Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Грэй: "Ак кеменин" доосу Канадага алпарды


17-октябрда Канадада чыгуучу The Globe and Mail гезитинде Кыргызстан менен түркиялык компания ортосундагы сот иши тууралуу макала жарыяланды. Онтарио соту Кыргызстандын Centerra Gold компаниясындагы акцияларынын бир бөлүгүн камакка алганы тууралуу макаланын автору, журналист Жефф Грэй бул талаш тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

- Сиз жазган макалада "Ак кеме" мейманканасын тарттырып ийген түрк компаниясы эми Кыргызстандын "Центерра Голддогу" акцияларын өзүнө алып берүүнү өтүнүп, Канададагы сотко кайрылганы айтылат. Соттун ишине башынан байкоо салып келатасызбы?

- Азырынча бир эле макала жаздым. Анткени сот иши баштала элек. Адегенде “Систем мюхендислик” аттуу түрк компаниясынын Кыргызстанга карата доосун кароого юридикалык негиз барбы деген маселе каралат. Ага чейин сот "Центерра Голддогу" Кыргызалтындын акцияларынын бир бөлүгүн камакка алуу тууралуу көрсөтмө берди. Бул убактылуу чечим.

- Эмне үчүн түрк компаниясы башка жерге барбай, Канадага барып арызданып жатат?

- Ал түрк компаниясы 2009-жылы эле Женевадагы Эл аралык арбитраждык сотто утуп алган. Ал соттун чечимине ылайык, Кыргызстан убагында (2005-жылы) бул фирмадан "Ак кеме" мейманканасын мыйзамсыз тартып алганы үчүн 8,5 миллион доллар төлөөгө жана андан башка пайдадан түшкөн акчаны төлөп берүүгө милдеттендирилген. Ошондон бери Кыргызстан ал акчаны төлөбөй келаткандыктан, түрк компаниясы Кыргызстандын башка өлкөлөрүндөгү мүлкү менен менчигин караштыра баштаган. Адегенде Европадагы өлкөлөрдө иликтөө жүргүзүп, кийин Канададагы "Центерра" компаниясында үлүшү бар экенин билип, бул компания катталган провинция – Онтариодогу сотко кайрылышкан.

- Сотко алар 2010-жылы эле кайрылган турбайбы?

- Ооба, ошол тапта сот "Центеррага" Кыргызстанга тиешелүү акцияларды камакка алып, түрк компаниясына өткөрүп берүүгө көрсөтмө берет. Бирок "Центерра" бул акциялар кыргыз өкмөтүнө тиешелүү эмес, алар Кыргызалтын мекемесине таандык деп жооп берген. Кыргызалтын мамлекеттик ишкана болгону менен, акцияларга жападан-жалгыз ээлик кылбайт экен. Ал жерде башка тараптардын да үлүшү бар.

Айта кетчү жагдай, Кыргызстанга 77 миллион акция тийиштүү болсо, ошонун 4 миллионун камакка алуу тууралуу сөз жүрүп жатат. Бул – кыргыз тараптын менчигинин чакан гана бөлүгү. Дивиденддерден түшкөн киреше да азыр камакка алынган. Бирок мунун баары жалпы чоң көлөмдөгү акциялардын кичинекей бөлүгү. Бул соттун убактылуу чечими. Алар түрк компаниясы сотто жеңсе, ага берилет. Азырынча мен башында айткандай, сот иши баштала элек. Адегенде бул иш өндүрүшкө алынабы, алынбайбы деген маселе каралат.

- Сиздин оюңузча, иш кандай өнүгүшү мүмкүн? Кыргыз тарапты бул иште кайсы бир юридикалык фирма коргоп жатса керек?

- Иш абдан талаштуу. Анткени кыргыз өкмөтү кетирген ката үчүн Кыргызалтын ишканасы жаза тартууга милдеттүү эмес деген пикир бар. Кыргызалтындын адвокаттары, маселен, Канаданын улуттук телерадиокомпаниясы Канада өкмөтү үчүн сотто жооп береби деген жүйөлүү суроо коюп жатышат. "Центерранын" өкүлдөрү “жүздөгөн канадалык компаниялар ар башка өлкөлөрдүн жаратылыш кендерин казып-иштетүүгө тартылууда. Алар барган жеринде өкмөт менен келишим түзүп иштешет. Ар ким келип, ошол өкмөттөргө болгон дооматын Канадада өндүргөнү туура эмес” деп жатышат.

- Сот бул иш боюнча угууларын качан баштайт, кайсы күнү экени маалымбы?

- Мен башында айткандай, түрк фирмасынын доо арызы соттук өндүрүшкө алынабы, же алынбайбы деген маселе каралат адегенде. Ал качан каралаары азырынча белгисиз.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG