Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

Бишкекте сот экс-президент Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга, анын бир тууганы Жаныш Бакиевди өмүр бою түрмөгө кести. Бул иште күбө катары көрсөтмө берген орусиялык журналисти Аркадий Дубнов өкүмдү комментарийлейт.

Кыргызстанда сот өлкөнүн эгемендик алгандан берки тарыхындагы алгачкы эң үлкөн саясий кол салуу боюнча айыпталган адамдарга өкүмүн чыгарды. Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча боюнча соттун өкүмү канчалык акыйкат болду?

Бул соттук иште күбө катары көрсөтмө берген орусиялык белгилүү журналист, “Московские новости” басылмасынын кабарчысы Аркадий Дубнов "Азаттыкка" телефон аркылуу өз пикирин билдирди:

Аркадий Дубнов: Жаныш Бакиевге карата, менимче, сот адилеттүү өкүм чыгарганы талашсыз. Анын күнөөлүү экенинде эч күмөнүм жок. Кантсе да, бул президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов жана анын жанындагы Сергей Слепченко менен айдоочусу Кубат Сулаймановдун өлтүрүлүшү катардагы кылмыш эмес да. Ошондуктан өкүм да катаал болду. Мен бул иш боюнча күбө иретинде көрсөтмө берген адам катары айта алам. Жаныш Бакиев – киши өлтүргүч. Ал өз колу менен муунтуп өлтүрбөгөн күндө да ушундай аныктамага татыктуу. Эгерде Жаныш Бакиев өзү Бишкектеги сот ишине катышкан күндө, бул кылмыш ачык-даана далилденмек деп эсептейм. Ал эми 24 жылга кесилген экс-президент Курманбек Бакиевге чыккан соттун өкүмү анын жасаган кылмышына тете деп толук ишеним менен айта албайм. Бакиевге чыгарылган өкүм саясий чечим болуп калды. Эгерде өкүм Бакиев өзү катышкан сотто чыгып, айыптаган жана айыпталуучу тараптардын укуктары бирдей корголгондо, соттун чечимин комментарийлөөгө көбүрөөк негиз болмок. Антсе дагы соттун өкүмү Кыргызстандын бийликтерине Беларустан экс-президент Бакиевдин экстрадициясын талап кылууга юридикалык негиз берет.

Төрөкул Дооров: Аркадий мырза, мурдагы Советтер Cоюзуна кирген өлкөлөрдүн аймагында учурунда эң жогорку кызматты ээлеп, бирок кийин оор кылмыштарга айыпталып, мекенине өткөрүлүп берилген саясий жетекчилер болду беле? Ошондой прецедент барбы?

Аркадий Дубнов: Президенттик деңгээлде мен бир гана мисалды келтире алам. Ал – Азербайжандын мурдагы президенти Аяз Муталибов. Ал Азербайжандан 1992-жылы качып кеткен, эки жылдан кийин өз өлкөсүндө 1990-жылкы Бакудагы кайгылуу окуяларга байланыштуу соттолгон. 1996-жылы ал Москвада кармалып, бирок Орусиянын атайын кызматтары анын күнөөсү далилденген эмес деп Бакуга өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Андан башка ошондой деңгээлдеги окуяны айта албайм. Грузиянын экс-президенти Гамсахурдияны алсак, ага Грузияда кылмыш иши ачылганда, ал Чеченстандан башпаанек алган. Кийин ал Чеченстанда табышмактуу жагдайда каза таап, Грозныйда көмүлгөн. Ошондуктан КМШ аймагында азырынча экс-президент, же башка көрүнүктүү саясатчыны мекенине өткөрүп берүү көрүнүшү боло элек. Кайсы бир бизесмен же оппозиция өкүлүн экстрадициялоо болуп келатат, бирок чоң саясатчы, же бийлик өкүлүн өткөрүп берүү боло элек.

Төрөкул Дооров: "Аскер сотунун өкүмү эми расмий Бишкекке Курманбек Бакиевди мекенине экстрадициялоону талап кылганга юридикалык негиз берет” дедиңиз. КМШнын алкагында Беларусту эми Бакиевди Бишкекке өткөрүп берүүгө мажбур кылгыдай документ же келишим барбы?

Аркадий Дубнов: Биринчиден, мен билгенден КМШ аймагында кайсы бир кылмышка шектүү деп эсептелген адамдарды бири-бирине өткөрүп берүү тууралуу 1992-жылкы Минск келишими бар. Бирок иш жүзүндө расмий Бишкекке Минскиден Бакиевдерди экстрадициялоону талап кылуу татаал болуп турат. Биринчиден, Лукашенко "Курманбек Бакиевге беларус жарандыгы берилди, биз өз жарандарыбызды эч кимге бербейбиз" деп кайталап келатат. Экинчиден, "Бакиев саясий куугунтукка туш болду, анын кылмыш жасаганына ишенбейм" деп айткан. Расмий Бишкек деле түшүнөт деп ойлойм, бул эми саясий кадам, ал өтөөсүнө чыгаарына ишенич аз. Бирок баары бир бул кадам жасалышы керек, анткени Кыргызстандагы саясий кырдаал ошондой болуп турат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG