Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:35
Туура тамактануу тууралуу жазган биринчи дилбаянымды көп окурмандардын туура эмес кабылдашы бир чети таң калуу, экинчиден, ой-мүдөөмдү даана түшүндүрүп жазбасам керек деген күмөн саноо жаратты. Анткени менин дүйнө таанымымда туура эмес тамактануу - бул чылым чегүү же ичкиликке берилүү сыяктуу эле олуттуу маселе. Айрыкча, “кыргыздардын пайдалуу, витамини көп тамактарды сатып жегенге акчасы да, шарты да жок” деген пикирлер ойго салып, бул сапар ушул түшүнүктүн тегерегинде талдоо жүргүзүп, өз көз карашымды жазууну эп көрдүм.

Ооба, тилекке каршы, азыр Кыргызстан оңой эмес күндөрдү баштан кечирип жатат. Жашылча-жемиш эмес, күнүмдүк токочко тыйын таба албаган жарандар да кездешет. Бирок биз өлкөдөгү башаламан саясат менен экономикалык жагдайга акүйдөгүлөрдү күнөөлөп көнгөнбүз... Алар элдин ырыскысын жеп алганы үчүн башкалар ачка олтурат дейбиз... Албетте, бул чырмалышкан татаал жана талкуулап түбүнө жеткис чоң маселе. Анүстүнө мен бүгүн саясатты эмес, жөн гана кантип туура тамактануу керек деген суроого ой калчап, маалымат бөлүшкүм келет.

Эсимде, биз кичинекей кезде эртең менен тооктун какылыктаганы ушунчалык жагымдуу угулчу. Жанталашып тоокканага чуркап, уяда жаткан жыпжылуу жумуртканы ала коюп, көчө башындагы дүкөндөн сагызга же таягы бар момпосуйга алмаштырып келээр элек. Кийин Жети-Өгүздө сүт азыктарын чыгарган ишкана ачылды. Анда иштегендер чоң унаа менен айылдарды кыдырып, сүт ала баштады. Эл эмчектен жаңы чыккан балдары үчүн эле чактап ак алып калбаса, сааганын бүт сатмайга өттү. Ал эми үйүндө ошол сүттүн акчасына келген кумшекерди карандай чайга чылап ичип олтурушчу. Кийинчерээк кыргыз базарларын ар бири өзүнчө тор баштыкка салынган, Кытайдын "татынакай" алмалары басты. Эл курт жеген же жерге түшүп жанчылып калган алмаларын гана алып калбаса, башкаларын бүт сатып, анын акчасына Кытайдын арзан алмаларын алып коюшчу. Конок келгенде дасторконду ошол "мөлтүрөгөн, көрүнүшү жакшы" алмалар кооздоп турчу.

Мен жашаган Америкада тамак-аш индустриясы өтө чоң бизнес. Азык-түлүктү көбүрөөк чыгаруу, көбүрөөк сатуу, көбүрөөк пайда табуу үчүн жанталашуу айынан, тамак-аш табигый касиетин жоготуп баратат. Азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүнө жогорку технологиялардын жардамы менен аябай иштетилген, тез эскирип кетүүдөн сактоочу гормондор кошулат. Ал эми жер-жемиштер жогорку түшүм берүү үчүн ар кандай химиялык заттардын жардамы менен өстүрүлөт. Адамды өзүнө тартып, кайра-кайра тилете берген таттуунун түрлөрүндө эми чек жок. Бул жакта албетте табигый тамактар да жок эмес, бар. "Органик тамактар" деп коюшат. Бирок алардын баасы кымбат, көбүнчө колунда бар, кирешеси жогору үй-бүлөлөр гана сатып алат. Мисалы органик жумурткалар, жем-чөп жеп, ары-бери басып жүргөн тооктордон туулат. Ал эми органик эместери болсо, бир тордун ичинде камалып, ар кандай антибиотик дарылар сайылып, семиртилген тоокторго таандык. Бирок миң органик болуп, баасы асмандын башын чапчыса да, Америкадагы жумуртканын даамы биздин айылдардагы жер чукуп, сөөлжан жеген тооктун жумурткасына караандабайт. Муну менен айтайын дегеним, Американын эң бай адамы, кыргыз айылындагы жөнөкөй адам жеген табигый тамакты алганга эки көзү төрт. Биздикилер болсо колдо барды баалабай, ынак сүттөрүн, жумурткаларын чогултуп кумшекер, момпосуйга алмашып жатканына ичим күйөт.

Мындан үч-төрт жыл мурун ишиме байланыштуу Кусейин Карасаевдин ардактуу жубайы Айша апа менен баарлашып калдым. Билесиздер, улуу академик бир кылым жашаган, ал эми мен маектешкен убакта Айша апа, жаңылбасам 96 жашта болчу. “Бутумду эле кокустатып алганым болбосо, эч жерим оорубайт, ден соолугум чың, көзүм курч” деп мактанды эле. Мунун сыры эмнеде деп сураганымда: “Өмүр бою куурумага жолобой, жалаң кайнатма тамак ичип, эртең менен эрте туруп, таза абада сейилдечүбүз”- деп айтканы кулагымда кыт куйгандай калды.

Тилекке каршы, элибиз акыкы жылдары акталган суу майды кеңири пайдаланып калды. Көбүнчө куурулган тамак жешет. Илимий изилдөөлөр боюнча, биз суу май деп колдонгон өсүмдүк майы ден соолукка абдан зыян. Анткени күнкарама даны бензиндин бир түрү болгон гексан аттуу эритүүчү затты кошуу аркылуу иштетилет. Мындай иштетүүнүн негизинде акталган майда өсүмдүктүн бир да пайдалуу касиети сакталбай, тескерисинче, колдонулган химиялык заттардын уусу гана калат. Суу майсыз кантип тамак жасайбыз десек, колго сыгылган, акталбаган өсүмдүк майын же малдын майын колдонсоңуздар зыяны да жок жана баасы да төмөн.

Жашылча-жемиш сатып алып жеп, витаминдүү тамактанууга шартыбыз жок дейбиз. Менин 1500 тургун жашаган Тогуз-Булак деген айылымда бир гана адамдын алма багы бар эле. Күз келип алмалар бышканда, көчөдөгү кичине балдар топтолуп, ошол Жолдош атанын багына ууруга кирчүбүз. Ата-энелерибиз урушса кайра өзүлөрүн күнөөлөчүбүз: анан эмнеге биздики жок, эмнеге алма-өрүк олтургузуп койгон жок элеңер?- деп. Аныбызга "биздин айылда алма-өрүк бышпайт"- деп кутулушчу. Жолдош атаныкы бышып атпайбы десек, “аныкы таш алма да” деп коюшчу. Азыр ойлосом, "жалкоонун шылтоосу көп" деген эле кеп экен. Эмнеге биздин айылда бакчылык кылуу, картошкадан башка жер-жемиш айдоо маданияты жок экендигин алигиче түшүнбөйм. Климат шарты катаал дейин десең, жакында "Азаттыктан" Нарында помидор, бадыраң өстүргөн мээнеткеч дыйкан жөнүндө окуп калдым. Ошол эле Ысык-Көлдөгү дунгандар жашаган Жышаан деген айыл коңшу кыргыз айылдарынан жашоо деңгээлинин жогорулугу менен кадимкидей айырмаланып турат. Чарбагынан жашылча-жемиштин түрүн табасың. Демек, “витаминдүү тамактанганга шартыбыз жок” дегенге Кулуп-Текебайыптар же Кыргызстандын мээлүүн климаты эмес, биз өзүбүз гана жооптуу чыгаарбыз?..

Былтыр жазында Кыргызстанга барганда жүрөк өйүткөн көрүнүшкө туш болгом. Айылдагы эл картошка, беде айдачу жерине, отоо чыкпасын, курт-кумурска жолобосун деп селитра сээп жатышыптыр. Ушинтип, Кыргызстанда да жер-жемиштер Америкадагыдай “химикат” болуп калабы? Селитра жана башка отоо чөп, курт-кумурскадан сактоочу химиялык заттар адамдын ден соолугуна канчалаган оору алып келээрин ким түшүндүрөт элге? Ким токтото алат?

Ооба, тилекке каршы Кыргызстанда жетишпеген үй-бүлөлөр көп. Бирок, кудайга шүгүр, күнүмдүк тамак-ашка жетээрлик каражат баарында эле бар. Элге болгону туура тамактанууга, ден соолугуна алдын ала кам көрүүгө, табигый тамак-ашты баалоого үндөгөн билим жетишпей турат. Өнүккөн өлкөлөрдө туура тамактануу боюнча балдар жерден боорун көтөргөн кезден баштап үйрөтө баштайт жана буга багыт берген китеп, журнал сыяктуу булактар көп. Менин оюмча, Кыргызстанда бул өтө жаңы маселе, себеби эл негизинен акыркы жыйырма жылда гана кумшекерди (жана ал кошулуп жасалган таттуу азыктарды), апакай унду, акталган күрүч менен суу майды мерчеминен ашыкча колдонууга өттү.

Башка аймактарды билбейм, союз убагында биздин айылдын дүкөндөрүндө таттуу дефицит болчу ал эми айран-сүттү “молочныйдан” бекер эле таратчу. Азыркы муун, жаш балдар жалаң момпосуй, таттуу йогурт, чипсы, кола менен чоңоюп жатышат. Бул өтө олуттуу маселе, кеч боло электе өзгөрткөнгө аракет кылуу керек. Дагы белгилеп кетем, шекер - уу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG