Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Соодага айланган сот тутуму


Кыргызстанда сот реформасы жүзөгө ашпай келет.
Кыргызстанда сот реформасы жүзөгө ашпай келет.

Президенттик партиядан депутат Галина Скрипкина Кыргызстанда судьялык кызмат орун сатыларын жана анын баасы 35 миң АКШ долларынын тегерегинде экенин айтып чыкты.

Буга чейин Президенттик аппараттын сот иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаеванын сотторду тандоого кийлигишип жатканы парламентте айтылып жүргөн. Индира Жолдубаева өзү депутаттын аталган билдирүүсү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов сот тутуму бүтүндөй президенттик аппараттын көзөмөлүндө калганын белгиледи.

Бийликчил депутаттын билдирүүсү

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Галина Скрипкина судья боло тургандардын тизмеси жең ичинен сүйлөшүүнүн натыйжасында алдын ала түзүлөрүн айтып чыкты. Буга депутат өткөн жылы Бишкек райондор аралык сотуна судьялыкка ат салышкан кызынын талапкерлигин алып салууга түрткү болгон жагдайды мисал келтирди. Муну менен депутат Скрипкина Сотторду тандоо кеңеши аркылуу талапкерлерди иргеп алуу эрежеси маанисин эбак эле жоготконун белгиледи:

Галина Скрипкина
Галина Скрипкина

- Мага эки-үч күн мурун эле сот курамына өтө турган талапкерлердин ысымдары белгилүү болуп калат. Бизде дайыма “кана факт, кана далил?” дешет. Бирок бизде далилдөөгө кыйын, ошол эле кезде көпчүлүккө белгилүү фактылар бар. Менин кызым өзүнүн өтпөй турганын билип, үчүнчү турда, добуш берүүгө бир күн калганда талапкерлигин алып салган. Соттукка өтүш үчүн берилчү акчанын суммасы башка депутаттардын да оозунан чыккан үчүн, мен ошого таяндым. Бул менин кызымын эле маселеси эмес. Бул келечекте тазаланган сот курамын түзүү үчүн коррупцияга малынган тиешелүү адамдардан арылуу көйгөйү.

Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов бийлик партиясынан шайланган депутаттын бул билдирүүсүн айла калбай калгандан кийинки ачуу чындык катары баалады. Курманбек Осмонов ага чейин эле соттук орундар сатылып жатканы боюнча фактылар болгонун айтты:

- Эми ал дагы бир нерсени билген үчүн айтып жатат да. Менимче анын кызынан акча сурашкан өңдөнөт. Анан эми бул маселени ага чейин эле сот тандоо кеңешинен өткөн судьялардан деле угуп жүргөмүн. Алар “такыр эле болбой калды, бардыгы эле сатылып жатат, анан жогору жактын айтканы менен гана маселе чечилип калды” деген дооматтар соттордун арасында аябай эле көп кездеше баштаган.

Сот тутуму кимдин колунда?

Буга чейин Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамын тандоого бийликтен басым болуп жатканы боюнча парламентте маселе көтөрүлгөн. Анткени сот тандоо кеңешине мүчөлөрдү иргеп алуу боюнча КСДП фракциясында добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду деген шылтоо менен мурункусунда жети добуш алып, өтпөй калган судья Жамийла Нурумбетова экинчи ирет чогулган жабык жыйында 22 добуш менен шайланган. Парламенттеги тиешелүү комитеттин төрагасы Токтогул Туманов фракция мүчөлөрүнө басым жасалганын билдирген эле. Парламент депутаты Турат Мадылбеков бул иштин артында президенттик аппараттын бөлүм башчысы Индира Жолдубаева турганын айтып чыккан болчу:

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

- КСДП фракциясында талаш-тартыш болуп жатып, акыры экинчи ирет добуш берүү менен Нурумбетованы өткөзүп алышты. Каяктан шамал согуп жатканы түшүнүктүү эле болсо керек. Индира Жолдубаева мурунтан эле Нурумбетованы Сотторду тандоо кеңешине "түртүп" келгени белгилүү. Сот тармагындагы “серый кардиналдар” Акаев менен Бакиевдин тушундагыдай эле бар. Бирок элибиз эки ыңкылапты башынан өткөргөндөн кийин да мына ушундай деңгээлге жетет деп мурда ойлогон эмес элем. Азыр сот тармагындагылар өздөрү келип бүтүндөй сот тутуму мына ошол адамдын колунда экенин айтып жатат. Мындай жагдайда соттун көз каранды эместиги тууралуу сөз кылууга да мүмкүн эмес.

Жолдубаева жооп бербеди

Бирок буга чейинки сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев президенттик аппараттын бөлүм башчысы Индира Жолдубаеванын дарегине айтылган мындай дооматты четке каккан. Бул жолу дагы сот тандоо ишине бийликтин жогорку тепкичиндеги кандайдыр бир фигуралардын таасири болгону боюнча маселе көтөрүлүүдө. Анткен менен президенттик аппараттын соттук-укуктук иштер бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаева депутат Скрипкинанын билдирүүсү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты:

- Мен буга комментарий бере албайм. Анткени депутат Скрипкина эмне тууралуу айтканын уккан жокмун. Сотторду тандоо кеңешин парламент түзөт. Демек сиздер бул сурооңуздарды мына ошол жакка жолдосоңуздар болот. Бул маселеге комментарий берүү менин ыйгарым укугумда эмес.

Сот тутумундагы таасирдүү фигура катары таанылган президенттик аппараттын бөлүм башчысы Индира Жолдубаева интернет булактарындагы маалымат боюнча мурдагы Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын жээни болуп саналат. Белгисиз себептерден улам Индира Жолдубаева өзүнүн дарегине улам-улам кайталанып айтылып жүргөн дооматтар боюнча маалымат каражаттарына комментарий берүүдөн дайыма баш тартып келет.

XS
SM
MD
LG