнүштөр башталса, мамлекеттик бийликке болгон ишенич жогорулап, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасына ишенич пайда болот деген ойдомун.

“Азаттык”: Турат мырза, сиз жетектеген “Деньги и власть” гезити жакында салык төлөбөгөн адамдардын бетин ачып, соттошуп жеңишке жетти эле. Демек, бул мыйзам кабыл алынса, ашкереленген сумманын 30% алабыз деген үмүт пайда болуп жатабы?

Турат Акимов: Менин оюмча, бул мыйзам өз максатына жетпейт. Себеби, биздин өлкөдө миңдеген милиция, прокуратура, сот, түрмө кызматкерлери, адвокаттар, укук коргоочулар иштешет. Бирок, кылмыш азайган жери жок. Эмне үчүн? Анткени, жогорку жакта эч кандай кайрат, эрк жок. Сингапурдун президентинен “Коррупцияны кантип жеңдиң?” деп сурашканда “Өзүмдүн бир тууганым менен эки жакын досумду 18 жылдан камап таштадым" деп айткан.

Угармандын пикири: Мындай мыйзамды кабыл алуу биздин коом үчүн эрте го? Муну менен биз бийликке керексиз адамды жок кылганга жакшы курал жасап беребиз. Андан дагы ал маалыматты текшерип жаткан органдарга ишенич жок.

“Азаттык”: Аида айым, долбоордун алтынчы беренесинде маалыматты бийлик өкүлдөрү, мамлекеттин үлүшү бар мекемелерде келишим менен иштеген адамдар бере алат деп белгилениптир. Иштебеген адамдар коррупцияны байкаса маалымат бере албайбы?

Аида Салянова: Мыйзамда маалымат берүү укугу мамлекеттик жана муниципалдык, ошондой эле мамлекеттин бюджетинен каржыланган уюмдун кызматкерлерине берилет. Себеби, мамлекеттик ишканада жасалган коррупциялык иштер факты менен тастыкталган болуш керек. Алар мыйзамды жана укук менен милдеттерди жакшы билишет. Эгер атайылап жасай турган болсо кандай жоопкерчилик тартаарын да ойлошот. Албетте, долбоор коомдо кооптонууну пайда кылып жатат. Бирок, мындан 5-6 жыл мурун ушундай күрөш болот деген ишенич болгон эмес. Анткени, кайра коррупция менен шугулданган адамдардын бийлиги орноп келген. Ошол кезде ошол адамдар куулат жана камалат деп эч ким ишенген эмес. Демек, коомду азыртадан акырындык менен тарбиялай берсек, натыйжасына акыры жетебиз.

“Азаттык”: Турат мырза, коомдо гезиттер жазган божомол имиштердин кийин 70-80 проценти тастыкталат деген пикир күчтүү. Демек, журналисттер да маалыматы үчүн сыйлык алууга укук алышы керекпи?

Турат Акимов: Мыйзам долбоорунда жазылгандай 100 миң сом үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер өзүн тоболкелге салат деп ишенүү кыйын. Анткени, эң коркунучтуу жагдай - маалымат берген адамдын коопсуздугун коргоо.

“Азаттык”: Аида айым, парламентте мандат талаштан улам орундар сатылган деген пикир коомдо бекемделгенсиди. Саясий партиялар, алардын депутаттары арасында коррупция жок деп айта алабызбы? Депутаттар бул мыйзамды аткарууга даярбы?

Аида Салянова: Саясий коррупция бар, ошон үчүн майда коррупция гүлдөп жатат.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG