Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

Башталышы өткөн санда.

Быйыл Кыргызстан өлкө эгемендигинин 25 жылдыгын белгилейт. ​Кыргызстандын ХХ кылымдын 1920-30-жылдарындагы көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмери Жусуп Абдырахмановдун саясий ишмердүүлүгү, эл үчүн жасаган кайраткер аракеттери, сүйлөгөн сөздөрү, жазган эмгектери бүгүнкү азат Кыргызстандын жетекчилерине, жаштарына, жалпы элине дем бере турган, осуят болор мааниси чоң. Элдин өз эгемендигин өзү чечиши керектигин жетекчиликке алган Абдрахманов бул жаатта бир катар демилгелерди көтөрүп, Москванын алдына койгон. 1927-32-жылдарда Жусуп Кыргыз республикасынын Эл комиссарлар советинин төрагасы болуп иштеп турган кезинде өзгөчө тайманбас, борбордун көзүн карабаган саясат жүргүзөт. Сталинге эки жолу (1929-жылдын ноябры, 1930-жылдын апрели) жазган каттарында республиканы үч жерге (союздук борборго, РСФСРге жана СредАзбюрого) баш ийдирген туура эмес практиканы жоюп, Кыргыз АССРин союздук республикага айландыруу маселесин эки жолу кайталап коёт. Кийин Жусуп камалганда так ушунусу "улутчулдук" деп бааланган. Ага саясий айыптарды тагууда органдар Абдрахмановдун дайыма жазып жүргөн күндөлүгүнө таянышкандыгын айтышат.

Айтылуу жердешибиздин артында калган урпактарына жеткен орошон ойлору катылган күндөлүгүнөн журналист Бакыт Орунбековдун котормосунда жарыялайбыз.

(2-бөлүк)

8.IX.

Күндөлүгүмдү дагы окуп көрдүм, андагы жазылган дайынсыз кептерди окуп алып уялам. Жогортон төмөн кулаган ташка окшоп, кургуйга түшүп бараткандаймын. Менин турмушумдун кызыктуу учурлары, күйгүлтүк тартып жүргөн далай күндөрүм жабык боюнча калганы өзүнчө жийиркеничтүү. Менин күндөлүгүм – өзүмө карикатура. Бул биринчи жыйынтык.

Айрым адамдар айтып калышат, жалпы адамзаттын иши, жалпы кызыкчылыктарга берилгендер жеке турмуштан баш тартып, алардын аң- сезиминде жеке турмуш эч кандай роль ойнобой калат. Менимче, бул адамдар калп айтышууда. Жалпылап айтканда, жамааттын жана индивидумдун күрөшү. Ушул көз караштан алганда менин абалым начар. Жеке турмушумда таянар нерсем жок, саясий жактан өсүшүмө өбөлгө-жөлөк түзө албадым.

Турмуштагы теңимди тапкандан жаңылдым, жеке турмушумдагы өйдө-ылдый нерселерден чыга албай жүргөнүм өзүнчө көйгөй. Мага жөн эле “колукту” эмес, жалпы күрөштө, иште бирге боло турган жан жолдош керек. Мен аны издедим, таптым – бирок... Бул бирок мени көп убакытка чейин жай турмушумдагы жолдон чыгарды. Мага кээде акыркы үмүтүм жоголгондой да сезилип кетет. Бул жерде мен туура эмес...

9.IX.

Борбордук Комитеттеги чогуу иштеген жолдоштор менен жолуктум. БКнын саясаты жана күнүмдүк маселелер жөнүндө сүйлөштүк. Алган курстун келечеги жана жүргүзүп жаткан линиянын тууралыгына бири дагы ишеним артпайт. Жалпы иш үчүн көңүл кош болуу, жооптуу тапшырмалардан оолактоо орто чөйрөдөгү партактив үчүн көндүм көрүнүш, мыйзам болуп калгандай. Москвадан көңүл калып отурат. Мамлекеттик аппараттагы бюрократизм, ортоңку партактивдин шаабайы сууган көңүл коштугу мага окшогон провинциядан келгендин көзүнө даана көрүнөт. Бул көрүнүш ээрде бош отургандарды, биз күрөшүп жаткан идеяларга анча ишеним артпагандарды ого бетер алсыратат. Эртерээк Мосвкадан кетиш керек. Бул жерге караганда жер-жерлерде тынчыраак, ишенимдүүрөк иштейсиң. Жок дегенде өз ишиңди билесиң, элдин турмушу менен аралашып жашайсың...

Вардин (15) келди. Аны менен таанышкандан кийин чогуу түштөндүк. Жигит мага жакты. Оппозициянын катарында жакшы балдар бар.

Кечинде Бористикинде көпкө отурдум...

10.IX.

Ленинградга билет алдым. М. Борбордук Комитетте болду. Алты ай күтүш керек, дагы төрт ай (16). Ал өзүн жакшы сезип жүрөт, мен ошого ыраазы...

Кечинде Евдокимов (17) менен Бакаев (18) келишти. Евдокимов Лашевичти жерге берүүнү татыктуу уюштура албаганына кейип отурду. Бул сөздөрдө Борбордук Комитетке болгон таарынычтар бар эле. Мурдагы партиялык генералдардын партияга, БКга болгон таарынычтары көпкө созулчудай. Партиядагы мурунку орундарына кайтып келмейинче алардын ич күптүлөрү азайбачудай. Ондогон жылдар бою партияны түзгөн, ага кызмат кылган адамдардын өз партиясына, анын Борбордук Комитетине каардангандарды карап отуруу да кыйын. Партияга кайтып келген орто автивдердер партиялык массага бат эле сиңип кетишти, генералдарга бул кыйын болууда.

Борбордук Комитеттин расмий жетекчилеринин Лашевичти сөөгүн жерге берүү зыйнатына катышууга анын досторуна тыюу салганы барып турган акылсыздык болду.

Адамдын сиңирген эмгегин унутпаш керек. Лашевич – лениндик гравдиянын эски солдаты, Октябрдын каарманы, революциянын трибуну эле. Анын досторун сөөк коюуга киргизбей койгону акылга сыйбаган иш болду. Борбордук Комитеттин мындай түркөйлүгүн түшүнүү кыйын, бирок, айла жок...

12.IX.

Бориске саат 8ге бардым, анда 11ге чейин отурдум. Менин фотокарточкамды чыгарышты. Саат он бирде Союздук аткаруу комитетинин Президиумунун кеңешмесине бардым. Ал жерден жолдош Рудзутакты жолуктурдум. Аны менен баягы эле темир жолдун маселесин сүйлөштүм. Жаңы нерсе деле жок, ал колдоду. Ал жерде барып турган бюрократ, принциби жок, мурдун балта кеспеген Каганович да болду. Еврей калкы революцияга чыгаан таланттарды берди, бирок алардын арасында ушундайлар да бар...

Агартуу комиссариатында болдум. Луначарский менен Анварды жайгаштыруу жөнүндө сүйлөштүм. Беш күндөн кийин жообун берүүгө убада кылды. Жайгаштырса болобу карап көрөйүн деди. Кечинде кайра Бористе болдум, андан ары Исайга (20) бардым. Ишемби күнү Союздук мамлекеттик пландоо комитетинин президиумунда темир жол маселеси каралганын бүгүн мага айтышты. Питерге баралбай каламбы?..

13.IX.

Мамлекеттик пландоонун жыйналышы 21не жылдырылды. Бүгүн Питерге жөнөйм. Бористе болдум, ал дагы бүгүн Суук-Сууга аттанып жатыптыр.

М.С.Х.Ада (Москва айыл чарба ададемиясы - Б.О) болуп, ректор менен Жер боюнча Эл комиссариатынын кызматкерлери жана Якупбаев (21) жөнүндө сүйлөштүм. Шефлер (22) Якупбаевди инженердиктен экономика факультетине которууга макул болду.

Дунаевден (23) телегерамма алдым, кызматкерлерди чакырууга акча жок дейт...

16.IX.

Эртең РСФСРдин Эл комиссарлар комитети РСФСРдин, анын ичинде Кыргыз АССРинин бюджетин карайт. Ошондуктан Ленинграддан шашылыш кайра артка жөнөдүм. Оюң бир жерге токтобосо, санааң көп болсо күндөлүк жазыш өтө кыйын экен. Менин азыркы абалым ушундай...

17.IX.28-ж.

Жөн эле шашыптырмын. Москвага кайтып келгенде биз коюп келген маселе каралбай белгисиз мөөнөткө жылып калды.

Кызматкерлердин маселеси боюнча Борбордук Комитетте болдум. Ал жерде уюштуруу, бөлүштүрүү бөлүмүндөгүлөр М. ди Кыргызстандан чакырып алуу мүмкүнчүлүгү боюнча менин оюмду сурашты. Эгер Ленинградга же Москвага окууга жөнөтсөңөр айырмасы жок, каршы чыкпайм, колдойм деп айттым. Мындан сырткары партиянын жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ага окуусун бүтүп алганга мүмкүнчүлүк беришибиз керек, деп кошумчаладым. Эгерде маселе аны Союздун башка аймактарына иштөө үчүн жөнөтүү турса, анда караманча каршыбыз, дедим.

Мал чарбачылыгы жөнүндө брошюрамдын планын иштеп чыгайын деп ойлоп койдум эле, андан майнап чыгалек...

18.IX.

Бүгүнкү күн мен үчүн демейдегиден башкача болду. Ушул убакка чейин командировкада жүргөн күндөрүмдө бүгүнкүдөй башым менен кирип иштебепмин.

Эртеден бери Борбордук Комитетте кызматкерлердин маселеси менен жүрдүм. Азырынча майнап чыкпады. Кызматкерлер жок. Он бирде Жер боюнча эл комиссариатында жолдош Кубякта (24) болдум. Аны кармай албадым. Москвалык наркомдордун таң калычтуу кылыктары бар, кабыл алуу убактысын айтат да өздөрү жок. Саат 12де Соода боюнча эл комиссариатында жолдош Максимов менен “Эт азыктары” жөнүндө, биз үчүн бөлүнгөн импорттук айыл чарба шаймандарын бөлүштүрүлүшү, Каракол кантонунан нан азыктарын ташуу боюнча Фрунзеге жүк ташуучу автомашиналарды жөнөтүү, аларга бериле турган лицензиялар тууралуу сүйлөштүм.

Сүйлөшүүбүздүн натыйжасы анча болгон жок, анткени ал конкреттүү эч нерсе убада берген жок. Саат бирде “Мясопродукты” мекемесинде болдум, республикалык кыргыз конторасын ачууну кабыргасынан койдум. Ал макул болду, бирок кыргыз өкмөтү акционер катары бир миллион сомдук капиталы же 750 миң рубли менен кириши керек деп талап койду. Эгер менде ошончо акчам болгондо силерди республикага киргизмек эмесмин. Менде акча жок, силер Кыргызстанда эт базарын уюштурууга милдеттүүсүңөр, деп катуу эле айттым. Ишемби күнү биротоло макулдашалы деп чечтик.

Менде Тойбашев менен Тикеев болушту. Батирибиз жок деп даттанышты. Окууганы келишкен, эми үй-бүлөлөрүнүн камын көрүп жүрүшкөн экен.

Эртең менен саат 10до жолдош Микояндын кабыл алуусуна жөнөдүм. Он эки жарымга чейин отурдум. Максимов менен бүтүрө албагандарымды, Микоян менен чечтим. Ал мен койгон сунуштардын баары менен макул, өткөрүүгө убада кылды. Мындан сырткары РСФСРдин лимитинин эсебинен биздин Борбордук аткаруу комитети менен Эл комиссарлар советине эки автомашина бериле турган болду. Бир сааттан ашык бир тууган өлкөмдүн келечеги жөнүндө айтып бердим.

Керек болсо Микоян менен “Интергельпо” кездеме фабрикасын жүн менен камсыз кылуу жөнүндө макулдаштым. Ал “Интергельпонун” жүнгө болгон керектөөсүн толугу менен чечүү боюнча ошол эле жерден Хинчукка буйрук берди.

19.IX.

Эртең менен Жер боюнча Эл комиссариатында, кайра Борбордук Комитетте болдум. Кызматкерлердин баары жок. Мындай кризис мезгилинде мамлекеттик кызматтарда бир армиянын санына тете мыкты балдар пайда келтире турган жерлерде эмес, башка иштерде отурушат.

Борбордук Комитеттин президиумунун кеңешмесинде болдум. Кезектеги сессияны чакыруу 1-октябрга чечилди...

21.IX.

Бул күн жагымсыз нерсе алып келди. Темир жолдун Токмок веткасынын курулушу пландын титулдук бөлүгүнөн титулдук эмес жагына түшүп калыптыр. Башкача сөз менен айтканда, эртең анын курулушу дегеле пландан алынып калышы мүмкүн. Ким күнөөлүү далилдеп болбойт. Курулуш комиссариаты Мампландын транссекциясына шылтайт, анысы кайра беркисине түртөт. Бардык жерде эле түртүшмөй, бир нерсеге ишеним жок. Эртеден кечке ушул маселе боюнча жүгүрүп жүрдүм. Ким менен сүйлөшпөйүн бардыгы бул маселеге салкын карашат.

Курулуш боюнча эл комиссариатындагы Лисица же Лазарь (25) өзүн Кыргызстандын досу катары көргөзгүсү келет. Жийиркеничтүү бир жан. Ойлонгондо бирди, айтканда башканы балдырайт. Бетке карап туруп “мен каршымын” деп ачык айтып койсо ал үчүн деле жакшы болмок.

Керели кечке Союздун мампландоосунун президиумунда отурдум. Коган-Бернштейн (26) темир жолдун Токмок веткасын кант заводуна чейинки курулушун баштай берүү керек деп айтса Квиринг (27), Гринько (28) баштарын чайкап каршы болушту. Бул эки украин патриоттору, бүткүл союздук келесоолор кантты чыгарууда Украина монополия боюнча калса деп ойлошот окшойт.

Мен Квирингге биз кантты өндүрүү боюнча анын мурдагы мекени менен атаандашкыбыз келбейт, бизге аймактын өндүрүш күчтөрүн жандандырып алууга мүмкүнчүлүк бергиле деп айттым. Анын үстүнө кыргыздын украинден эмнеси кем? Мындан сырткары ага Саясий бюронун чечими бар экенин эсине салдым. Мөөнөтү көргөзүлгөн эмес дейт. Эртең Борбордук Комитеттен расмий түрдө тактама алыш керек.

Элдин иши деген улуу нерсе. Кечке чейин жумуштан башка эч нерсе ойлободум. Түн бир убакта үйгө келгенде кимдир бирөө менен сүйлөшкүң келет, бирок ким менен...

Эртең темир жолдун веткасы биротоло чечилет. Орто жолдо калабы, дагы канчага чейин Москвада аргасыз отурушум керек?

Такыр көңүл жок.

Кыргызстанда чума чыгыптыр деп бүгүн уктум. Ал жактын өзүнөн кабар жок. Кыргызстанда отургандар ал жөнүндө мага кабарлап коюуга баштары жеткен жок.

Бардыгы кыйчалыштайт. Жүрөгүң ооруп, ыйлагың келет...

22.IX.

Эртең менен Борбордук Комитетте болуп, Токмок веткасы боюнча Борбордук Комитеттин саясий бюросунун токтому менен тааныштым. Саясий бюро Фрунзеден Токмокко чейинки темир жолдун курулушунун мөөнөтүн 28-29-жылдар аралыгында деп чектеп коюптур. Көчүрмөсүн беришкен жок. Бирок, ал жерде жазылганды эсиме түйүп калып, Борбордук Комитеттен чыгарым менен кичинекей кагазга “Фрунзеден Токмокко чейинки темир жолдун курулушу 28-29-жылдар аралыгында чечилсин” деп жазып койдум. Андан ашык колуман келбейт эле. Аталган токтом 1927-жылдын 3-ноябында чыгыптыр. Союздун мампландоо комитетинин кеңешмесинде Кривингге бул тактаманы берсем, жактырган жок. Саат 11ден 3кө чейин Мампланда отурдум. Маселе боюнча чыгып сүйлөгөнгө 10 мүнөт убакыт беришти. Ушул убакыт ичинде темир жол веткасынын курулушу экономикалык жана саясий жактан да максатка ылайык, зарыл экендигин далилдеп, пландоонун титулдук бөлүгүнө өткөрүү керектигин баса белгилеп айттым.

Курулуш боюнча Эл комиссарлыгынын жана өкүлчүлүктүн кызматкерлери менин сөзүм, келтирген аргументтеринин ишенимдүүлүгү жана ишкерлиги жагынан эң мыкты болду деп айтышты. Мүмкүн, мен эч убакта өз сөзүмө ыраазы болгон эмесмин. Мен улам кийинкисинде мыкты сүйлөгөнгө аракет кылам...

“Оюндан утуп алдым”. Мампландын президиуму Токмок веткасынын курулушун планга киргизип, титулдук бетке кошушту.

Үч жарымда Москвиндин (29) орун басары жолдош Рябовдо болдум. Кызматкерлер жана жолдош Меирхановду Свердлов университетине которуу жөнүндө сүйлөштүм. Кызматкерлер боюнча убада болду, Меирханов жөнүндө партиянын Москва комитети менен макулдашуу керектигин айтты.

Саат беште Кубякта болдум. Күзгү айдап себүүгө акча бербей жатышат. Иш жүзүндө Кыргызстанды импорттук айыл чарба шаймандары менен жабдууну макулдаштым, Союздук Соода эл комиссариаты Орто-Азия боюнча бекитилген планга жараша бөлө турган болду.

“Маркони” үргүштөгөн дагы бир сезонго кала турган болду.

Бүгүн күн эртеден кечке жемиштүү болду...

23.IX.

Бүгүн саат 10 болуп калганда кеч турдум. Эртең мененки тамактан кийин Бородинанын “В застенках китайских сатрапов” деген китебин окуй баштадым. Эгер ким бул китептен өзү катышкан, көз алдында өткөн окуялардын анализин табам деп ойлосо анда ал убактысын жөн эле жоготот. Ким мактанганды үйрөнөм десе, бул китепти окуса да пайда таппайт. Китепти окуп чыккандан кийин, кайран кагаз дагы түтүптүр деп ойлойсуң.

Күндүзү саат 12де Раиса Кушнер, Е. жана В. Гольдмандар менен чогуу Останкиного жөнөдүм. Ал жерде эки сааттан ашык болдук. 18-кылымда граф Шереметьевдин демилгеси менен аялы Параши үчүн курулган аксарайды карап отуруп ойго келесиң, көп өлкөлөрдө миллиондордун эсебинен жалгыз бирөөнүн жыргалчылыгы үчүн эмнелер жасалбаган. Өзүңдү эзилген жана кулчулукта калган миллиондогон адамдардын кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн акыркы солдат эмес экендигиңди сезгенде кубанып калам.

Садаевде (32) үч саат болдум, анын жолдоштору менен чогуу түштөндүм. Тамагыбыз улуттук болду. Эмереги бар бөлмөдө үстөлдөрдү, креслону ары жылдырып коюп, кыргызча мандаш токунуп отурдук, бир эле боз үй жетишпейт...

Саат беште Тойчунов (33) келди, алтыда Ольга келди. Аны менен Чоң театрга “Конек-горбунокту” көргөнү бардым. Балет мен үчүн кызык болгон жок, анын тереңине кирип, маанисин анча түшүнө албадым.

24.IX.

...Иш күн жакшы пайда менен башталды. “Мясопродукты” мекемесинин кыргыз конторасын ачуу жөнүндө макулдаштым. Биз жалпы суммасы 150 миң рубль чыгарабыз. Ошондой эле “Сахартрест” менен сөздү бекемдедим. Алар совхоз уюштуруу боюнча даярдык иштерди жасоо үчүн жерине агроном адистерин жөнөтө турган болушту. Мындан сырткары “Сахтресттин” башкармалыгы Курулуш боюнча эл комиссариаты менен макулдашып, кант заводунун курулушуна кирише турганы чечилди. Бул маселенин чечилиши темир жолдун Токмок веткасынын курулушуна өбөлгө болмокчу...

Курулуш боюнча Эл комиссариатында болуп, Лазеревский менен ветканын курулушу жөнүндө сүйлөштүм. Бир сааттан ашык башымды чакты. Темир жолдун веткасын келерки жылы Кант станциясына чейин жеткирүүнү катуу убада кылды, 1.000. 300 рубль акча бөлүнмөй болду. Менимче ал акча жетпейт, талашкан жокмун. Курулуштун зарылдыгы бардык инстанциялардан макулдашыла берсин, анан акча жөнүндө маселе коем.

Ойлонгондо бирди, сүйлөгөндө теңирден тескери айткан адамдардын категориялары бар, андайларга Лазоревский да кошулат. Ушунусу үчүн аны жактырмак тургай, көргүм да келбейт. Бирок ал жаман эмес адис.

Шилтемелер:

15. Вардин – “Бириккен оппозициянын” мүчөсү деген күнөө менен компартиядан чыгарылгандардын бири.

16. Сөз Натансондун партиялуулугун калыбына келтирүү жөнүндө болууда.

17. Евдокимов Г.Е.- Борбордук Комитетттин мүчөсү болгон.

18. Бакаев И.П. – “Жаңы оппозициянын” мүчөсү деп күнөөлөнгөндөрдүн бири.

19. Каганович Л.М. – 1928-39-жылдары ВКП(б) Борбордук Комитеттин катчысы болгон.

20. Исайка - ким экендиги аныкталбады.

21. Якупбаев И.Б. – 1927-1928-жылдары Кыргыз АССРинин Москвадагы өкүлү болгон.

22. Шефлер – Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясынын ректору.

23. Дунаев Г. М.- 1928-29-жылдары Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар советинин төрагасынын биринчи орун басары болгон.

24. Кубяк Н.А.- 1928-жылдан Орусиянын, СССРдин комуналдык чарба советинин төрагасы болгон.

25. Сөз темир жол боюнча Эл комиссариатынын кызматкери Лазеревский жөнүндө.

26. Коган-Бернштейн – СССР мамлекектик пландоо комитетинин президиумунун мүчөсү.

27. Квиринг Э.И. - СССР мамлекеттик пландоо комитетинин президиумунун мүчөсү.

28. Гринько Г. Ф. – СССР мамлекектик пландоо комитетинин төрага орун басары.

29. Москвин И.М.- ВКП (б) Борбордук Комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы.

30. Меирханов Б. – Кыргызстандын жергиликтүү партиялык жетекчилеринин бири.

31. Кубяк Н.А.- №24-караңыз.

32. Садаев Жайнак – 1925-28-жылдары партиянын Кыргыз обкомунун катчысы болгон.

33. Тойчинов И. - Кыргызстандын жергиликтүү партиялык жетекчилеринин бири.

(уландысы бар).

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG