Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Өзбекстандык укук коргоочу Раззаков эркиндикке чыкты


Өзбекстандык укук коргоочу Бобомурод Раззаков.
Өзбекстандык укук коргоочу Бобомурод Раззаков.

Өзбекстанда укук коргоочу Бобомурод Раззаков мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө үч жыл абакта отурган соң эркиндикке чыкты. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы “Эзгулик” укук коргоо уюмуна таянып маалымдады. Уюмдун активисттери Васил Иноятов менен Абдурахман Ташанов Раззаковду Тавакас түрмөсүнүн дарбазасынан тосуп алышты.

63 жаштагы Бобомурод Раззаков 2013-жылы адам аткезчлиги менен алектенген деп айыпталып төрт жылга эркинен ажыратылган. Сот маалында Раззаков ага коюлган айыптарды мойнуна алган эмес. Укук коргоо уюмдары Раззаков өзүнүн саясий көз караштарынан жана кылган ишинен улам куугунтукка кабылганын ошол кезде маалымдашкан.

Кесиленге чейин Раззаков дыйканчылык менен алектенип, ошол эле “Эзгулик” уюмунун Бухара облусу боюнча өкүлү болуп келген. Ал “Азаттыктын” өзбек кызматына берген маектеринде жергиликтүү дыйкандардын көйгөйлөрүн айтып, жергиликтүү аткаминерлерди сындап келген.

XS
SM
MD
LG