Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Көлдү кимдер толкутту?


Саруу айылы, 8-октябрь, 2013-жыл
Саруу айылы, 8-октябрь, 2013-жыл

Караколдо кармалгандардын ону 2 айга камалды. Аларды УКМКнын убактылуу абагында кармоо чечимин кечээ Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

7-октябрда Караколдогу башаламандыктарды уюштурду деп шектелген 10 адам учурда УКМКнын убактылуу жайында кармалып турат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынын өкүлү Кубан Арзыкулов билдирди:

- Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (кишини барымтага алуу), 234-беренеси (бийлик өкүлүнө баш ийбей бейбаштык кылуу), 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) жана 113-беренеси (адамды өлтүрөм деп коркутуу) боюнча кылмыш иши козголду. Бул ишти тергөө УКМКнын Тергөө башкармалыгына тапшырылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМдин маалыматына таянсак, кармалгандардын арасында Кумтөр ишин иликтөө боюнча министр Темир Сариев баштаган мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, “Жети-Өгүз жаштары” коомдук бирикмесинин төрагасы Наристе Калчаев, Саруу айылынын жаштар лидери Улан Чибутов, “Таза багыт” коомдук бирикмесинин тең төрагасы Өмүрбек Бөлтүрүков да бар. Булар Караколдогу башаламандыктардын башында тургандардын катарында саналууда.

Күнөөлүүлөрдү жазалоого демократия жолтообу?


Көлдөгү окуяларга 9-октябрда баа берген президент Алмазбек Атамбаев мыйзам бузгандар жана аларды уюштургандар сөзсүз жазаланарын баса белгилеген.

- Митингдеги балдарга кимдир бирөөлөр бир нерселерди убада кылып, артында каржы булактар турат. Аларга бирөөлөр арматура алып келип берип, сценарийин жазып беришти. Алардын баары көмүскөдө билмексен болуп жүрүшөт. Бирок аларды жоопкерчиликке тартуу да кыйын. Анткени бизде демократия, телефондук байланыштарды тыңшоого, жазып алууга болбойт. Жаштарды ушул жолго түрткөндөр суудан кургак чыгып кетишет. Тажрыйба көрсөткөндөй башаламандыкты уюштургандар эмес, карапайым аткаруучулар жоопко тартылып келет.

“Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов маалымат каражаттарында айтылып келаткан Дмитрий Цойго да, Караколдогу митингге да тиешеси жоктугун билдирди.

- Биринчиден, "Караколдогу митингдердин артында Кулов турат" деген ушак сөз. Экинчиден, парламент Кумтөр боюнча түзүлгөн меморандумга каршы. Парламенттин 99 пайызы келишимди колдобойт. Ошондуктан мындай сөздөр туура эмес.

7-октябрдагы митингде бир нече саат барымтада кармалган өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Каптагаев Караколдогу башаламандыктарга Садыр Жапаровдун тиешеси болушу мүмкүн деп, төмөнкү жүйөнү келтирди.

- Жетисинде мени барымтага алып, ичинде өрттөйбүз деп кармап турган машине Садыр Жапаровдун бир тууган карындашы Салтанат дегенге тиешелүү экен. Бул маалымат тастыкталды. Аны ошол жерге Жапаровдун жээни айдап келиптир. Ал жердегилер машинени өрттөй бергиле, “не жалко” деп айткан дешти. Азыр ушундай кызык жагдай болуп жатат.

Бул боюнча Садыр Жапаров чет өлкөдө жүргөнүн айтып, түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Мындан мурдараак Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаров "Азаттыкка" Жапаровдун оорукчан инисине бөйрөгүн берүү үчүн чет өлкөгө мындан бир жума мурун кеткенин кабарлаган болчу.

Каптагаев машинеде барымтада отурганда жанындагы жигиттер телефон аркылуу Талас менен байланышып турганын кошумчалады. Анын айтымында, митинг Таластан башкарылган.

Мындай дооматтарды Таласта жүргөн "Каршылык көрсөтүү" кыймылынын башчысы Өмүрбек Суваналиев суу кечпейт деп баалады.

- Көлдөгү митингдерге биздин тиешебиз жок. Бирок биз элди колдойбуз. Караколдогу окуялар бийлик эч нерсе чечпей, элди алдаганынан келип чыкты. Бирок окуя болгон соң, аларды камап, элдин көзүнчө ар кыл иштерди жасап жатканы жакшылыкка алып барбайт.

9-октябрда Караколдогу митингдерди уюштурду деп шектелип кармалгандар менен жаңы шайланган акыйкатчы Бакытбек Аманбаев жолугуп чыкты. Аманбаев кармалгандардын арасында митингге тиешеси жоктор да бар деген пикирде.

- Мен кармалгандардын ар бири менен сүйлөшүп чыктым. Алардын көбү жөнөкөй эле атуулдар экен. Айрымдары керек болсо митинг болуп жатканын деле байкабай келишкен. Алар жөн эле келатсак кармап кетишти деп жатышат. Мыйзам боюнча 48 сааттын ичинде кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүш керек. Аларды же бошотот, же тергөө үчүн сотко жөнөтөт.

Митингдин артында ким турат?

Караколдогу, Саруудагы митингдердин уюштуруучулары боюнча маалыматтар бир кылка эмес. Айрым маалымат каражаттары башаламандыктын артында мурдагы президент жана премьер-министр Роза Отунбаева менен Өмүрбек Бабанов турат деп жазып чыкты эле, алар муну кескин четке кагышты.

Саясат таануучу Марат Казакбаевдин божомолунда, митингдердин артында парламент депутаттары турушу мүмкүн.

- Эми артында ким турганы боюнча так далилдер жок. Бирок, менимче, муну парламенттин ичиндеги эле саясий күчтөр кылып жатат. Мындан тышкары Көлдө криминал да күч. Эми оппозициядан Садыр Жапаровдун карьерасы башынан эле Кумтөргө байланыштуу да.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы болсо 9-октябрда Кумтөр боюнча меморандумга каршы Бишкекте акция өткөргөн “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Булекбаев, “Эл үнү” партиясынын мүчөсү Мамбетжунус Абылов баштаган 8 адамды кармап, түшүндүрүү иштеринен кийин кайра коё беришкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов маалымдады.

Кумтөр маселесин көтөргөн көлдүктөр 7-октябрда Караколдо акция уюштуруп, кийин Сарууда улантышканы буга чейин маалым. Саруу айылынын тургундары эми митинг учурунда кармалгандарды бошотуу талабын коюп жатышат. Ал ортодо 31-майда Барскоондо өткөн массалык башаламандыктарды уюштурган, "Кумтөрдүн" топ менеджеринен 3 млн. доллар акча талап кылган деп айыпталып жаткан Эрмек Жунушбаев менен Бахтияр Курмановдун иши тергелип бүтүп, 8-октябрда сотко өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG