Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Кыргызстандын мектеп программасына “Дин маданиятынын тарыхы” деген сабак киргизилгени жатат. Билим берүү министрлигинде бул жаңы предметтин концепциясы иштелип чыкты.

Бирок анын окутулушуна диний конфессиялардын жана эксперттердин пикири бирдей эмес. Өткөн аптада диний кырдаалды талкуулаган Коргоо кеңеши мектептерге диндердин тарыхын окутууну зарыл деп тапкан.

Жаңы сабак эмнени окутат?

Билим берүү министрлиги “Дин маданиятынын тарыхы” сабагын мектептерге киргизүү боюнча концепция иштеп чыкты. Ал 12-февралда билим берүү министри Канат Садыковдун жана жумушчу топтун катышуусунда талкууланды.

Жумушчу топтун төрагасынын орун басары, педагог Мурат Иманкулов предметти мектептерге киргизүүгө зарыл болгон шарттарды атады.

- Ар кыл диний агымдардын таасири күчөп, өзгөчө экстремисттик, сектанттык жана бузуку, жикчил багыттагы агымдар басымдуулук кыла баштагандыктан диндеги жакшы-жаман нерселерди окуучуларга ачып берүү максаты көздөлдү.

Иманкуловдун айтымында, окуу программасына дүйнөлүк диндер жөнүндө жалпы маалыматтар камтылмакчы.

- Дүйнөлүк диндер: иудаизм, христианство, буддизм, өзгөчө ислам туурасында кеңири маалыматтар берилет. Ошондой эле алардын агымдары жана Кыргызстандагы диндердин тарыхы да окутулат.

“Дин маданиятынын тарыхы” сабагын 5-11-класстарга киргизүү болжолдонууда. Ал предмет ушул жылдын сентябрь айында пилоттук максатта айрым мектептерге кирип калышы мүмкүн.

Демилгени Кыргызстанда көп мезгилден бери келаткан же салттуу деп саналып калган ислам жана православ диндеринин өкүлдөрү кубаттап жатат. Муфтияттын маалымат катчысы Асан Саипов программага ислам дини тууралуу маалыматтар көбүрөк камтылса болмок деген ойдо.

- Совет доорунан калган эски тарых, атеисттик көз караш менен эле бул программаны окутканы турабыз. Жалпы диндердин тарыхын гана окутуп, бир динге басым жасабай эле коёлу, анткени Кыргызстан көп улуттуу, көп диндүү мамлекет деп жатышат. Бирок Кыргызстанда калктын 85, акыркы изилдөөдө 91 пайызы мусулман. Ошондуктан ислам динине бир аз басым жасап окутушубуз керек.

“Жаңы диндер” калыстык болбойт деп бушайман

Кыргызстанда ислам жана православ сыяктуу дүйнөлүк диндерден башка да диндер жана диний конфессиялар бар. Алар окуу программасына өздөрү тууралуу терс жана бир тараптуу маалыматтар кирип калабы деп бушайман.

"Теңир жыйыны" уюмунун башчысы, машаякчы Кайырбек Маныбаев бул предметти окутууда калыстык болбойт деп эсептейт.

- Калыс мугалимдер болсо, бул программаны мектептерде окутса болмок. Бирок бизде калыс мугалимдер табылбайт да. Баары эле православия менен исламды гана туура деп окута берет. Ошондой эле мисалы, “сабак учурунда ким мусулман, ким православ” деп да сурашы мүмкүн. Эгер антсе менин балам мисалы, “мен протестантмын” деп айтат. “Аа, сен ушундайсыңбы, баптист экенсиң, андай-мындай” деген сөздөр болушу мүмкүн.

Бирок концепцияны иштеп чыккандар муну менен макул эмес. Анын авторлорунун бири Мурат Иманкулов “Дин маданиятынын тарыхын” окутууда мамлекеттин светтик делген принцибине доо кетпейт деп ишендирүүдө:

- Биздин максатыбыз боюнча диний пропаганда, же совет доорундагыдай атеисттик пропаганда да болбош керек. Болгону дин жөнүндө калыс жана так маалымат берилүүсү абзел. Анткени биздин Конституцияда адам укугунун кепилдиги бар. Ар бир адам кайсы бир динге ишенүүгө же ишенбөөгө укуктуу. Бул динге ишен же ишенбе деген чакырык бул программада болбошу керек деген жыйынтыкка токтолуп жатабыз.

“Дин маданиятынын тарыхы” сабагын киргизүү концепциясын билим берүү министрлиги жактырып, коомдук талкууга чыгарды. Ал коомдук талкуудагы алымча-кошумчалардан соң бекитилмекчи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG