Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Узаган аптада Кыргызстандагы негизги саясий окуя - башкаруучу коалиция ыдырап, өкмөт кызматтан кетиши болду.

Узап бараткан аптада Казакстанды президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен болуп кетти. Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин кезектеги саммити болду.

Жаңы коалиция куроонун камылгасы


“Ата Мекен” фракциясы менен “Республика” фракциясынын чабышы башкаруучу коалициянын ыдырашына алып келди. Албетте, буга “Ар-намыс” фракциясы чоң салымын кошту.

Коалициянын ыдыроо фактысынан кийин президент Алмазбек Атамбаев 24-августта жарлыкка кол коюп, жаңы өкмөт куралганга чейин Бабановдун өкмөтүнө милдетин аткарып турууну тапшырды. Эми президент кеч болгондо дүйшөмбү күнү беш фракциянын бирине жаңы коалиция түзүүнү тапшырыш керек. Мандат алган фракция Конституциянын талабына ылайык, 15 күндүн ичинде коалиция түзүп, өкмөт башчылыкка талапкерди көрсөтүүгө тийиш.

Коалиция түзүү мандаты КСДП, “Ата Мекен” же “Ар-намыс” фракциясына берилери күтүлүүдө.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков мандат аларга берилип калыш мүмкүндүгүн айтып, жаңы коалиция куроодо негизги маселе өкмөт башчылык орунда экенин белгиледи:

- Биз бардык фракциялар менен сүйлөшүүгө даярбыз. Сүйлөшүүлөрдө спикерлик маселеси каралбайт. Себеби баш мыйзамда төрага жөнүндө маселе жок. Бирок өкмөттү түзүп жаткандан киийн өкмөт башчысы биринчи орундагы маанилүү негизги маселе болот.

Өкмөт башчылыкка кимдер камданууда?

Өкмөт башчылык кызмат боюнча фракциялар ортосунда буга чейин эле жең ичинен сүйлөшүүлөр болуп келген. Анда “Ар-намыс” фракциясы өз лидери Феликс Куловду түртсө, “Ата Мекен” Жоомарт Оторбаевди, КСДП Жантөрө Сатыбалдиев менен Шамиль Атахановду камдап жатканы айтылып келген.

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев өкмөт башчылык алардын фракциясына берилиш керектигин айтып чыкты. Булардан сырткары 1998-жылкы кризис учурунда далдырап калган Кубанычбек Жумалиевдин өкмөтүн алмаштырып, абалды түзөп кеткен Амангелди Муралиевдин ысмы да аталууда. Ал Роза Отунбаеванын тушунда да өкмөттү башкарып калган.


Өкмөт башына ким келген күндө да анын алдында татаал милдеттер турат. Анткени азыркы мезгилге карай кышка даярдык начар. Маселен, Бишкек керектей турган 800 миң тонна көмүрдүн 193 миң тоннасы гана топтолгон. Көмүр сатып алуу үчүн акча да жетишсиз. Анткени электр энергиясы өткөн жылдагыга караганда бир миллиард килловат саатка аз экспорттолууда.

Буга карабай маселени чечүүгө аракет жасап жатабыз дейт "Электр станциялар" акционердик коомунун жетекчиси Аман Тентиев:

- Биз келечектеги экспорттун өлчөмүнө жараша насыяга көмүр алганга аракет жасап жатабыз. Канча көмүр керек болсо ошончону сатып алганга аракеттенебиз. Буга карата бардык чаралар көрүлүүдө. Кышка даярдык болот.

Аман Тентиевдин мына ушундай оптимисттик көз карашына карабай энергетика министрлиги кышында өчүрүүлөр болоорун, калк эмитен ага даярдык көрүш керектигин эскертүүдө. Айта кетүүчү нерсе, “”Кыргызгаз” да карызга батып, Казакстанга 26 млн. долларды төлөй албай отурат. Карыз болгон жерде туруктуу камсыздоо да болбошу турган иш.

Азык-түлүк да кымбаттоо жолунда баратат. Быйылкы жылы болгону 500 миң тоннага жетпеген дан чогултулду. Натыйжада мамлекет башчысы Казакстандан 200 миң тонна буудай суроого аргасыз болду.

Жалпы экономика болсо жети айдын жыйынтыгы боюнча 5 пайызга төмөндөдү.

Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнө коюлган айыптардын бири мына ушундай экономикалык көрсөткүчтөдүн төмөндүгү болду. Жаңы өкмөт абалды түзөп кетет деп кескин айтуу кыйын. Анткени экономиканы көтөрүү, бюджет тартыштыгын азайтуу сыяктуу татаал маселелерди тез арада чечүү оңой эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков өзгөчө жазында абал жеңил болбойт деп эсептейт:

- Фракциялар өкмөткө алып келген кишилери эч нерсеге жарабайт. Көпчүлүгүн мурункудай эле өзүбүздүн киши деген кызыкчылык менен алып келишет. Ошондуктан маселе чечилбейт. Жазда аябай кыйын абал түзүлөт.

Азыркы түзүлгөн кырдаал өкмөттү колго алууга КСДПга дурус шарт түзүүдө. Бирок Алмазбек Атамбаевдин кишиси өкмөт башчылыкка келсе, анда Конституция кепилдеген бийликти бөлүштүрүү идеясы жабыркап калышы мүмкүн. Анткени бийликтин баары президенттин колуна чогулуп калат.

Равшан Жээнбеков мындай шартта Кыргызстанда “жумшак авторитаризм” орнойт деп эсептейт. Жээнбековдун сөзүн ырастагандай эле парламентте ар кайсы фракциялардын өкүлдөрү кирген “Тартип жана туруктуулук үчүн” деген блок түзүлүп, алар президенттин саясатын колдоого алуу максатын коюшту. Азырынча бул блокко 12 депутат киргени маалым.

Бабанов кандай кадам жасайт?

Ал эми кызматтан кеткен Өмүрбек Бабанов партиясын бекемдөөгө, же өз тарапкерлери демилге көтөрүп жаткандай парламентти таратууга киришет. Бабановдун бул аракети айрым күчтөр тарабынан, анын ичинде ыңкылаптардын “бульдозери” аталган Азимбек Бекназаровдон колдоо табышы мүмкүн. Анткени Бекназаров жаңы парламенттик шайлоо, конституциялык реформа жөнүндө маселе көтөрүп келатат.

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстандын саясий майданындагы жылдызы 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин жанып, Бакиевдин учурунда биринчи-вице-премьер-министрлик кызматка чейин жетишкен. Апрель ыңкылабынан кийин 2010-жылы декабрь айында кайрадан биринчи вице-премьер-министрликке келген. Өткөн жылы декабрь айынан баштап өкмөт башчысы болуп келатат.

Өмүрбек Бабановго “Ата Мекендин” лидери өткөн жылы да бир чабуул жасап, бирок анда ийгиликке жетишкен эмес. Андан кийин өкмөт башчыга каршы жаз айларында “Ата-Журт” фракциясы чабуулга чыгып, ал дагы максатына жеткен жок. Эми мына Өмүрбек Текебаевдин экинчи аракети “Ар-намыстын” колдоосу менен ишке ашып олтурат.

Казак президентинин мамлекеттик сапары

Кыргызстанда коалиция ыдырап, өкмөт кызматтан кетип жаткан маалда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мамлекеттик сапар менен келди. Жогорку даражалуу конокту Алмазбек Атамбаев өзү "Манас" аба майданынан тосуп алды. Кыргыз-казак сүйлөшүүлөрү учурунда Казакстан Кыргызстанга 200 миң тонна буудай жана 100 млн.куб метр газ сатаары айкын болду.

“Кыргызгаз” өз кезегинде Казакстанга 26 млн. доллар карызын төлөөгө убадасын бергендей болду. Бул ишканадагы коррупция үч президент алмашса да токтобой, карыздары мамлекеттин мойнуна илинип келатканын талдоочулар белгилешүүдө.

Мына ушул көрүнүштөр Кыргызстанда дале сурап-тилөөчүлүк саясаты уланып жатканынан кабар берет. Андан арылуу жолун конокко келген Нурсултан Назарбаев сунуштап, иштөөгө чакырды:

- Эми бардык революциядан, согуштан өттүңөр. Качанкыга чейин ошонун артынан жүрө бермек элеңер. “Ким 25 жашка чейин революционер болбосо анын жүрөгү жок, ким 40 жашка чейин консерватор болбосо анын мээси жок” деген сөз бар го. Эми акыл кире турган жагдайлар болду. Эми мындан кийин баары жакшы болуп кетсе деп ойлойбуз. Ошого колубуздан келген көмөктү жасайбыз. Эл ичинде тынчтык орноп, башчыларга иштегенге мүмкүнчүлүк берип, кыргыз калкы бир өкмөттүн, бир башчынын айланасында топтолмоюнча эч нерсе болбойт. Мамлекеттер жеринин көлөмү менен чоң болбойт, анда жашап-иштеген жарандары менен чоң болот.

Кыргыз-казак сүйлөшүүлөрүнөн кийин президент Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн ортосунда чечилбеген маселе калбаганын билдирди. Чындыгында, эки президент түшүнүшүү таап, алардын экөөнүн ортосунда маселе калбаса керек. Бул дагы жакшы нерсе.

Ал эми эки өлкөнүн ортосунда, тагыраак айтканда эки өлкөнүн жарандарын кыйноого салган тоскоолдуктар алынбай турат. Ал жарандардын соодасына, эки тарапка каттоого жасалган тоскоолдуктар. Бул маселелер чечилген жок. Алар мүмкүн Кыргызстан Бажы биримдигине киргенде чечилет. Азырынча абал ошол бойдон.

Саясат таанучу Марат Казакпаев буга чек арадагы абалды мисал кылат:

- Кыргызстан-Казакстан мамилеси аябай оор болуп жатат. Канча келишимдерге кол коюлуп, баары жакшы дешүүдө. Бирок жөнөкөй адам катары эле “Ак жол” өткөрмө пунктуна барып көрсүн, аякта кандай кезекке туруулар болуп жатканын көрөт. Товарларды болсо такыр өткөрбөйт. Бажы көзөмөлү абдан күчтүү.

Нурсултан Назарбаевдин сапары учурунда Кыргызстан үчүн пайдалуу эки долбоор айтылды. Алардын экөө тең энергетика тармагына байланыштуу. Анын бири Чымкенттен Кыргызстанга карай мунай куурун тартуу болсо, экинчиси Кемин - Алматы электр зымын тартуу мүмкүнчүлүгү. Бул эки долбоор тең Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн маанилүү.

Абдулла Гүлдүн расмий сапары эмнеге болбой калды?

Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга сапары түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин саммити менен уланды. Саммит Кыргызстан, Казакстан, Түркия президенттеринин жана Азербайжандын өкмөт башчысынын катышуусу менен өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында сөз сүйлөгөн Алмазбек Атамбаев саммит максатына жеткенин айтты:

- Бардык коюлган маселелер боюнча бир пикирге келдик. Түрк тилдүү мамлекеттердин каржы эрежелери тууралуу макулдашуу, Түрк академиясын түзүү боюнча макулдашуу, Түрк маданиятын жана мурасын колдоо корун ачуу тууралуу макулдашуу жана экинчи саммиттин жыйынтыгы менен Бишкек декларациясын кабыл алуу боюнча бир пикирге келдик.

Саммиттин жыйынтыгында тараптар түрк академиясын түзүүнү макулдашты. Андан сырткары Нурсултан Назарбаев адаттагыдай эле глобалдык масштабдагы дагы бир долбоорун сунуштап чыкты. Ал Түркия - Азербайжан - Казакстан - Кыргызстан - Кытай темир жолун куруу. Бул долбоор Кыргызстан сүрөп жаткан Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолуна терс таасирин тийгизбейби деген суроо да жок эмес.

Кандай болгон шартта да Назарбаевдин сунушун иликтеп чыгуу түрк тилдүү мамлекеттердин транспорт министрлерине тапшырылды.

Саммиттен кийин түрк президенти Абдулла Гүлдүн 24-августта Кыргызстанга расмий сапары болушу керек эле. Бирок Абдулла Гүл кулак оорусуна байланыштуу сапарын кыскартып, 23-августта эле Анкарага жөнөп кетти.

Түрк президентинин сапарын кыскартуусу Кыргызстанда ар кандай түкшүмөлдөрдү жана таңданууларды жаратты. Анткени кыргыз-түрк мамилеси өркүндөө жолунда келаткан. Ушундан улам коомчулукта президенттин кулак оорусу расмий сапарды кыскартууга негиз боло албайт эле, башка себептер болду бекен деген да түкшүмөл ойлор жок эмес.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG