Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

В.Ландсбергис: Коммунизм эч качан жеңилген эмес


Витаутас Ландсбергис
Витаутас Ландсбергис

Литва – Советтер Союзунан көзкарандылыгын жарыялаган алгачкы мамлекет. Андан бери 20 жыл өткөнүнө карабай, Литва азырга чейин коммунизмдин калдыктары менен күрөшүн токтото элек. Мамлекеттин Советтер союзунан кийинки алгачкы башчысы Витаутас Ландсбергистин айтымында, Борбордук жана Чыгыш Европада совет доорундагы кылмыштар боюнча мунаса бар.

Ал “Азаттыктын” кабарчысы Клэр Биггдин суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Постсоветтик бир топ мамлекеттердей эле Литва да 1990-жылдардын башында “люстрация” (же “тазалоо”) саясатын жүргүзүп, коммунисттер менен иштешкендерди жогорку кызматтардан ала баштаган. Сиз өзүңүздүн мамлекетте бул саясатты жүргүзүүдө кандай роль ойнодуңуз?

Витаутас Ландсбергис: Мен президент болуп турганда реформа эми эле башталган. Биз “люстрация саясатынын” Чехославакияда жүргүзүлгөн моделин өзүбүзгө үлгү катары алып, анын долбоорун даярдадык. Бирок парламенттеги солчул күчтөр буга каршылык көрсөтүштү. Барган сайын алар ортомчулдарды да өзүнө алып, “тазалоо саясатын” токтотуп коюшту. Ал кезде менин бийлик башында турганым эч нерсени өзгөртө албан жок. Парламенттик республикада депутаттар пара берип, жаңы көпчүлүктү түзүп коюшу мүмкүн.

“Азаттык”: Параны ким берген?

Витаутас Ландсбергис: Мурдагы күчтөр, мурдагы режим.

“Азаттык”: Демек, Литвада азырга чейин коммунизмдин тушунда жасалган кылмыштар боюнча бир ой жок деп жатасызбы?

Витаутас Ландсбергис: Бир пикир жок. Коммунисттик мурасы бар мамлекетте мунаса болбойт. Ал азырга чейин бөлүнүп-жарылууда.

“Азаттык”: Коммунисттик доордогу саясатчылар, соттор жана атайын кызматтын өкүлдөрү азыр каякта? Алар азыр да Литванын саясий турмушуна аралашып жатышабы же бийликтен четтетилишкенби?

Витаутас Ландсбергис: Биз аларга айрым чектөөлөрдү киргизгенбиз. Бирок ошол чектөөлөрдүн өзүндө да кемтиктер бар. Ошолордон пайдаланып жатышат.

“Азаттык”: Эмне үчүн Литвада Экинчи дүйнөлүк согушта жасалган кылмыштар боюнча ал учурдагы бийлик ээлерин сот жообуна тартууга аракет болгон жок?

Витаутас Ландсбергис: Анткени коммунисттик өлкөлөрдө коммунизм эч качан жок кылынган эмес. Аларда мурдагыдан калган кара такты жууп-тазалоого максат болбоду.

“Азаттык”: Ушул өңдүү сот иштери Литвага жана региондогу башка мамлекеттерге коммунизмдин калдыктары менен эсептешүүгө жардам болот деп ойлойсузбу?

Витаутас Ландсбергис: Кеп биз жөнүндө эмес, дегеле акыйкаттуулук жөнүндө болуп жатат. Акыйкаттык болбосо, элдер сотко, адилеттүүлүккө ишенбей калышат. Алар демократияга көңүлү толбой, мамлекеттик саясат менен макул болбой жатышат. Анткени бийлик башында ошол эле адамдар турушат же алардын таасири дале жогору бойдон калууда.

“Азаттык”: Литва эми эле эгемендикке жетишкен алгачкы мезгилди азыр эстесеңиз, ошол учурда кээ бир иштерди башкачараак жасасам болмок экен деп ойлоп калбайсызбы?

Витаутас Ландсбергис: Мен саясий коррупция боюнча маселеде этиятыраак болмокмун. Ал кезде адамдардын абийирине, намысына көбүрөөк ишенген экем. Көрсө баары эле ага татыктуу эмес тура.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG