Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Жогорку Кеңеш депутаттын жеке иликтөө жүргүзүү укугун жокко чыгарганы жатат. Бирок айрым эл өкүлдөрү каршылык билдирип, муну парламенттин ыйгарым укуктарын системалык түрдө алсыздандыруу аракети катары баалап жатышат.

Парламентте депутаттык топтордун түзүлүшү мыйзамга каршы келет деген Конституциялык палатанын чечимин мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн Жогорку Кеңеш “Депутаттын статусу жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизди.

Мындан ары парламентте фракциядан тышкары жашаган депутаттардын тобу болбошу керек. Бул норма менен катар эл өкүлдөрү мыйзамдагы депутаттардын иликтөө жүргүзүү укугун да жокко чыгарып, парламенттик гана иликтөөнү калтыруу сунушун көтөрүп чыгышты. Ага ылайык, иликтөөлөр комитеттин, фракциянын чечими менен жалпы палатанын атынан гана жүргүзүлөт.

Курмантай Абдиев

Курмантай Абдиев

Демилгени колдогондордун бири, Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курмантай Абдиевдин билдиришинче, депутаттын жеке иликтөөсүнө караганда парламенттик иликтөө объективдүү болушу мүмкүн.

- Бул жерде тигил же бул депутат кайсы бир маселени жеке иликтегенге караганда парламенттик иликтөө кененирээк болот. Кандай болсо да комиссияда беш киши болот. Анын ичинде коалициялык көпчүлүк, оппозиция бар. Чечим талаш-тартыштын негизинде чыгат. Комиссия жүргүзгөн иш объективдүү болгону турат. Ал эми жеке депутат анын шайлоочусуна бирөө акаарат келтирип койсо, же шайлоочусу ага бир жерден колдоо көрсөтпөй койсо, анын үстүнөн бир сигнал түштү деп эле жеке өзүнүн кызыкчылыктарын ошол жерде пайдаланып калбасын деген ой менен бул норманы жокко чыгаралы деп жатабыз.

Эл өкүлү 120 депутаттын арасынан кимдир бирөөсүнүн иликтөө жүргүзүү учурунда жеке кызыкчылыктары аныкталып калса, бул жагдай парламенттин жүзүнө толук көө жабышы мүмкүн деп ишенет.

Улукбек Кочкоров

Улукбек Кочкоров

Парламентте айрым депутаттар бул демилгени сындап, ага каршылыгын билдирип жатышат. Депутат Улукбек Кочкоров сунуштун артында өз позициясы, пикири бар депутаттарды чектөө аракети байкалып калганын белгилейт.

- Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маселелер ушул анча-мынча өз пикири, позициясы бар депутаттар аркылуу коомго чыгып калбасын деген аракет болууда. Бүгүнкү күндө оппозициялык деле фракциялар бийликке жагынуу максатында алардын сунуштарын демилгелеп калбадыбы. Демек керек болсо оппозициялык фракциядан дагы кайсы бир маселелерди өткөрүү кыйынга туруп калат. Азыр биз мамлекеттик органдардан кайсы бир маалыматтарды талап кылып алганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок кийин мамлекеттик органдар кээ бир маселелер боюнча “бул маалымат иликтөөгө кирип кетет, сиздин андай укугуңуз жок, бул парламенттик иликтөө, кандай кылабыз” деп бербей коюшу мүмкүн. Ушундайга шылтоо табылат.

Каалоо болсо, арга табылат

Ошол эле учурда парламенттеги эркин депутаттардын бири Өмүрбек Абдрахманов депутаттын иликтөө укугунун чектелишинен кооптонбойт. Анткени кандай болгон күндө дагы ар бир депутаттын өз пикирин парламент трибунасынан ачык-айкын айтууга мүмкүнчүлүгү бар жана аны эч ким чектей албайт.

- Көп маселелер фракциянын, комитеттин атынан болот. Бизди эч жакка, кандайдыр бир маанилүү маселени талкуулаганга кошушпайт. Бирок биз ага таарынбайбыз. Бирок биздин микрофонубузга, депутат катары оюбузду ачык айтууга эч ким тоскоол боло албайт. Бүт дүйнөдө ушундай.

Жогорку Кеңештин депутаттары, 30-ноябрь, 2011

Жогорку Кеңештин депутаттары, 30-ноябрь, 2011

Ушул эле көз карашы менен жарандык коомдун өкүлү, серепчи Эрик Ирискулбеков да бөлүшөт. Анын көз карашында, Жогорку Кеңеш коллегиалдык орган болгон соң мындай демилгенин көтөрүлүшү мыйзам ченемдүү нерсе. Анткени бул жерде парламент менен депутаттын ыйгарым укуктарынын чеги аныкталып жатат.

Бүгүнкү күндө депутат жеке иликтөө жүргүзбөй туруп эле зарыл маалыматты мамлекеттик органдардан талап кыла алат жана кайсы бир көйгөй боюнча коомчулукка кайрылуу жасап, парламент аянтында талкуу жаратканга күчү жетет.

- Коллегиалдык орган бардык маселени коллегиалдык түрдө чечиши керек. Ал жерде комитеттер, комиссиялар бар. Ар бир депутат ошол комитеттерге же комиссияларга кирет. Алар ошол органдар аркылуу иштеши керек. Албетте депутаттардын жеке укуктары бар, маалымат талап кылуу жана башка ушул сыяктуу. Бирок Жогорку Кеңештин функциясы коллегиалдык түрдө ишке ашуусу керек.

Мыйзам долбоору эки окууда каралып, ага 46 депутат каршы добуш бергени менен, көпчүлүк аны жактырды. Ошентсе да айрым эл өкүлдөрүнүн парламентте фракция же комитет жеке депутаттын кайсы бир олуттуу мыйзам бузуулар боюнча иликтөө жүргүзүү сунушун колдобой койсо, көп маселе көңүл сыртында калат деген кооптонуулары күч. Алар депутаттын мындай укугун чектөө аракетинин артында парламенттин ыйгарым укуктарын системалык түрдө алсыратуу максаты турат деп боолгоп жатышат.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG