Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:13

Жер-суу аттарын кыргызчалоо демилгесин көтөрүп чыккан Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Азимжан Ибраимов кызматынан алынды.

Жер-суу аттарын кыргызчалоо демилгесин көтөрүп чыккан Мамлекеттик тил боюнча комиссия төрагасы Азимжан Ибраимов президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен 11-февралда кызматтан алынды. Бул коомчулукта түрдүү пикирлерди, айрымдардын нааразылыгын жаратты.

Ибраимов кызматтан кетишин саясий себептер менен байланыштырууда
Биздин менталитетибиз, кыргыз тилине болгон мамилебиз ушундай да... Кыргыз-орус мамилени бузуп атасыңар, улут аралык ушундай маалда көтөрүп жатасыңар деп...

Президенттин администрациясы Ибраимовдун кызматтан алыныш себептерин айткан жок. Бирок айрым маалыматтарга караганда, Ак үй кыргыз-орус сүйлөшүүлөрү жүрүп, бир топ ири экономикалык, гуманитардык багытта кызматташуу артат деп турган маалда мындай кайрылуу эки өлкө мамилесине зак кетирет деп чочулоодо.

Азимжан Ибраимов өзү кызматтан кетүүсү боюнча “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Жер-суу аттарын кыргызчалоо боюнча кайрылуу менен чыкканбыз. Кыргызча чыкса эч ким көтөрүлбөйт, дымып эле жатканбыз. Орусча которулуп, сайттар ызы-чуу чыгарып жиберди эле, бийлиги да, башкасы да ызы-чуу болуп жатып калды. Биздин менталитетибиз, кыргыз тилине болгон мамилебиз ушундай да. Себеби кыргыз-орус мамилени бузуп атасыңар, улут аралык ушундай маалда көтөрүп жатасыңар деп.

Комиссия тараткан кайрылууда “алыс барбай, саясий жана маданий ордобуз Бишкек орун алган Сары Өзөн Чүйдүн аймагынан эле 150дөн ашык айыл-кыштактын аты бурмаланып, бузулганын айтсак жетишер. Кыргызды кыргындан куткарып калган Улуу Октябрь, анын даанышман жол башчысы Ленинге байланышкан Совет, Октябрь, Комсомол, Ленин, Карл Маркс, Энгельс, Фрунзе дегендерге көз жумуп койсок да болот. Макул, чоң казатта эрдик көрсөтүп, Советтер Союзунун баатырлары болушкан жердештерибиз генерал Панфилов, Ананьев, Конкин өңдүүлөрдү да тим коёлу”, - деп жазылат. Мындан сырткары Васильевка, Константиновка, Лебединовка, Малиновка, Алексеевка, Ново-Павловка, Ново-Покровка жана башка ондогон орусча аталыштагы аймактарды кыргызчалоого мезгил келгени белгиленет.

Анткен менен коомдук-саясий ишмер, мурунку мамлекетик катчы Осмонакул Ибраимов айрым жерлерге кыргыздын белгилүү адамдарынын атын берип алмаштыруу идеясын колдойт. Бирок дээрлик бардык жер-суу аттарын кыргызчалоо туура болбой калат дейт:

- Жерлердин өзүнүн түпкү аттарын берүү идеясын өнөктүк кылып, аны бир эле отурушта бүт баарын алмаштырып таштоо дегенге мен каршымын. Бирок илгери ата-бабабыздан бери келаткан жер аттарын өзүнө кайра бериш керек. Ошону менен бирге биздин орус эли менен чогуу жашаганыбыз, Орусиянын курамына киргенибиз улуттук тарыхыбыздын бир ажырагыс бөлүгү. Биз аны кесип таштап кутулуп кетели, же такыр өчүрөлү деген туура эмес. Мунун баарын ойлонуштуруп, ылайыктуу жерин алмаштырып, ылайык эмес, элдин аң-сезимине, биздин тарыхка сиңип калган жерлерди алмаштырып кереги жок. Орус тилин жок кылып, түп тамырынан үзүп таштайлы деген эч ким жок.

Улагада калган улуттук тил

Кыргызстанда жер-суу аттарын кыргызчалоо маселеси азыркы, мурунку бийлик учурунда деле чечилбей, керек учурда чоң саясатка айланып келгенин серепчилер белгилеп келишет. Ал эми ушундай демилге көтөргөн кишини кызматтан алуу менен бийлик мамлекеттик тилге болгон мамилесин ачыктады дешет кээ бирлери.
Мамлекеттик тилдин орду жок, начар. Ак үйдүн ичине кире албай сыртында жүрөт, босогодон өтө албай...

Айрымдар муну экономикалык көз карандалыкка да байланыштырууда. Ушундай пикирди кармангандардын бири Казат Акматов. Ал өзү Мамлекетик тил комиссиясын түзүүчүлөрдүн бири. Аталган комиссияда 15 жыл эмгектенген. Ошол жылдары жер аталыштарын которуу маселесинде расмий Москва түз эле кийлигишкен учурлар болгонун айтат.

- Орусияга жалдырап биз көз каранды болуп жатпайбызбы. Орусиядан акча алабыз, грант, жардам алабыз деп көз карандуулуктан айынан келип чыгып аткан маселе бул. Москвадан коңгуроо болду, бул жактан телеграмма кетти. Кара-Кол (Пржевальск) менен Балыкчыны (Рыбачи) өзгөрткөндө аябай чатак болуп, бул жактан телеграмма кетип, Москвадан коңгуроо келип... Бирок Кыргызстан жаңы эгемендик алып, улуттук баалуулуктар үчүн эл көтөрүлүп турган кези болчу. Ошонун күүсү менен эки шаарды алмаштырып алдык. Андан кийин орустар аябай күчөдү.

Казат Акматов учурда мамлекеттик тил алигүнчө ордун таба элек деп эсептейт:

- Мамлекеттик тилдин орду жок, начар. Каражат бөлбөйт. Ак үйдүн ичине кире албайт мамлекеттик тил. Сыртында жүрөт, босогодон өтө албай. Кез-кезде гана чоңдордун өзүнө керек болгондо кыргызча сүйлөп калышат, кыргыздардын добушун алыш үчүн.

Ал ортодо Жалал-Абад областтык тил комиссиясы “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгып, элдин талкуусуна коюу сунушу менен чыкты. Анда кыргыз тили ушул күнгө чейин мамлекеттик тилге айлана албай келе жатканы айтылып, толгон беренелер орус тилине мыйзамдык негизде үстөмдүк кылуу шартын түзүп бергендиги белгиленет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG